Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Дача СУдагы авиакырсыктын чыгашасы аныкталды


Комиссия жергиликтүү тургундар арасында.
Комиссия жергиликтүү тургундар арасында.

Кыргыз өкмөтү 16-январдагы «Боинг-747» авиакырсыгынын чыгымдарын төлөп берүү талабы менен Түркияга расмий кат жөнөттү. Бул тууралуу 20-февралда 1-вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Дача CУ айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтуусунда, чыгымдын жалпы суммасы 195 млн сомду түзгөн:

-Кырсык болгон күндөн тартып эле түрк тарап менен келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Биздин эсептөөлөр боюнча, материалдык зыяндын суммасы 195 млн сомду түзөт. Түрк тарап тийиштүү көмөк көрсөтүүгө жана катыбызды иликтеп чыгууга даяр. Мындан тышкары, алар ата-энесиз калган эки баланын жакындарынын макулдугу менен алардын билим алуусуна байланышкан материалдык чыгымдарды да өзүнө алууга даяр.

Абулгазиев өкмөт жабырлануучуларды турак-жай менен камсыз кылуу жана түрк тараптан тиешелүү төлөмдөрдү алуу үчүн болгон аракетин жумшап жатканын да кошумчалады.

16-январдагы учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн өкмөт тарабынан ачылган эсепке 91 млн сом чогулган. Бул эсепке акчалай жардам чогултуу иштери уланууда.

16-январда "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача СУ айылына жүк ташуучу учак кулап, 20дан ашуун үй кыйраган. 39 киши набыт болгон, алардын 35и айылдын тургундары.(ZKo)

XS
SM
MD
LG