Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Өкмөт деген өкмөт


Ош шаары, 27-июнь, 2010-жыл.
Ош шаары, 27-июнь, 2010-жыл.

Парламенттик шайлоо жакындаганы Убактылуу өкмөттүн биртоп мүчөлөрү кызматын таштап кетишти. Жаңы орундарды ээлеген «техникалык өкмөт» алдыдагы үч айда өлкө экономикасын кургуйга кулап кетүүдөн сактап, кыш камылгасын көрүп, Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү иштерин башташы керек.

«Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусунун катышуучулары саясат таануучу Айдарбек Көчкүнов, «Айкөл эл» партиясынын жетекчиси Эдил Байсалов жаңыланган аткаруу бийлиги тууралуу ой бөлүшөт.

“Убактылуубу”, “техникалыкпы” иштеп берсе болду

- Айдарбек мырза, “бу техникалык өкмөт” мурдагы бийликтин адамдары, эскилер кайра эле келишти, деген сөз айтылып жатат. Жаңы өкмөттө жаңы адамдар жокпу?

Айдарбек Көчкүнов: - Мурда А.Акаев, К.Бакиевдин тушунда иштеген адамдар “техникалык өкмөткө” келишти. Кадр жетишпестиги деген бар экен. Анан үч айда өтөле чоң иштердин жасалып кетиши күмөн. Бирок бу “техникалык өкмөт” алдындагы максат-милдеттерди аткара алат деп ойлойм.

- Эдил мырза, “техникалык өкмөткө” белгилүү министрлер, белгилүү инсандар келишти. Мунун себеби эмнеге байланыштуу болду, деп ойлойсуз?

Эдил Байсалов:
- Оппозиция канча жылдар мурунку бийлик үчүн күрөшүп келсе да, жаштар арасынан татыктууларын таба алышкан жок. Техникалык дегенибиз менен бул өзү саясий эле өкмөт. 100 күнгө чейин ушу кишилер жетектешет. Жаңы өкмөт мүчөлөрү мурунку бийликте иштеп келген адамдар. Кадр жагынан биз азыр деле А.Акаев эмес мурунку компартиянын номенклатурасынан чыга элекпиз. Партиялык мектептен өткөндөр эле карта сымал улам алмашылып, бирок кетпестен иштеп келе жатышат. Азыр чоң саясий фигуралардын кереги деле жок болчу. Мурдагы орунбасарларын эле коюп койсо жарашмак. Максим Бакиев менен Айдар Акаевдер каалаганын жасап, тайраңдап жүрүшкөндө унчукпай аларга шарт түзүп бергендерди дагы бийликке алып келишкени бир караганда уят эле нерсе. “Атамекен”, СДПК, “Акшумкар” партияларынын жетекчилери канчалык көкүрөгүн койгулап, мактанышпасын кадр жагынан алар бийликке даярдыксыз келишкенин ушул өкмөттүн түзүлүшү көрсөтүп турат.

Экономиканы эстен чыгарбайлы, эй

- Убактылуу өкмөттүн мүчүлүштүгү катары анын экономикалык маселелерге келгенде “ташыркап” калары айтылып келген. Айдарбек мырза, ошол кенемтени “техникалык өкмөт” толтура алабы?

Айдарбек Көчкүнов:
- “Техникалык өкмөт” батыл экономикалык иш-аракеттерди жасап иет деп айтыш деле кыйын. Анын үстүнө Эдил туура айтат. Булар элге таанымал кишилер болгону менен өз алдынча чечим кабыл алып, өзүнүн позициясын такай коргоп келген саясий фигуралар эмес. Көрсөтмө, буйрук менен иштөөгө көнүп калган бул жетекчилерден үч айдын ичинде жаңы долбоорлорду ишке ашырып ийишине ишениш кыйын. Бирок булардын буга чейин башталып калган иштерди аягына чыгаруу үчүн көзөмөлдөөгө кудуреттери жетет. Анан булардын буга чейин сакталып тургандарды бүлүнтпөй кармап турууга да кудурети жетет. Кадр жетишсиздиги ушинтип көрүнүп атпайбы.

- Эдил мырза, “техникалык өкмөттүн” үч ай ичинде экономикалык кескин кадамдарды жасоого убакты-сааты жетишеби?

Эдил Байсалов: - Бул өкмөттүн негизги милдети таза, ачык, калыс шайлоону өткөрүп берүү. Кандуу окуялар кайталанбас үчүн коопсуздук шарттарын түзүш керек. Үйсүз калган элибизге кам көрүш керек. Бийликти аманат катары кармап турган өкмөтчүлөрдөн реформа талап кылыш туура эмес. Чечкиндүү кадамдарды жасашына буларга уруксат да жок.

- Айдарбек мырза, жаңы өкмөт кыйраган шаар-кыштактарды калыбына келтирүү, кышка камылга көрүү милдетин ишке ашырышы керек. Ушул эки милдетти ишке ашырууга жетиштүү каражат барбы?

Айдарбек Көчкүнов: - Каражат жагынан албетте, проблемалар болот. Анан өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна заңгыраган заманбап үйлөр салынып калышын да азыр айтыш кыйын. Ага карабастан кар түшкөнгө чейин үй-жайсыз калгандарды турак-жай менен камсыз кылыш керек. Кышка даярдык. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, быйыл Токтогулда суу жакшы. Азыр эми электр энергиясын казактарга сатыш керек. Антпесе суу бекерге агып калышы мүмкүн. Анан шаарларды толук калыбына келтирүү бери дегенде 5-6 жылды камтый турган убакытты талап кылат. Ал жерлерге көп кабаттуу заманбап үйлөрдү салыш керек. Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы Сулайман тоосунун этегине да бийик-бийик үйлөрдү сала турган болуп жатышат. Сулайман тоосу архитектуралык табигый эстелик. Ошон үчүн ал жерге бийик үйлөр салынбашы керек. Анан ошол 100 күнгө жумушка келген өкмөт мүчөлөрү мыкты иштешсе, өздөрүн көрсөтүшсө кийин деле жооптуу кызматтарга коюлушат. Антпей аларды мурунку бийликте иштеген деп жерий бербешибиз керек. Бийликке эмес, элге иштегендер деле болгон да.

- Эдил мырза, өтөле жооптуу милдеттер тагылууда. Аны жаңы өкмөттүн аткарышына мүмкүнчүлүгү, жоопкерчилиги жетишеби?

Эдил Байсалов: - Менимче, жетишет. Каражат жагынан эларалык донорлор жардам беришет. Кеп анда эмес. Кеп “техникалык өкмөттүн” коопсуздук чараларын мыкты көрүшүнө жетишүүсүндө болуп жатат. Жаңжалдын күнөкөрлөрүн табуу, аларды жазага тартуу аракеттери көрүлүп жатат. Анан да негизги максат кыргыз-өзбек ортосунда түшүнүүчүлүктү, толеранттуулукту орнотуу болуп турат. Бул ишти өкмөттүн түштүк боюнча өкүлүнө гана жүктөп койбостон, баарылап аракет кылышыбыз зарыл.

- Анда эмес кебибизди жыйынтыктасак, мырзалар ишиңиздерге ийгилик каалайм!

XS
SM
MD
LG