Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

Эл аралык кризис тобу деген уюм бүгүн Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаал боюнча баяндамасын жарыялады. “Кыргызстандагы талоондор” деген баяндамада июндагы улут аралык кагылыштын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам, чыныгы жана ар тараптуу чаралар көрүлбөсө, зордук-зомбулуктун жаңы айлампасынын кайталануу коркунучу бардыгы белгиленген.

Эл аралык кризис тобунун 30 беттен турган баяндамасында Кыргызстанда апрелде бийликтин алмашуусунан тарта орун алган жараяндардын ар кыл өңүтү жана май менен июндагы окуяларда таасири бар делген адамдар менен топтордун ролу талдоого алынган.

Аталган уюмдун Брюсселдеги баш кеңсесинин өкүлү Эндрю Строехлейн “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде алар баяндамасында “погром” деген терминди эмне үчүн колдонушканын төмөнкүчө чечмеледи:

-Бул - этникалык өзгөчүлүккө негизделген кыянатчылык, чабуул. Ал анык эле өзбектерге каршы багытталган. Зомбулуктун деңгээли чоң болду. Ошон үчүн «погром» деген термин буга туура келет.

Убактылуу өкмөттүн алсыздыгы

Баяндамада “Кыргызстандын түштүгүндө 11-14 июнь күндөрү орун алган зордук - зомбулуктун жана талап -тоноочулуктун натыйжасында жүздөгөн адамдар, негизинен өзбектер каза тапты, 2000ден ашуун имарат, негизинен үйлөр талкаланды, ошондой эле кыргыз жана өзбек калкы ортосундагы ажырым тереңдеди”,- деп айтылат.

Эл аралык кризис тобунун пикиринде, бул 2010- жылдын апрелинде президент Курманбек Бакиевдин режимин кулаткан жана азыр октябрда жалпы элдик шайлоо өткөрүүгө аракеттенип жаткан Убактылуу өкмөттүн эффективдүүлүгүн көргөзө албаганынын дагы бир далили болду.

Жаңы саясий күч

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов өзүнүн колдоочулары уюштурган митингде сүйлөп жатат
Эл аралык кризис тобунун көз карашында, түштүктөгү кыянатчылыктардын эң кооптондурган жана коркунучтуу кесепети борбордук өкмөт өлкөнүн түштүгүнө көзөмөлдү де –факто жоготкондугу. Мындай тыянагына мисал катары аталган уюм Оштун мэри Мелис Мырзакматов азыр түштүктө чечүүчү саясий фигурага айланганын белгилейт. Ал жөнүндө Эл аралык кризис тобу баяндамасында: "Мелис Мырзакматов жаш улутчулардын экстремисттик өнөкөтү бар, кан төгүлгөн учурда саясий күчкө айланган катаал жана чечкиндүү лидери. Ал мурдагыдан кубаттуу болуп калды",- деп жазган. Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин жаңы дайындалган катчысы Марат Иманкулов "Азаттыкттын" кабарчысы менен маегинде ушул эле факторду борбордук бийликтин алсыздыгы катары кароого болбостугуна токтолду:

-Бул бийликтин начардыгын көргөзөт дегенге мен макул эмесмин. Бизде мамлекет бар. Мындай окуялар канча болуп келди. Бирок эми мамлекеттүүлүк, тартип, мунун баары калыптанышы керек. Буга көп аракет кылынышы керек. Ошондой аракеттердин натыйжасында түштүк жергесинде стабилдүүлүк акырындык менен орноп келе жатат.

Баяндамада эгер түштүк борбор көзөмөлдөн тышта кала бере турган болсо буга чейин эле маанилүү фактор болуп келген наркосоода кубатын дагы кеңейтүүсүнүн, бул аймак исламчыл согушкерлер үчүн жагымдуу чөйрөгө тез эле айлануусунун чоң тобокелчилиги бар экендиги да айтылат.

Борбордук бийлик түштүккө көзөмөлдү жоготту деген ырастоолорго айрым жергиликтүү талдоочулар кошулбайт. Бирок алар борбордук бийликтин туруму алсыздыгын жокко чыгарышпайт. Эларалык толеранттуулук Фонду деген уюмдун башкы аналитиги Руслан Ташанов мындай дейт:

-Толук көзөмөлдү жоготту дегенден биз таптакыр алыспыз, минтип айтылышына мен каршымын. Бирок белгилүү бир деңгээлде борбордук бийликтин алсыздыгы байкалат. Буга негизги себептердин бири - борбордук бийликтин түштүктөгү кырдаалга баа бербей туруп, соккур чечимдерди кабыл алуусу.

Жаңы жаңжаал тобокелчилиги


Баяндамада көргөзүлгөндөй, өкмөт тышкы элементтерди, анын ичинде исламчыл согушчан топторду да айыптаганы менен талоондорго мурдагы президент Бакиевдин саясий машинасынын калдыктарынан, уюшкан кылмыштуулук менен наркосоодага тиешеси барлардан тартып, белгилүү саясатчыларга чейин тартылган.

Эл аралык кризис тобу жазгандай, өзбек коомчулугунда аларга каршы талоондор алдын-ала пландалган деген терең ишеним бар экендигине карабай, бул фактылар менен ырасталган жок.

Баяндама авторлорунун көз карашында, аймактагы коопсуздук күчтөрү азыр борборго караганда жергиликтүү лидерлерге баш ийет. Алар июндагы кыянатчылыктарды токтотууда жай аракеттенген же аралашып кеткен.

Коопсуздук кеңештин жаңы дайындалган катчысы Марат Иманкуловдун “Азаттыкка” айтканына караганда, бул маалымат бийлик үчүн жаңылык эмес. Эл аралык уюмдардын буга чейинки баяндамасында да айтылган жана андагы фактылардын чын–бышыгы иликтенет:

-Түштүктө болгон окуяда биздин укук коргоо органдары тарабынан адамдардын укуктары бузулган фактылар болгондугу жөнүндө баяндамалар болгон. Бул биз үчүн абдан актуалдуу маселе. Президенттин көзөмөлүндө турган маселе. Жаңы дайындалган коопсуздук кеңешинин катчысы катары мен дагы көзөмөлгө алып, укук коргоо органдары менен сүйлөшүп жатабыз. Ошол баяндамада көрсөтүлгөндөрдүн фактыларын ар бири боюнча иликтөө жүргүзүп жатабыз.

Кыргызстандын коопсуздук күчтөрүнүн дарегине өзбектерге каршы чабуулдарга эрктүү да, эрксизден да аралашып кеткен деген доомат боюнча буга чейин “Хьюман Райтс Уочт” уюмунун докладында айтылган болчу. Бирок баяндама өлкөдө сын-пикирлер менен кабыл алынды. Атүгүл 7-апрель деген кыймыл БУУнун Бишкектеги кеңсеси астында нааразылык акциясын да өткөргөн.

1990 –жыл менен 2010 –жылдагы кырдаалдын өтө олуттуу айрымасы, Эл аралык кризис тобунун жазгандай, ал кезде кырдаалды турукташтыруу үчүн аймакта ири сандагы советтик аскерлер жайгаштырылгандыгы болчу. Азыр болсо алсызыраак өкмөт олуттуу көйгөйлөргө туш келүүдө, бирок кырдаалды өзү жөндөй аларын билдирүү менен тышкы жардамдан баш тартты. Буга кошумча Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун 52 адамдан турган полициялык кеңешчи тобун жайгаштыруу маселеси создугуп кетти. Бул топтун келишине каршы чыгып жаткандарды Эл аралык кризис тобу “борбордук бийликти алсыратууну” көздөгөн улутчулдар деп атаган.

Бишкекте да өз кеңсеси бар аталган уюм өлкөдө кырдаал татаал, ал эми түштүктө жарылып кетчидей экенин белгилөө менен өкмөт кырдаал нормалдашып жатат дегендей түр көрсөтүүдө де эсептейт. Эл аралык кризис тобунун баяндамасында айтылгандай, Оштун бийликтери өзбектерге каршы жазалоочу саясат жүргүзүп жатат жана көптөгөн байкоочулардын пикиринде, бул жаңы кыянатчылыктардын чыгышын шартоосу мүмкүн. Ага катар эл аралык кризис тобу кыргыз өкмөтүнүн түштүктөгү кыянатчылыктардын себеби менен кесепеттерин жоюуда ыкшоолукту көргөзүп жатканын эске алганда, аймакта дагы бир жарылуунун чыгып кетүү тобокелчилиги жогору деп эсептейт.

Сунуштар

Баяндамасында мына ушундай тыянактарды келтирген Эл аралык кризис тобу Кыргызстандын өкмөтүнө үч , ал эми эл аралык коомчулукка алты сунушун жолдогон. Алардын эң башкысы эл аралык иликтөө жүргүзүү жөнүндө. Уюмдун Брюсселдеги баш кеңсесинин өкүлү Эндрю Строехлейн мындай дейт:

-Бул окуялар боюнча Эл аралык иликтөө жүргүзүүнүн зарылдыгын талап кылган бир эмес, бир нече далилдер бар. Ал кайра кайталанбаш үчүн биз жана аймактын эли ошол окуялар эмне себептен болгонун, ага кимдер жоопкер экенин аңдап, билүүбүз керек.

Эл аралык иликтөө демекчи, ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча чабарманы, Киммо Килюнендин өткөн аптада Кыргызстанда болгон учурунда айтканына караганда, ал жетектеген комиссияны иликтөөнү сентябрда айында баштайт. Эл аралык кризис тобу бул комиссияга БУУнун адам укуктары, ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча мекмелери да катышуусу керек деп эсептейт.

Кризис тобу эл аралык иликтөөдөн тышкары кыргыз өкмөтүн ашкере улутчулдукка каршы чечкиндүү турумун ачык көргөзүүгө, ЕККУнун полиция миссиясы Ошто тез жайгаштырылышына, жаңы кыянатчылыктардын болуп кетүү ыктымалдуулугун азайтыш үчүн аймакта эл аралык гуманитардык уюмдардын, дипломатиялык өкүлдөрдүн болушуна көмөктөшүүгө чакырган.

Ал эми эл аралык коомчулукка болсо түштүктүк кайра куруунун бирдиктүү старатегиясын иштеп чыгууну жана аймакта кеңири мониторинг жүргүзүлүп турушун камсыздоону, борбордук өкмөткө баш ийбөө жана улуттук негиздеги саясатынан баш тартмайынча Ош шаарынын бийлигине эл аралык жардам берилбесин кепилдөөнү, милицияны, сот-укутук системаны рефомалоо боюнча узак мөөнөттүү программага катышууну, Кыргызстандагы баардык этникалык топтордун тең укукта өмүр сүрүшү үчүн негизди издөө жараянын баштоону сунуш кылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG