Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Бишкекте мыйзамсыз иштеген беш медресе жабылышы мүмкүн


Бишкектин Свердлов районунда алты диний уюмдун бешөө Дин боюнча мамлекеттик комиссия менен Мусулмандар дин башкармалыгынан каттоодон өткөн эмес. Бул тууралуу ушул аптада жүргүзүлгөн рейдде белгилүү болгонун мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы, жашы жете электер инспекциясы, муфтият, райондук акимчилик жана башка мекемелердин өкүлдөрүнөн куралган атайын комиссия билим берүү менен алектенген диний уюмдарды текшерип чыккан.

Анын жүрүшүндө «Биринчи Кадам», «Абубакир Сыдык», «Муртазали», «Ыйык биримдик» жана «Мускан Торо» медреселери уруксатсыз иштеп келгени аныкталган.

Ошондой эле аталган медреселерде техникалык коопсуздук, тазалык эрежелери сакталбаганы ачыкка чыгып, Свердлов райондук акимчилиги тиешелүү документ алмайынча аларды жабуу өтүнүчү менен Дин комиссиясына, милицияга жана муфтиятка өтүнүч жолдоду. (NT)

XS
SM
MD
LG