Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:48

Дубай-Бишкек сапарында “Жундала” аттуу террорчу уюмдун лидери саналган жүргүнчүнүн Иранда кармалышынын айланасында окуялардын өнүгүшү тууралуу Иран таануучу, саясат талдоочу Самат Бекибаев “Азаттыкка” маек курду.

- Абдулмалик Ригинин кармалышынын айланасында азыр түрдүү маалыматтар таратылууда. Кечээ террорчу деп шектелген адамды Кыргызстандын атайын кызматтары коштоп келаткан деген маалымат тарады. Аны Кыргызстандын атайын кызматтары дароо төгүнгө чыгарды. Сиздин баамыңызда, бул чындыгында эле болгон окуяларга комментарий болуп атабы, же маалымат согушу жүрүүдөбү?

Самат Бекибаев: Бул расмий маалымат деп айтууга кыйын. Себеби Иран тарап да бир булактардан деп айтышты. Кандай булак экенин алар да тактап айткан жок. Биздин Коопсуздук кызмат тарап да муну жакшылап талдап бербей жатышат.

Иран булактарынан чыккан маалыматта “Абдулмалик Ригини коштоп келаткан” деп айтылат. Бирок азыр муну айтуу кыйын, чындап эле коштоп келатканбы, коштоп келаткан болсо ким – бул тууралуу биз тараптан да, Иран тараптан да маалыматтар жок. Анан кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга да азырынча эрте деп ойлойм.

- Тышкы иштер министрлиги кармалгандар Кыргызстандын учагынын ичинен кармалган эмес деп билдиришкен. Буга карата сиздин пикириңиз кандай?

Самат Бекибаев: Азыр кармалды, кармалган жок деп шектеп каралоо кыйын. Себеби азыр бардык ММКларда бул маалымат тарады, көрүнүп турат, биздин Тышкы иштер министрлиги четке какпаш керек. Себеби маалыматка таянсак, Кыргызстандын Ирандагы элчилиги буга реакция жасады, өзгөчө Ирандагы элчибиз Медеткан Шеримкуловдун Иран тышкы иштер өкүлчүлүктөрү менен болгон сөзүндө бул иш, окуя боюнча сөз жүргөн. Ага таянсак Кыргызстандын учагы Ирандын Бендеребад шаарында төрт сааттка жакын кармалган, андагы эки чет өлкөнүн жараны чындап эле түшүрүлгөн.

- Азыр айрым талдоочулар айтып атышат, Иран менен Америка ортосундагы пикир келишпестикте Кыргызстан транзиттик аймак катары пайдаланылып атат. Бул эки мамлекет Кыргызстанды пайдаланып атышат деген пикирлер айтылууда. Сиздин пикириңиз кандай?

Самат Бекибаев: Мындай маалымат да болгон. Бул бүгүнкү эле маалымат эмес. Себеби “Манас” базасын кетиребиз деген убакта чоң чыр болгон. Ооба, чын эле бул “Манас” базасы чындап эле америкалык тышкы чалгындоо кандайдыр бир кызматтарынын борбору деп да айтылган. Орустарда, Батышта да мындай сөздөр айтылган.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG