Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Иса Өмүркулов: Жер басып алууну уюшкан топтор жасап жатат


Бишкек шаарында жана анын жака белинде жер бөлүп берүү, сатуу, каттоо иштери токтотуу боюнча Убактылуу өкмөттүн декрети даярдалып жатат. 7-апрелдеги окуялардан кийин шаарда жеке менчиктеги же шаар бийлигине караштуу жерлерди басып алуу көрүнүштөрү күчөдү. Бишкек шаар башчысынын милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов шаардагы жер басып алуу аракеттери мыйзамсыз экенин "Азаттыктагы" маегинде билдирди.

- Иса мырза, азыр жер басып алуу өнөкөтү болуп атпайбы ар кайсы жерлерде. Ошол жерлерде бирөөлөрдүн үлүштөрүн тартып алды деген маалыматтар чыгып атат, ошого кандайдыр бир чара колдонулабы?

- Ошондой болуп атат. Кыргыз айтмакчы, өлгөндүн үстүнөн көмгөн кылып, трагедиянын артынан аягыбызды жыя элек мезгилде, менимче, айрым уюшкан топтор жөнөкөй адамдарды тукуруп, шаардагы 4-5 жерди басып алуу аракети болуп атат. Андан тышкары Аламүдүн районунун шаар менен чектешкен чыгыш жагында, Жаш гвардия көчөсүнүн аягындагы айланма жолдун жээгинде ушундай көрүнүш болуп атат. Бул эки жер тең жергиликтүү тургундардын үлүштөрү, буга кол салуу болуп атат.

Ал эми шаардын ичиндеги бир-эки чакан чөлкөм бул кварталдардын же конуштардын арасындагы мектеп жана бала бакча сала турган орундар. Ошону менен бирге шаарды жашылдандыруу чарбасына караштуу жерди алууга аракет кылып атышат. Мен айтат элем, бул мыйзамсыз нерсе. Бирөө да мыйзамдаштырылбайт. Андан тышкары бүгүн декрет даярдалып атат, жерди бөлүп берүү жана регистрациясы убактылуу токтотулат.

- 2005-жылда жер басып алууну баштагандар эле кайрадан жер басып алууну уюштуруп жатат деген маалымат бар. Канчалык чындыгы бар ушунун?

- Ошонун чындыгы бардай өндөнүп турат. Себеби, азыр укук коргоо органдары булар менен дагы иш жүргүзүп атат. Себеби сырттан келген биздин жарандар шаардын ичинде болгону 200-300 чарчы метр жердин бардыгын да билбейт да. Болгондо дагы конуштардын арасында. Мен да ойлоп турам, мунун баары атайын уюшулган. Андан тышкары жарандардан акча чогултуп алып, жер аласыңар келгиле деп атышат. Жыйындарга өзүм барып катышып атам. Мыйзамсыз берилген жерлердин баарын кайра мамлекетке кайтарып берүүгө бүт аракетимди жумшап атам.

- Сиз Бишкек шаар башчылыгына келгениңизге бүгүн он чакты күндөн өтүп калды. Шаардагы апрель окуяларында келген экономикалык зыяндын кесепеттерин жоюу жана тартипти туруктуу кармоо үчүн кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар?

- Албетте, бул трагедиядан кийин Бишкек шаары, өзгөчө борбор жери катуу зыянга учурады. Бир топ мамлекеттик имараттар чоң зыянга учурап, анын ичинен эки чоң имарат күйүп кетти жана башка шаардык коммуникацияларга чоң зыян келди.

- Жалпы жонунан эсептеп чыктыныздарбы канча чыгым болгонун?

- Эсептелип атат, жүздөн ашык объектилер зыянга учурады, өзгөчө соода түйүндөрү, чоң соода борборлору. Азыр анын баары аныкталып, мамлекетти комитет түзүлүп, ошонун үстүнөн азыр жалпы баарыбыз тең иштеп атабыз.

- Өткөн 2005-жылдын март окуясында дагы ушул талап-тоноочуларды айрым бир ишкерлер таап сотко берсе болмок, К.Бакиевдин көрсөтмөсү менен ошол токтоп калган дейт. Азыркы ушул апрель ыңкылабында дагы жабыр тарткандарды, талап-тоногондорду иликтөө иштери, жазага тартуу болобу, же жабылуу аяк жабылуу бойдон калабы?

- Албетте, жазалаш керек. Мындай иш бүгүн укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүп атат, аныкталган адамдар да бар. Көбү өткөндөгү эле адамдар уюштургандай сезилип атат. Өзүм да күбө болдум. Ошол күнү баары тең кимдин мүлкү кайсы жерде, кайсы жерде дүкөн дегендей, ошондой багытталган кыймылдар, иш-аракеттер болду.

Ал эми зыян тарткан ишкерлерге менимче жардам бериш керек. Себеби алардын көбү акчаны кредитке алган, өзүнүн айлануудагы каражаттарын колдонуп иштеп аткан, аларга жардам бербесе болбойт. Чоң ыраазылыгымды айтып кетейин, бүгүнкү күндө Бишкек шаарында бүт соода түйүндөр иштеп, тамак-аш жагынан толук камсыздалып жатат. Окуу жайлары, бала бакчалар, ооруканалар бүт баары тең кадимкидей шартта иштеп атышат.

- Жол ремонттоо иштери токтоп калды деп атышат?

- Токтогон себеби, азыр күнүгө нөшөрлөгөн жамгыр жаап атат. Технология боюнча асфальттын дагы тиийтүу температурасы болуш керек экен. Туура келген мезгилде баштайбыз. Капиталдык ремонт кылганга даярбыз.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG