Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Э.Каптагаев: «Бул жерде бираз түшүнбөстүктөр болуп жатат»


Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Э.Каптагаев
Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Э.Каптагаев

Убактылуу өкмөттүн айланасындагы телефон сүйлөшүүлөр чатагы дагыле уланууда. 25-майда өкмөт башчынын 1-орунбасарынын милдетин аткаруучу А.Атамбаев телефон аркылуу жалпыга жарыя болуп кеткен 1 миллион доллар бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынбаганын билдирди.

- Акча жөнүндө, А.Атамбаев 2 миллион доллар бөлүнгөн деп атат. Сиз 1 миллион доллар деп атасыз. Айырмасы.

Эмилбек Каптагаев: - Жок, мен 1 миллион деп айткан жокмун. Биз айтып атабыз, ошол социалдык-саясий кырдаалды, анан жалпы эле коопсуздук маселесин чечүүгө өкмөттүн чечими менен 2 миллион деп бул жерден айтылып калыптыр, буга чейин бул сан айтылган эмес. Биз акча каражатын бөлдүк деп айтып атканбыз. Ал эми жанагындай телефон сүйлөшүүдө ар кандай сумма айтылышы мүмкүн. Ал ошол эле Каржы министрлигине сунушталган. Аларды таап каттап, анан ушу иш-чарага жумшоо боюнча. Аны каяктан кандай табат, ал Каржы министринин иши. Бирок анын булагын да көрсөткөнбүз. Бакиевдер уурдап алып каткан акчаларынан алынган каражаттын эсебинен дегенбиз. Бул жерде менин оюмча бираз түшүнбөстүктөр эле болуп жатат.

Мен кечээ Р.Отунбаеванын тапшырмасы менен документтерди бир сыйра карап чыктым. Ал жерде акча жеп алган, уурдап алган деген шектүү эч нерсе жок. Анын үстүнө ал акчанын баары да жумшала элек. Ошол иштерге четинен гана бериле баштады. Негизинен түштүк жергесиндеги кырдаалды жөнгө салуу, кан төгүүгө жол бербөө, Бакиевдердин жанагында канкор пландарынын ишке ашырылышына тоскоолдук болууга жумшалып атат. Аскер күчтөрү, милиция күчтөрү, башка күчтөрдү мобилизациялоо, ошолордун ары-бери жүрүшүнө, ар кандай профилактикалык иш-чараларды аткарууга кетип атат. Эми муну биз ачык эле айтып атабыз. Бул жерде жашыруун эчтеке жок. Биз ошол 7-апрелде төгүлгөн канды акташыбыз керек. Ошолордун жүгү биздин мойнубузда. Биз кайрадан кан төгүп, ошол төңкөрүштү кайра жасатып, элге алаамат салганга жол бербейбиз. Кандай каражат болсо да биз жумшашыбыз керек. Элдин бейпилдигин, бу элдик жеңишти сакташыбыз керек.

- Кагазды жок кылып коюу. Аны А.Атамбаев да айтып жатат. Ошол жөнүндө эмне деп айтасыз?

Эмилбек Каптагаев: - Эми эмне жөнүндө сөз болуп жатканын атайын караш керек. Ошол айтып аткан, сүйлөшүп аткан кишилер айтыш керек. Эмне маселе жөнүндө сөз болуп атканын. Ал жерде акчаны алып алып документтерди жок кылуу жөнүндө сөз болбошу да мүмкүн. Ал жерде кандайдыр бир башка маселелер, ошон үчүн биринчиден, ошо жазылган тасма толук экспертизадан өтүшү керек. Эгерде сөздүн баш-аягын жулуп ошондой коюп койсо балким, ошол акчаны алып, кагаын жок кылуу эмес, башка эле кагаздар жөнүндө болушу мүмкүн да бул. Мен муну айта албайм. Ан үчүн биз толук ким жазса дагы толук лентаны бериш керек. Ошону чыгарып коюп тамаша кылып, бая элди кагыштырып, мамлекетти бүлгүнгө салып карап отура бербей, ошо ак ниеттен, чын ниеттен жасалган иш болсо мобу элге чыгарып жарыя кылган ошо толук жазылган дискти бериш керек. Мынакей өзүңөр териштирип алгыла деп. Ал эми жанагындай бүдөмүк болуп калган нерсе менен ушунчалык бүлгүн салып аткандын өзү бул, менин оюмча, элге каршы, мамлекетке каршы кыянаттык иш жасаган, кыянаттык ой менен, арам ой менен жасалган иш катары эле көрүп атам. Мындай кырдаалда ушундай кычык иш жасап, ортого от салып, бүлүк салыштын өзү бул кыянаттык. Элдин тилегине, элдин максатына кыянаттык. Азыр элдин баары эле айтып атат. Ой, ынтымак болсо. Өткөөлдөн өтүп алсак, мамлекет тынч турса деп. Ал эми документте турган нерсени жана Темир айткандай, 5 жылдан кийин деле, 10 жылдан кийин деле, бир-эки айдан кийин деле териштирип алса болот. Документке түшкөн, банкта турган акчанын изин жазгырып кетиш мүмкүн эмес.

- Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн арасындагы момундай чатактын чыгышы шайлоо даярдыгы эмеспи?

Эмилбек Каптагаев: - Эми муну ар кандай айтса болот. Ар кандай жагынан карап, жоромолдоп сүйлөсөк болот. Бирок негизи мен да айтып атам. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ортосундагы ушундай мамиле бири-бирине карата катуу, өтө катуу мамиле бул демократиянын түптөлүшүнө негиз берет. Эгерде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү биригип алып, бир сөзгө келип алып, анан ар кандай иштерди жаап-жашырып жасай баштаса анда бизде демократия да болбойт, өнүгүү да болбойт. Менин оюмча, коомчулук муну так, туура түшүнүшү керек. Кайта тескерисинче Убактылуу өкмөттүн башында тургандардын ортосунда ушинтип талапты катуу коюп, болгон маселени ачык айтып чыгып аткандын өзү бул кубаттоого татыктуу нерсе. Биз мамлекеттин жаңы тибине, жаңы багытына өтүп атабыз. Кол сынса жең ичинде, баш жарылса бөрк ичинде дегенден кетип, бардык маселе ачык чечилсин, бири-бирине талап катуу коюлсун деген менин оюмча ушу калыптана баштагандыктын белгиси катары карашыбыз керек.

- Эмилбек мырза, ырахмат, ишиңизге ийгилик болсун!

XS
SM
MD
LG