Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Бакиев бийлигин интернет оодардыбы?


Интернеттеги Facebook баракчасы.
Интернеттеги Facebook баракчасы.

Кыргызстандык белгилүү блогчулар, же болбосо интернет аркылуу маалымат тараткан активисттер апрель окуясында интернет чоң роль ойногонун белгилешүүдө. Чынында эле Таласта элдик толкундоо башталып, оппозиция лидерлери камакка алынганда эл реалдуу маалыматты интернеттен гана алууга аргасыз болушту.

Заматта тараган окуя

Апрель окуясында интернет менен чөнтөк телефон чоң роль ойногонуна мен өзүм күбө болдум. Таласта эл көтөрүлүп, мамлекеттик администрация алынганда мамлекеттик сыналгы каналдар “кырдаал тынч” деген маалымат таратышкан менен окуянын чындыгы интернет аркылуу кеңири жайылып жатты.

Ал тургай Таласта чөнтөк телефонго тартылган видеолор ошол эле күнү Орусиянын белдүү сыналгы каналдарынан көрсөтүлүп, Фейсбуук (Facebook), Туиттер (Twitter), Ютюб (видео сайт YouTube) сыяктуу интернет баракчаларда да пайда болду.

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов
- Бакиев бийлиги тарабынан куугунтукталып, Швецияда баш калкалап жүрүп, ыңкылаптан кийин мекенине келген саясатчы. Ал чет өлкөдө жүрүп деле Нарындагы, же башка аймактагы нааразылык иш-чараларын өзүнүн интернет баракчасы аркылуу интернет пайдалануучуларга оперативдүү таратып турган. Байсалов “интернеттин таасири менен Бакиев бийликтен кулады” деп эсептейт:

- Интернет бар үчүн булар кулады. Маселен, Кокон хандыгы учурунда же кийинки Советтер Союзу мезгилинде бийлик гезиттерди же сыналгыларды колго алса коомду көзөмөлдөй алчу. Азыр 21-кылым. Башка ММКларды жапса да адамдар интернет аркылуу маалымат таратып, ой-бөлүшүп, авторитардык режим түзүлбөй турган жагдай бар.

"Интернет Максимге да керек"

Байсалов сыяктуу чет жерде туруп өздүк интернет баракчасы аркылуу Курманбек Бакиевдин бийлигин кескин сындап турган кыргызстандыктар көп болду. Алар: “Ата мекен” партиясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков, экс-депутат Бакыт Бешимов жана 8 жылга эркинен ажыратылган саясатчы Исмаил Исаковдун уулу Руслан Исаков. Үчөө тең АКШда жүрүп Бакиевге маалыматтык чабуул жасашты.
Максим Бакиев


Эми булардын ордун президенттин уулу Максим Бакиев алмаштырды. Ал азыр чет өлкөдө жүрүп http://maksimbakiev.livejournal.com интернет баракчасы аркылуу атасы менен агасынын маектерин жарыялап, убактылуу өкмөттү каралоого өттү. Буга саясатчы Равшан Жээнбеков мындай баа берди:

- Максим Бакиевдин интернет аркылуу чыгып атканы - булар эми түшүндү. Булар эми акыл эстүү боло баштады. Демократияны эми тааныгысы келип атат. Бул - алардын эки жүздүүлүгү. Бакиев өзү да, баласы да түштөн кийин демократия деп кыйкырып атат.

Интернетчилер ашканада гана баатырбы?

Кыргызстанда электр кубатына жана башка коммуналдык кызматтарга баалар көтөрүлүп, оппозиция жанданып, саясий кырдаал курчуй баштаганда бийлик бир катар сын айткан гезиттерди жаап, анын ичинде “Азаттык” үналгысынын да уктурууларын чектеп койгон.

Журналист Адилет Айтикеев интернеттин ролу апрель окуясында күчтүү болгонун мойнуна алганы менен, интернеттин жардамы аркылуу бийлик оодарылды дегенге каршы. Себеби интернетке баш бакпаган, социалдык көйгөйлөрдөн улам кыйналган карапайым адамдар ыңкылап жасады, дейт жаш журналист:

- Интернетти жата калып окуган чөйрө митингге чыкпайт. Алар офисте отуруп алып эле баарын кабардар кылып, аны менен элди башкарам атам деп ойлогондор. Реалдуу турмушта эл гезит окуп, чакырык баракчаларын алып, анан көчөгө чыкты. Элеттик калк үчүн кайдагы интернет, ал эмес облус борборлорунда да интернет жакшы өнүккөн эмес.

Анткен менен апрель окуялары тутанып баштаганда кыргыз бийлиги интернеттен чочулап, аны бир канча саатка жаапты. Бирок интернетти жабууга толук күчү жетпей, Кыргызстандагы кандуу окуя дүйнө коомчулугуна шардана болду.

2005-жылкы ыңкылаптан кийин да экс-президент Аскар Акаев “мен калыс маалыматты интернеттен гана алып жаттым, компьютерим ар дайым жанымда” деп айтканы белгилүү. Эдил Байсаловдун пикиринде азыр деле Курманбек Бакиев жана анын балдары, инилери интернет аркылуу маалымат таратып, интернеттен маалымат алышууда.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG