Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү медиа эксперттер аймактын башкаруучулары интернетти көзөмөлдөөгө ашыгып жатканына тынчсызданышууда.

Нурмат Жумаканов – тажрыйбалуу интернет колдонуучу, Кыргызстандагы белгилүү интернет форумдардын активдүү катышуучусу. Анын пикиринде, Кыргызстанда соңку кездери интернеттеги маалымат агенттиктери да мурдагыдай курч макала жаза албай, бир катар оппозициялык саясатчылар менен байланышуудан качып калышканы байкалууда.

Анын баамында, маалымат агенттиктери эле эмес белгилүү интернет форумдары да курчтугун жоготуп, талкуу төрлөрүндө цензура күчөдү:

- Кыргызстандагы кээ бир белгилүү интернет форумдарда цензура күчөдү. Маселен, ачып карап көрөлү... Мына, жашообуздагы көптөгөн көйгөйлөрдү талкуулаган форумдардын биринде саясат жана коом деген бөлүм бар. Карап көрсөңүз, мурда бул жерде ар кандай пикирлер, сындар, абдан тайманбаган, күчтүү темалар болчу эмес беле. Бул жердеги талкууларга өзүм да көп катышчумун. Азыр болсо андай курчтук жоголуп, талкуу төргө курчураак бир нерсе жазсаң дароо алып салышат же дароо эскертүү беришет.

Статистикалык маалыматтарга ылайык (Internet World Stats) Борбор Азия мамлекеттеринде интернеттин жайылуу көрсөткүчү төмөндөгүдөй: Кыргызстан - 15,6 %, Казакстан - 14,9 %, Тажикстан - 8,2 %, Түркмөнстан - 1,5 %.

Ошол Борбор Азия мамлекеттериндеги медиа эксперттер, укук коргоочулар жана журналисттер күн санап өсүп-өнүгүп аткан интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн, бийликтердин аны көзөмөлдөө аракеттерин талкуулап, Бишкекте чогулушту.

Кыргызстанда буга чейин интернеттеги маалымат каражаттарын мыйзамдуу түрдө маалымат каражаты катары таануу багытында мыйзам долбоор иштелип чыгып, ал коомчулукта кызуу талаш-тартыш жараткан болчу. Анын үстүнө укук коргоочулар, медиа адистери да соңку кездери Кыргызстанда сөз эркиндиги кедеринен кеткенин айтышып, эркин басылмаларды мындай кой - интернет каражаттарына басым күчөгөнүн, ошол себептүү өзүн-өзү цензуралоо күч алганын айтып келатышат.

Өзбекстандык адистер ал жакта абал кыйла оор экенин, салттуу маалымат каражаттарын мындай кой интернет да коопсуздук кызматтары тарабынан катуу көзөмөлдөнүп турарын айтышат. Казакстандык медиа эксперттер да өз өлкөсүндө интернетти көзөмөлдөө багытында аракеттер күч экенин баса белгилешет. Тажикстандык адистердин айтымында, ал жакта Кыргызстандагы сыяктуу мыйзам долбоор көтөрүлүп жатпаса да сөз эркиндиги жаатында абал жакшы эмес. Ошол себептүү Кыргызстандагыдай өрнөк башка өлкөлөргө да жайылып кетпеши үчүн андай мыйзамдын кабыл алынуусуна такыр жол бербөө керек.

Тажикстандагы "Жарандык интернет саясаты" коомдук фондунун директору Мухаммади Ибодуллоев, интернетти маалымат каражаттарына теңеген мыйзам долбоору тууралуу буларды айтат:

- Интернет жөнүндөгү мыйзамды “жүрүп отуруп, бир күнү жарыла турчу бомба” дешет.” Ал мыйзам азыр кабыл алынып калса эч нерсе болбошу деле мүмкүн. Башка мыйзамдардай эле текчеде жата берет. Бирок аны керектүү учурда бийлик колдоно алат. Маселен, коомдук толкундоолор болуп, ошол режим тууралуу талкуулар жарыялана баштаса, өзгөчө шайлоолор маалында ушул мыйзам колдонулушу мүмкүн. Анткени шайлоого байланыштуу интернетти цензуралоо күч алып кетет. Ошол себептүү бул мыйзамга жол бербеш керек.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, бүгүнкү күнү интернетте баш адаштырган түрдүү маалыматтар көбөйүп кетти. Маалымат агенттиктеринде бир эле окуяны түрдүүчө жазып, кайсы бир тарапты далили жок эле катуу сындаган же айыптаган учурлар көп. Андыктан мындай мыйзамдын кабыл алынышы, журналисттердин, интернеттеги маалымат каражаттардын ээлеринин да жоопкерчилигин жогорулатат.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Алишер Сабиров мындай дейт:

- Бул жерде негизи сот органдардын жана бийликтин жоопкерчилиги гана эмес, ошол журналисттин да жоопкерчилиги каралышы керек. Ошол макаланы жазып атканда журналист далилдерге таянышы керек да. Мына акыркы маалыматтарда “Алтын” компаниясы боюнча интернетте 20 киллограмм, бир жерде 40 киллограмм, дагы башка жагында 200 киллограмм алтын тууралуу айтып атышат. Мен мындай маалыматтарды кайдан алып атышат билбейм. Бирок журналист жазып атканда ошолор тууралуу ойлонушу керек.

Адистер заманбап дүйнөдө интернеттин мүмкүнчүлүгү абдан чоң экендигин, аны укук коргоо жаатында, маалыматтарды жайылтууда да кеңири колдонууну улантуу зарылдыгын белгилешет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG