Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Ташкентте өрттөнгөн “Манас” рестораны кайра курулат


Ташкенттеги өрт чулгаган "Манас" рестораны.
Ташкенттеги өрт чулгаган "Манас" рестораны.

Ташкент шаарында февралдын башында өрттөнүп кеткен “Манас” рестораны кайра курулат. Бул тууралуу ресторандын негиздөөчүсү, Smart Group компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Санжар Максудов Uzbekistan Today агенттигине билдирди. Ал жаңы ресторан эки кабаттуу боз үй түрүндө курулушу мүмкүндүгүн кошумчалады:

- "Манас” рестораны калыбына келтирилет. Бирок мурдагы жеринде же жаңы аймакта курулабы, аны так айта албайм. Имаратты эки кабаттуу боз үйгө окшотуп куруп чыгуу долбоору караштырылууда, - деди Санжар Максудов.

Ташкенттин Усман Насир көчөсүндө жайгашкан “Манас” рестораны 7-февралда өрттөнүп кеткен. Күбөлөр ресторанда жардыруунун добушун укканын айтышкан. Бирок Ташкенттин Өрт коопсуздугу боюнча башкармалыгы бул маалыматты тастыктаган эмес. Алар өрттүн себеби иликтенип жатканын кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG