Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

ӨКМ:Учак кулаган жерге төгүлгөн керосин тазаланды


Авиакырсык.
Авиакырсык.

“Манас” аэропортунун жанындагы Дача СУ айылынын жанындагы учак кулаган жерде керосиндин саркындысы калган жок. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кулаган учактагы керосиндин бир бөлүгү толук күйүп, калган 100 литрге жакын май техникалык эрежелерге ылайык куюлуп алынган. Буга байланыштуу аталган аймакта айрым тургундардын керосинге ууланды деген маалыматты министрлик четке кагууда.

Учак кырсыгынын кесепетинен керосин жана иске ууланды деген беш бала Бишкектеги №3 балдар ооруканасына жаткырылган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG