Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Жоли менен Роналду качкындар тууралуу тасмага тартылышат


Анжелина Жоли БУУнун Качкындар агенттигинин атайын чабарманы кызматын да аркалайт.
Анжелина Жоли БУУнун Качкындар агенттигинин атайын чабарманы кызматын да аркалайт.

Голливуддун белгилүү актрисасы Анжелина Жоли жана португалиялык футбол жылдызы Криштиану Роналду качкындар жөнүндө түрк сериалына тартылышат.

"Өмүр көпүрөсү" аттуу көп сериялуу тасма Сириядан качып Түркияга келген үй-бүлөнүн турмушун, башынан өткөргөн кыйынчылыктарын чагылдырат.

Тасманын режиссеру Эйүп Дирлик түрк маалымат каражаттарына билдиргендей, Жоли жана Роналду менен кошо тасмага түрк актерлору да катышат.

Тасма март айында Түркиянын Газиантеп шаарында тартыла баштайт деп планданууда. (ElB)

XS
SM
MD
LG