Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:27

Иран окуясынын Кыргызстандагы жаңырыгы


Иран Кыргызстандын учагынан түшүрүп калган Абдулмалик Риги

Иран Кыргызстандын учагынан түшүрүп калган Абдулмалик Риги

Ирандын аскерий учактары “Дубай - Бишкек” сапарында келаткан «Кыргызстан» авиакомпаниясынын “Боинг-737” учагын 23-февралда Бендер е Аббас шаарындагы аба майданына күч менен кондуруп, андан террорчу деп шектелген эки жүргүнчүнү түшүрүп калды. Бул окуя эл аралык деңгээлдеги териштирүүлөргө жем таштаган аптанын олуттуу окуясы болду.

Учакты токтотуудан кыргыз тарап кандай чыгым тартты?

“Дубай - Бишкек” сапарындагы жүргүнчүлөр жана алардын милдетин алган “Кыргызстан” авиакомпаниясы үчүн 23-февралда Иран бийлигинин учакты күч менен токтотуусу күтүүсүз болду. Расмий Ирандын билдиргенине караганда буга суннилердин террордук-экстремисттик “Жундала”(“Алланын аскерлери”) уюмунун лидери саналган Абдулмалик Ригинин учакта болушу негиз берди. Анын жанында кошо кармалган шектүү адам ким экендиги беймаалым бойдон калууда. Айрым маалыматтарда террорчу деп шектелген адамды кармоо операциясына даярдык үчүн төрт-беш ай сарпталганын да жазып чыгышты.
Абдулмалик Риги

Иран өзүнүн аракеттери үчүн Кыргызстандан кечирим сурап, болгон кызматтарын көрсөткөнүн “Азаттыкка” “Кыргызстан” авиакомпаниясынын вице-президенти Таалайбек Турумбеков маалымдады:

- Алар башында эле кечирим сурашты, желдеткич, суу менен камсыз кылып, кечирим сурашты, түшүндүрүштү ушундай маселелер боюнча тиги кишилерди алып калабыз деп. Анан май куюп берип, жөнөттү.

Турумбековдун билдиргенине караганда, “Кыргызстан” авиакомпаниясына моралдык, материалдык зыян келтирилген жок. Төрт саат убакыт короткону гана болбосо жана ал “Дубай - Бишкек” сапарында Кыргызстанга жеткирилген 117 жүргүнчү да эч кандай доомат арткан жок. Бул аралыкта Орусиянын маалымат булактары жүргүнчүлөрдүн дагы төртөөнү Бишкектин атайын кызматтары кармады деп жазып чыгышты. Бирок мындай маалыматты “Кыргызстан” авиакомпаниясы төгүндөп, Иранда кармалган экөөнүн жанында отурган төрт жүргүнчү менен атайын кызматкерлер учактын ичинде гана маек жүргүзгөндүгүн, эч кандай кармап, камоо болбогондугун тастыктады.

Расмий Бишкек унчуга элек

Лондондогу эл аралык коопсуздук жана коргонуу маселелерин иликтеген “Жэйнс” борборунун эксперти Жереми Бинни Ирандын бийликтери асманда учуп бараткан коммерциялык каттамды мажбурлап токтоткону буга чейин болуп көрбөгөнүн айтат. Ошентсе да Кыргызстан же башка бир өлкөлөр буга байланыштуу ызы-чуу көтөрөөрү күмөн дейт талдоочу:

- Биз окуя кандай болгонун так билбейбиз. Ирандын атайын күчтөрү учактын ичин текшерип-тинтип, эки кишинин кармап кеткен маалда агрессивдүү алып жүрүштүбү өзүлөрүн, деги ал жердеги башка жүргүнчүлөрүн өзүлөрүн кандай сезишти – мунун баары дайынсыз азырынча. Ошентсе да, кимдир-бирөө азыр Иран жолдо бараткан учакты токтоткону эмнеси деп ызы-чуу чыгарат деп ойлобойм. Анткени Ирандын бийликтери АКШ, Британия Ирандагы козголоңчул күчтөргө колдоо көрсөтөт деп айыптап жатпайбы.

Расмий Тегеран алгачкы күндөрдөгү мындай айыптоого кошумча дагы жума күнү террорчу деп кармалган эки адамдын бири Абдулмалик Риги атайын кызматтарга көрсөтмө берип жаткандыгы тууралуу маалымат таратты. Маалыматка караганда Риги Бишкекке Кыргызстандагы АКШнын транзиттик базасындагы жооптуу кызматкерлер менен жолугушуу максатында бараткандыгын тастыктаган. Мындай маалыматты расмий Вашингтон караманча төгүндөдү. Ал эми АКШнын Кыргызстандагы транзиттик борбору суннилердин террордук экстремисттик уюмуна да, анын лидери деп саналып, Иранда кармалган жүргүнчүгө да эч кандай тиешеси жогун билдирген болчу.


Расмий Бишкек болсо чынында эле акыркы төрт-беш күн аралыгында эч кандай билдирүү жасаган жок. Мунун жөнүн жергиликтүү талдоочулар ар башкача жоруп жатышат. Маселен, көз карандысыз талдоо-иликтөө борборунун директору Кадыр Маликовдун пикиринде:


- Иран өзүнүн улуттук коопсуздугунун кызыкчылыгы үчүн учакты кондуруп, маселен, №1 террорчуну кармагандыгы кадырэсе көрүнүш. Мындайга ар бир мамлекеттин укугу бар. Анын үстүнө мен билгенден алар кечирим сурашыптыр, учактын майын куюп беришиптир дегендей. Бул жерде Тышкы иштер министрлигинин реакциясы керек. Менимче азыр биринчи кезекте министрликтин өзүндө, анан дагы Иран менен Кыргызстан акылдашып атат, Кыргызстан кайсы позицияны карманыш керек. Расмий Тегеран аталган уюмдун артында маселен, АКШ, “Мосад” турат деп билдирбедиби. Бул тикелей айыптоого жатат.

Талдоочу мындай шартта Кыргызстан өтө кылдат болушун, өзүнүн коопсуздугун коргоо, турукташтыруу үчүн өзүн сүйлөшүү аянтчасына айландырышын каалайт. Тескерисинче Бендер е Аббастагы окуя Кыргызстан үчүнчү күчтөрдүн транзиттик аянтчасы болуп калгандыгынан кабар берет:

- Бул Кыргызстанды үчүнчү күчтөр эчактан бери эле ар кандай деструктивдүү, экстремисттик-террорчул уюмдар транзиттик аймак катары пайдаланып калганынан кабар берет. Максат аймактагы кошуна мамлекеттерди дестабилдештирүү экени айкын. Бул балким Иран, Фергана өрөөнү, Цинзянь-Уйгур автоном облусу, балким Ооганстан. Мунун кесепети кандай болоруна эч ким кепил боло албайт.

Ачык эшик жана ички коопсуздук

Кыргызстандын экономикалык, саясий, социалдык, дүйнө коомчулугунун мамилеси жагынан алсыздыгы өзүн сыйлаган мамлекет катары дүйнөгө көрсөтүүгө шарт түзүп бере албай жатат дейт талдоочу Кубан Абдымен. Ага жараша талдоочу Кыргызстанды үчүнчү күч гана пайдаланып жатат деген көз карашты колдобойт:


- Бул окуяны азыркы Иран менен Америка ортосундагы тирешүүсүнүн кичинекей бөлүкчөсү деп айтсак болот. Ирандын чалгындоо кызматтарынын бардык жерде иштеп аткандагысын бизде эле эмес, АКШда да, Кытайда да, Орусияда да иштеп аткандыгы эч кандай талаш туудурбайт. Ошондуктан муну жыйылган маалыматтарынын негизинде өз мамлекетине каршы чыгып аткандарды билген кызматтардын планы боюнча жеке Ирандын гана кылган иши деп айтса болот. Башка маселен, ушуну өткөрөбүз-өткөрбөйбүз же Кыргызстанды өз кызыкчылыгыбызга пайдаланабыз деген үчүнчү күчтүн аралашкандагысын айтуу кыйын.

Ошондуктан талдоочу Кыргызстан өзүнүн ички коопсуздугун коргоо максатын алдыга чыгарышын каалайт:

- Ички коопсуздугун күчөтүш керек. Андан кийин өзүнүн эл аралык туруктуу абалын сактай турган деңгээлди көтөрүш керек. Андан кийин алардын жардамы менен Орусияга жакындашуу мүмкүнчүлүгүн колдонуп, же АКШ, Кытай менен кызматташтык аркылуу өзүнүн аба учактарынын коопсуздугун сактоо багытында келишимдин үстүндө иштебесе мындай окуя кайталанбайт деп эч ким кепил боло албайт.

Кыргызстан өзүнүн коопсуздугун коргоого кудуретсиздигинин бир себеби катары кээ бир талдоочулар ашкере ачык эшиктиги менен да негиздеп жүрүшөт. Алардын бири, мурдагы коопсуздук кызматкери Иманберди Жалиловдун пикиринде:

- Жаңы иш мекемелерин ачты деген чүмбөт менен сырттан көп адамдар кирип келип атат. Ошону менен бирге исламдагы терроризмге жакындар келип атышат.

Кыргызстан расмий тыюу салган террордук уюмдардын катарында “Түркстанды бошотуу уюму”, “Түштүк Түркестан жана ислам партиясы”, “Ислам Түркстан партиясы”, (ИДУ) “Күрд элдик конгресси”, “Аль-Каида”, “Талибандардын кыймылы”, “Хизб-ут-Тахрир” партиясы бар. Өздөрүн “Алланын аскерлери” эсептеген “Жундалла” уюму Кыргызстанда катталган эмес. Дин таануучулар бул уюмдун тарапкерлери өлкөдө бар экенине караганда жок экендигине көбүрөөк ишенишет. Алардын айтымында, Иран азыр Кыргызстанда салттуу ислам динин жайылтуу менен гана алектенип жүрөт.


Анткен менен Иран, Ооганстан кооптуу өлкөлөрдүн катарында саналат. Бирок бул аталган аймактардан каттагандар толугу менен көзөмөлгө алынат дегенди түшүндүрбөйт. Паспорттук-визалык каттоо иштери боюнча башкармалыктын башчысынын орун басары Рыскүл Рысбакова чет өлкөлүктөрдүн, алардын ичинде ирандыктардын Кыргызстанга келүү тартиби тууралуу “Азаттыкка” буларды айтты:

- Алар кандайдыр бир уюмдардан чакыруу алышат. Эгер бай болсо акчаны кайда салуу керектигин, жарды болсо кайда иштеш керек, кыргыз кыздарына үйлөнүш керек деген сыяктуу ар кандай жагдайлар болот. Адатта мыйзамды сыйлаган ирандыктар гана каттоого илбериңки турушат. Азыр бирдиктүү маалымат базасын түзүүгө биз аракет кылып, ошону менен алектенип атабыз. Азыр ушу тапта так-даана эсеп жок.Эгер сиз Кыргызстанда канча ирандык бар деп сурасаңыз жооп бере албайм. Эгер кандайдыр бир санды айтсам ал асмандагы сан болуп калышы мүмкүн.

Ошентип азыр ирандыктар сыяктуу эле башка чет өлкөдөн келгендердин саны, келүү максаты, аткарган иши тууралуу так маалымат алууга мүмкүнчүлүк жок. Мындай жагдай Кыргызстанда жашыруун, мыйзамсыз иштерди жүргүзүүгө, өлкөнүн аброюна эле эмес коопсуздугуна доо кетирчү аракеттерди жасоого жол ачары ажеп эмес.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG