Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:14

Эшиктен чыгып кайра терезеден кирүүнүн амалы


Өткөөл мезгил президенти Р.Отунбаева
Өткөөл мезгил президенти Р.Отунбаева

Убактылуу өкмөттүн кезектеги жыйынында өзгөчө талаш чакырган маселе парламенттик шайлоого кызматты таштап кетүү-кетпөө жайында болду. Айрым өкмөт мүчөлөрү шайлоого кызматын таштап барууну эп көрсө, калгандары көпчүлүктүн көңүлү үчүн жаңы бийлик келгенче отурган ордун таштабастыгын айтып чыгышты.

Экинчи бирөөлөрү үй-бүлөлүк режимди биротоло тукум курут кылыш үчүн шайлоого куралчан жансакчыларды ээрчитип, камдуу барууну туура көрүшөрүн билдиришти.

Кетем-кетпейм, барам-барбайм икаясы

Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн жыйынында Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков айрым кесиптештери кабинеттик оюндар менен көбүрөөк алектенип жатышканын, андайлардын бир-экөөнүн мисалын айтып бере тургандыгын билдирди. Ал өзү жокто Убактылуу өкмөт башчысына Өткөөл мезгил президентинин милдетин жүктөп коюшканына нааразы экенин деле жашырган жок. “Менин добушум жок анда, эмне үчүн кабыл аласыңар мен жокто?” деп И.Исаковдун нааразы болгонуна караганда, айрым кесиптештеринин чет өлкөлөргө байма-бай каттап, калгандарынын Бишкекте кызмат бөлүштүрүү менен көбүрөөк алектенишкенине кыязы, ичи чыкпаган окшойт.

- Тияк-биякта чуркап жүрөбүз. Элди тынчтыкка, стабилдүүлүккө чакырып. А кээ бирлерибиз бул жерде отурп алып уруп атабыз, каалагандай кылып. Ошонун негизинде мен айта турган сөздөр көп.

Андай сөздөрдүн кыйласы референдумдан кийин келчү күзгү парламенттик шайлоого Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн кызматын таштап баруусу керекпи же жокпу маселеси козголгондо арбын айтылды. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү А.Эркебаев менен Т.Тургуналиев айрым кесиптештери экиден-үчтөн “жип” машинелерди минип, алды-артына жансакчыларды коюп, өзгөчө шаан-шөкөт менен жүрүшкөнүн мисалга тартып, бийлик өкүлдөрү жупуну болушун эскертишти.

- Эл нааразычылыгы абдан көп болуп атат чынында эле. Эгерде Убактылуу өкмөт чындап кысымсыз, таза шайлоо өткөрөм десе, эч кандай партиялык диктат, административдик ресурс болбош керек. Мен чакырар элем. Референдумдан кийин Роза Исаковна шайланат. Бүт баары бу кишиге мүмкүндүк берип, шайлоого катышам дегендин баары ушу референдум өткөндөн кийин кетиш керек.

Айтыла түшчү сөз эле

А.Эркебаев кыйладан бери тил учунда келген кытыгылуу маселенин так үстүнөн чыкканын Т.Тургуналиев да колдоп, өкмөт мүчөлөрү сөзсүз кызматын таштап кетиши керектигин билдирди.

- Токто-токто, сен эшиктен чыгып анан кайра терезеден кирип атпайсыңбы. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары калабыз деп атасың. Эртең эле анда бүт баарыбызды, мисалы, мен барар-барбасымды али билбейм, анда барам дегендер тууралуу элдин арасында эмне деген сөз болот?

Кызматын таштабастан парламенттик шайлоого катыша тургандыгын Убактылуу өкмөт башчынын эки орунбасары А.Бекназаров менен Т.Сариев ырасташты. Анын себеп-жөнүн Т.Сариев мындайча түшүндүрдү.

- Биз жанагы кызматтын баарын тапшырабыз. Бирок, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары он төртүбүз калабыз. Эртең кырдаал курчуп кетсе ким чечим кабыл алат? А Роза Исаковнага биз өкмөттүн, анан президенттин ыйгарым укуктарын бердик. А парламенттин укуктарын 14 киши алганбыз. Ошон үчүн бул жерге жазып коюш керек, биз кала беребиз.

А.Бекназаров негизги максаты катары үй-бүлөлүк башкарууну түп-тамырынан жулуп ыргытыш экенин ырастап, аны аягына чыгармайын кызматтан кетүү жөнүндө сөз болбостугун эскертти.

- Ал системаны түп-тамырынан жок кылыш үчүн биз парламентти да түзүп, уткан партияга өткөрүп бериш, анан кетиш. Эртең жаңы Конституциянын долбоорун алып койсо эле кетип калыш деген бул чоң согуштан жолдон чыга качуу дегенге барабар.

Эмкиси Убактылуу өкмөт эмес, саясий бюро - политбюро

Ошентип өздөрү жоюп салган парламенттин өкүлү милдетин алууга куштар Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнө дагы жумуш табыларын Өткөөл мезгил президенти Р.Отунбаева баса белгиледи.

- Эми кандайдыр бир саясий кеңеш, демек саясий бюро сыяктуу кала бересиңер. Антпесе силердин ордуңарда техникалык иштерди аткарчу министрлер калат.

Мурда оппозиция кезинде бийлик өкүлдөрүнөн шайлоого талапкер болуп катышкандар кызматын сөзсүз таштап кетишин талап кылып келген Убактылуу өкмөт мүчөлөрү эми өлкө кысталыш кырдаалда турган чагында шайлоо үгүтүн саясий бюро мүчөсү катары жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алышууда. А.Бекназаров шайлоого катышчу өкмөт мүчөлөрү жанына куралдуу жансакчыларын ала жүрүшү керектигин эскертти.

XS
SM
MD
LG