Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Референдум сарсанаасы: өкмөт өтөт дейт


Убактылуу өкмөт Өзбекстандагы кыргызстандык качкындар турган жайларга да референдумга добуш берүү уюштуруу үчүн иш-аракеттер башталганын ырастоодо.
Убактылуу өкмөт Өзбекстандагы кыргызстандык качкындар турган жайларга да референдумга добуш берүү уюштуруу үчүн иш-аракеттер башталганын ырастоодо.

Биртоп бейөкмөт уюмдар, саясий партия өкүлдөрү өлкөнүн түштүгүндө кан төгүлүп, көпчүлүк кайгыга батып турганда 27-июнга белгиленген референдумду кийинкиге жылдыруу талабын коюшууда.

Убактылуу өкмөт референдум сөзсүз өтөрүн, атүгүл аны Өзбекстандагы кыргызстандык качкындар турган жерде уюштуруу иш-аракеттери башталганын ырастоодо.

Шашуунун кажаты барбы?

Кандуу калабанын оорчулугу мойнуна түшкөн карапайым калк жарасы карттана электе кезектеги референдумду өткөрүү адамгерчилик жагынан алганда жосунсуз жорук экенин “Курманжан датка” коомдук фондунун жетекчиси Жылдыз Жолдошева белгилеп, олуттуу саясий иш-чараны кийинкиге жылдыруу керектигин айтат.

- Мына 27-июнда референдум өткөрөбүз деп азыркы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү катуу киришип калышты. Мен ойлойм, арасынан бирөө акылдуусу чыгып, ушул балдардын кыркы өткөнчө токтоп турбайлыбы, кыркы өткөндөн кийин өткөрөлү деп балким айтар. Айтпаса анда балдардын, ошончо каза болгон балдардын арбактары алдында булар өмүр бою күнөкөр болуп калышына мен мисалы үчүн ишенeм.

Кагылышта набыт болгондордун кыйласынын сөөгү жерге берилбей, айрым адамдардын дарек-дайыны билинбей жаткан кыйын кырдаалда референдум өткөрүү ылайыксыз экенин “Ак тилек” саясий партия жетекчиси Сабырбек Заиров билдирди.

- Шашып иш кылган негизи жакшы ишке алып келбейт деп ойлойбуз. Мунун баары эле кайра стабилдүүлүктү бузууга алып келет. Кийин түшүнбөстүккө алып келип, кайра эле кырдаалды күчөтөт деп ойлойбуз.

Өткөрбөсө да болбойт

Оштогу жаңжал башталган чактан эл арасында жүргөн Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева жакындарынан ажыраган элдин көбү баш-аягын жыйнай албай турган кезде референдумду кийинирээк өткөрүү туура болот, деген пикирде.

- Анан ушундай кайгылуу учурда элдин жарымын бөлүп салып, силердин мамлекеттин ишине кийлигишке акыңар жок деп, ушундай оор кезде силердин керегиңер жок, силерсиз деле референдумду өткөрөбүз деген туура эмес нерсе.

Токтайым Үмөталиева элдин колдоосу менен бийликке келген Убактылуу өкмөт алдагыдай талапты эске алат болуш керек деген пикирде. Анын айтуусунда, азыркы бийликти мыйзамдуу жолго салыш үчүн 2005-жылы шайланып, эки жылдан кийин таркатылып кеткен парламент чогулуп, президенттик шайлоону белгилеп анан тарап кетсе, өлкөнүн саясий турукташына жол ачылмак.

Кыргызстан башынан кечирип жаткан кысталыш кырдаалда референдум өткөрүүгө ашыкпоого чакыргандар арбый баштаган чакта Убактылуу өкмөт башчынын биринчи орунбасары Алмазбек Атамбаев да маалымат жыйынын чогултуп, аткаруу бийлигинин расмий позициясын ырастады.

- Мына азыр кыркын өткөрөлү, жылдыгын өткөрөлүк деп, мунун бир эле мааниси бар. Референдумду өткөрбөйлүк. Кыргызстан өзүнүн көз карандысыздыгын, өзүнүн азаттыгын жоготсун деген сөз болуп атат да. Ошол эле референдумду өткөрбөйлү деген күчтөр угуп атпайсыңарбы, чет жерден кимдерди алып келип бизди башкарсын деп атышат.

Убактылуу өкмөт чечимине ылайык өзгөчө кырдаал, коменданттык саат жарыяланган жерлерде жашаган калк саны жалпы республикалык шайлоочулардын теңине жетпесе алардын катышуусусуз деле жалпы элдик добуш берүү өткөрүлө берет. Анткен менен А.Атамбаев коменданттык саат киргизилген аймактарда деле референдум өтөөрүн, коопсуздугун ойлоп өзү жашаган мааледен чыккысы келбеген шайлоочуларга үкөктөр алып барыларын, атүгүл ушу тапта Өзбекстанда убактылуу баш калкалап жатышкан кыргызстандык качкындарды референдумга катыштыруу аракети көрүлүп жатканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG