Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Саясат санаасы: ким менен кандай мамиле түзүү жоопкерчилиги


Бийликтин кезектеги алмашуусу
Бийликтин кезектеги алмашуусу

Мурдагы бийлик тушунда көп векторлуу тышкы саясат тууралуу арбын кеп болчу. Айтылган сөз менен жасалган иштин ортосундагы олчойгон айырманы жоюу зарылдыгын 7-апрелдеги окуялар кашкайта көрсөттү окшойт.

«Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусу Кыргызстандын тышкы саясатына арналат. Ага мурдагы тышкы иштер министри, «Акыйкат үчүн» кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов менен эларалык эксперт Кубан Өмүралиев катышат.

Дымактуу тышкы саясаттын натыйжасы

- Аликбек мырза, мурдагы бийликтин «көп векторлуу тышкы саясатынын» натыйжасы кандай болгонун азыр көрүп жатабыз. Ал саясат эмнесинен аксады?

Аликбек Жекшенкулов: - Ачык айтканда, кийинки эки-үч жылда Кыргызстанда тышкы саясат жүрбөй калган. Бизде кооптонтчу маселелер аябай көп. Чек ара же ички саясатыбызды алалыбы, экономика, инвестициялык саясат – бардык маселелер боюнча кылдат эсептеген так чечим кабыл алыш керек. Тышкы саясат концепциясын жазып атканда биз прагматикалык иш жүргүзүшүбүз керектигин белгилегенбиз. Бирок ал ишке ашпай калды. К.Бакиевдин бийлиги убактылуу кызыкчылык боло калса ошо жакка тартып, кылтыңдап жүрүп өлкөнүн эларалык аброюн өтө төмөнгө түшүрүп жиберишти. Чоң өлкөлөрдүн таасирин күчөтүү аракети мыйзамченемдүү нерсе. Совет бийлиги кулагандан кийин бир түстүү дүйнө, көп түстүү дүйнө түшүнүктөрү пайда болду. Мунун айланасындагы талаштардын айынан көп маселелер чечилбей келген. Бирок дүйнөлүк экономикалык кризистен кийин ал өзүнөн-өзү эле калыпка түшүп калды. Бир өлкөнүн жалпы дүйнөлүк маселелерди жалгыз өзүнүн чечиши мүмкүн эмес экен. Андан кийин өнүккөн 7 өлкө, 8 өлкө, анан соңунда 20 өлкө деп чогулуп атышат. Мына ушул көп түстүү, көп түрдүү мамлекеттер арасында Кыргызстандын орду кандай? Бизди 3-4 ири мамлекеттерден башка деле көп өлкөлөр араб дүйнөсү, Индия мамлекети карап турат. Мен 7-апрелди элдик ыңкылап деп эсептейм. Кыргызстан келечеги үчүн патриот жаштар өз өмүрлөрүн кыйышты. Бул бир четинен чоң трагедия, экинчи жагынан келечекке ачылган чоң жол.

- Кубан мырза, өлкө кызыкчылыгын коргогон прагматикалык саясат зарылдыгы айтылды. Бул өзү кандай саясат?

Кубан Өмүралиев: - Чоң-кичине өлкөлөрдүн тышкы саясатынын негизги принциптери болот. Адам укугу, анын коопсуздугу, экинчиси мамлекет коопсуздугу. Мамлекеттин көз карандысыздыгы. Ушул үч принципти кармап дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекеттер тышкы саясатын жүргүзүшөт. Биздин чөлкөмдө үч чоң өлкө Америка, Орусия, Кытайдын таасири чоң. Чоң өлкөлөрдүн өзүнчө чоң саясий оюндары бар. Алардын ички ишине кийлигише турган бизде кудурет деле жок. Кыргызстандын тышкы иштеринин көп тараптуу тышкы саясаты боюнча концепциясы да бар. Ал бекилген. Ошонун негизинде иш жүрсө болмок. Бирок кагаз жүзүндө иш жүзүндө эки ачакейлик болуп, анын натыйжасында жанагындай нерселер чыгып кетти.

Араба - бийикке, ат - ылдыйга

- Аликбек мырза, Убактылуу өкмөткө бир тарабы Батышка, экинчиси Орусияга ылым санаган саясатчылар тобу келгени айтылууда. Орусиянын президенти Кыргызстан мамлекеттүүлүгүнөн ажырап калыш коркунучуна капталып калганын айтты. Анан да Орусиянын Кыргызстанга мамилесинде кескин дегидей өзгөрүү байкалды. Ал эмнеге байланыштуу болууда?

Аликбек Жекшенкулов: - Менин оюмча, аркыл көз караштагы саясатчылар Убактылуу өкмөткө кирди. Бирок алар өздөрүнүн жеке көз караштарын элге таңуулабаш керек. Эл өзү чечиш керек. Базаны айтып атпайсызбы. Аны бир киши же бир топ чечпеши керек. Ачык айтканда, аны азыркы Убактылуу өкмөттүн чечишке укугу да жок. Анын үстүнө өкмөттүн легитимдүүлүгү элде жана коомчулукта чоң суроолорду жаратат. Совет доорунан эле биз кызылдар-актар, ал эми А.Акаевдин тушунда акаевчилер жана башкалар деп бөлгөнгө көнгөнбүз. К.Бакиевдин доорунда деле ошондой болгон. Колдосоң - жакшысың, колдобосоң -душманысың. Ушундай көз караштан кутулуш керек. Ошол эле Орусия, АКШ же Кытай болобу биздин кичине мамлекет чындыкты сүйлөш керек. Кандай маселелер турганын ачык айтыш зарыл. Орусиянын ордун мисалы, АКШ толуктай албайт. Мисалы, Орусияда жарым миллион кыргыздар жүрөт. Кыргызстандын эки бюджетине тете акча алып келет. Канча кишини багып атат? Муну эсепке эмне үчүн албайбыз? АКШда жаштарыбыз окуп жүрөт. Кытай боюнча экономикалык алака-катышыбыз бар. Орто жана чакан бизнес бүт ошону менен оокат кылып жатат. Иши кылып ар бир мамлекет менен биздин кызыкчылыгыбызды тактап чыгыш керек. Аны таразага салсаң өзү эле көрүнөт. Анан бүгүнкү күндө алардын бирөөнө жагынып барсаң алар деле байкап турат. Үчөөнүн тең атайын кызматтары аябай кыйын. Ким кандай саясат жүргүзүп, эл аны кандай баалап атканын билип турат. Ошон үчүн биздин ички саясатыбыз оңолмоюнча биз бир да мамлекет менен жакшы мамиле түзө албайбыз. Эгер ички саясатыбыз эл кызыкчылыгы үчүн туруктуу болсо, чоң-кичине болобу башка өлкөлөр тышкы саясатта бизди сыйлайт. Эгер башаламандык болуп, бүгүн бирди, кийин башканы айта берсек эч ким бизди сыйлабайт. Орусия президентинин айтканына мен да кошулам. Биз азыр өтө кооптуу жагдайга келдик. Мына менин түштүктөгү досторум саясий элита жыйнаган байлыгын сактап калыш үчүн элди козголоп атышканын айтышууда. Бул жакта болсо А.Акаевдин, К.Бакиевдин убагында өзүн ойлогон, өз оокатын ойлогон чоңдор тигинтиш керек, минтиш керек деп элди козголоп атышат. Муну токтотуш керек. Кыргыз түндүксүз-түштүксүз жашай албайт. Эгер муну түшүнбөй, мамлекеттигибизди жоготуп алсак, келечегибиз кыйын абалга капталат. Убактылуу өкмөттөгүлөр өтө чоң жоопкерчиликте. Ошон үчүн ойлонуп, баарын таразага салып, так иштеши керек.

- Кубан мырза, АКШнын өзүндө аскердик базаны сактап калыш үчүн Кыргызстанда адам укугунун бузулушу, демократиядан четтеп кетүүлөргө көз жумду мамиле кылышканы айтылууда. Ушинтип айтканга негиз барбы?

Кубан Өмүралиев: - Чындыгы бар. Муну жөн-жай байкоочу эмес адам деле көрүп турат. АКШда адам укугуна өзгөчө көңүл бурулат. Тышкы саясатта да ага чоң маани берилет. Мына «Азаттык» үналгысын алалы. АКШ Конгресси тарабынан салык төлөөчүлөрдүн акчасынан каржыланчу бу маалымат каражаты калыбынан жазбай келатат. Туура, мурункудай кысым көрсөтүлбөй калган. А.Акаевдин тушунда Топчуке, анан Феликс Куловдун камалышы, эркин гезиттерге кысым боюнча АКШ Конгрекссине чейин угуу жүргүзүшчү. Ал эми база ачылгандан бери биздин жетекчилик тарабынан да шарт коюлса керек, ушуга бираз ачык айтпай тургула дегендей. Аны кош стандарт деп коюшат. Ал эми «Азаттык», эркин гезиттерди басып чыгаруучу Демократияны колдоо борбору АКШ өз убагында чоң эле салым кошконун айгинелеп турат.

Убактылуу бийликтин убарасы

- Аликбек мырза, жана ички-тышкы саясаттын мамыр-жумур биримдигин айтып кеттиңиз. Ушундан улам сизден азыркы учурдагы ички саясат, Убактылуу өкмөттүн аракети тууралуу пикириңизди сурайын дедим эле.

Аликбек Жекшенкулов: - Кечээ алар менен чогуу жүрүп эми аны сындабай эле турайынчы. Жоопкерчиликти алышкандан кийин буларга мүмкүнчүлүктү бериш керек. Бирок эң негизги эки чоң ката кетиришүүдө. Биринчиси кадр маселеси. Кечээ Чүйдө Убактылуу өкмөттөн бирөө келип бирөөн коет, андан кийин башкасы келип өзүнүкүн коет, иши кылып талаш-тартыш. Районго чейин ушундай жаңжал. Аламан байгедеги улак тартыштай болуп атат. Бапке талаш күчөгөндө иш жүрбөй калат. Бул жагынан өкмөт жаңылыштыкты азыраак кетирсе. Үй-бүлөнүн камчысын чаап келген министр, губернаторлор сөзсүз алмашылышы керек. Ушуга улай эле милицияны коргогум келип атканын айтып койгум келет. Анын кордугун көп көргөнүм менен Акүйдү алып атканда милициянын академиясында окуган жаш балдарды тирүү калкан кылып коюп коюшуптур. Өлүп кетти кээ бирөөлөрү. Министр коюлушу да алмашуу менен өтүп атат. Милиция антип атканда бул жакта криминал күчөп атат. Аны эми болсо полиция кылабыз дегендер чыгууда. Эрте, бул ишке шашылбаш керек. Алгач бийлик тагдырын эл чечип алсын. Анан кийин реформалар жүрө берсин. Экономика жаатындагы катачылык эсептердин жабылып калышы. Үй-бүлөгө тиешелүү чоң эсептердин жабылышын түшүнөбүз. Орто, чакан ишкерлер кыйналууда. Анан жеке менчик маселеси кандай чечилет? Ага биздин өлкөнүн эртеңки келечеги көз каранды. К.Бакиевдин катасын дагыле кайталап атышат. Баары күйүп талкаланып атса салыкты чогултууну абыдан көбөйтөбүз дешкендери. Кантип көбөйтөбүз?

- Кубан мырза, кайсы иштер жакшы жасалбай жатат? Үстүрт болуп атат?

Кубан Өмүралиев: - Убактылуу өкмөт жетекчилеринин ушинтип жоопкерчиликти алып иштеп атканына ырахмат дешибиз керек. Анан кетип аткан кемчиликтерди алар өздөрү деле моюнуна алып атышат. Кадрдык башаламандык деп айтылып атпайбы. Анан 2 жума ичиндеги маанилүү маселе адамдардын коопсуздугу, андан соң жеке менчик коопсуздугу болууда. Азыр Казакстан менен Өзбекстан чек арасы жабык турат. Кошуналар менен мамилени жакшы жүргүзүшүбүз зарыл. Чек аранын жабык турушу экономикага оорчулук тийгизүүдө.

- Анда эмесе кебибизди жыйынтыктасак. Сиздерге чоң ырахмат!

XS
SM
MD
LG