Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

М.Намазалиев: Иракта жаңы тарых жазылууда


Иракта 2003-жылы Саддам Хусейин кулатылгандан бери ушуну менен экинчи жолу шайлоо өттү. Шайлоо өнөктүгүндөгү бир катар жанкечтинин чабуулдарынан ондогон кишинин өмүрү кыйылды. Бүгүн эле Ирактын ыйык саналган Нажав шаарында шейиттердин ибадатканасында машина жарылганда үч киши набыт болду. Мына ушундай шартта добуш берип жаткан ирактыктар тууралуу жаш саясат таануучу Мирсулжан Намазалиев “Азаттыкка” маек курду.

- Ирактагы шайлоого кандай баа бересиз?

Мирсулжан Намазалиев: Мен муну Саддам Хусейиндин бийликти жоготкондон берки өлкөдөгү биринчи чыныгы демократиялык окуя деп баалайм. Себеби 2003-жылдан бери ирактыктар өздөрү да кандайдыр бир саясий көз караштарга ээ боло баштады. Саясий күчтөр, партияларда өздөрүнүн жактоочулары, каршылаштары да пайда болду. Ошон үчүн бүгүнкү террористтик маанайлар болуп жатканы менен көпчүлүк добуш берүүчүлөр өздөрү келип өздөрүнүн партияларына добуш бериши мүмкүн деп ойлойм.

- Шайлоолор таза өтүшүнө кандай кепилдиктерди мисал катары келтирсек болот?

Мирсулжан Намазалиев: Менин оюмча шайлоого эң биринчи кепилдик - ал жактагы бир гана партия эмес, бир нече партиялардын катышып жатканы. Экинчиден, учурда бийликте жана өкмөттө ар кыл күчтөрдүн турганы, бир гана диктаторго баш ийген күч эмес ал жакта оппозиция да бар. Үчүнчүдөн, бийлик гана политификацияга укугу бар эмес, ал жакта ошол эле өкмөттө турган оппозициянын да кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөрү бар. Демек кандайдыр бир бири-бирин көзөмөлдөп турчу оппозициянын да мүмкүнчүлүктөрү бар система акырындан болсо да түзүлүп келе жатат.

Менин оюмча бул кепилдиктер ал жактагы шайлоонун эң таза, эң демократиялуу болуусуна көбүрөөк көмөк берет деп ойлойм. Себеби ал жакта көпчүлүк учурда диний же болбосо этникалык улуттук маселелер боюнча саясий күчтөр да бөлүнүп калган.

Бул маселелер ар бир адамга абдан жакын болуп эсептелсе керек. Себеби бул шайлоодо ким жеңсе ал Ирактын кийинки тарыхынын бетин ачат. Ошондуктан 24 адам каза болгондугу “ал-Каиданын” террордук коркутууларды билдирип жаткандыгына карабай кандайдыр бир пайыз адамдар шайлайт деп ойлойм.

- Иракта эртелеп добуш берүү башталган күнү өлкөнүн бир топ жерлеринде бомба жарылып, 45тей киши набыт болуп, жабыр тарткандар да 50дөн ашыптыр. Мына ушундай террордук иш-аракеттер добуш берүүчүлөрдүн үшүн алып, шайлоого терс таасирин тийгизип койбойбу?

Мирсулжан Намазалиев: Менин оюнча аз дегенде эле шайлоочулардын санын азайтып коюшу мүмкүн. Иракта азыркы учурда коомдук транспорттор токтоп жатат. Ошол эле учурда шайлоочулар өз добуштарын салууга кыйынчылык алып келиши мүмкүн. Бул учурда да мындай чакырыктарын окуган адам “менин жашоом кымбат, урнага башка адам деле менин ордума добушумду берип кое алат” деши мүмкүн. Мисалы, 20 млн. адам добуш берет деп эсептесек, алардын балким 50 пайызы да келбей калышы мүмкүн, бирок 40 пайызы келе турган болсо – бул чоң жетишкендик.

Иракта парламенттик шайлоо өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

XS
SM
MD
LG