Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Алайда атчандар, акыйкат ураандары...


Сегиз жылга кесилген мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун жети жүздөн ашуун таламдашы Гүлчө кыштагындагы борбордук спорт майданында митинг өткөрүп, генералдын, ошондой эле Петровкадагы жана Балыкчыдагы оппозиция өкүлдөрүнүн абактан токтоосуз бошотулушун, өлкөнү ар тараптуу кризиске кептеген Бакиев бийлигинин кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

2010-жылдын 10-февралында саарлап Алай райондук акимчилигинин Гүлчөдөгү кеңсесинин алдына топтолуп, колдоруна “Биз генералдын актыгына ишенебиз!”,”Генерал Исаков бошотулсун!”, “Биз Исаковдун акталып, бошотулушун талап кылабыз!” деген плакаттарды кармап турган жети жүз чакты кишиге аткаруу бийлигинин өкүлдөрү басып барып, жолугушкан жок.

Ал эми укук коргоо органдарынын кызматкерлери чогулгандардын ар бир кыймылына тыштан абай салып турушту. Арадан эки саат өткөндөн кийин ортомчулар нааразычылык акциясынын өткөргөнгө Гүлчө кыштагындагы борбордун спорт майданы бөлүнгөндүгүн билдиришти.

- Исаков акталсын!
- Исаковго – боштондук!
- Бакиев кетсин!

Гүлчөдөгү митинг ушундай талаптар менен башталды.

Алайлык карыя Ороз Мусаев жердештеринин негизги максат-тилегин мындайча жар салды:

- Исмаил Исаковдун ушунчалык эмгекчил экендигин элдин бардыгы жакшы билет. Ушундай чынчыл адамды бейкүнөө сегиз жылга камоо эмне деген жорук? Албетте, бул – бийликтин тапшырмасы. Биз башында Бакиевди урматтап, баш мыйзам кепили сыңары генералды бошотууга көмөктөшүүнү абдан сурандык эле. Болду! Эми жалынбайбыз. Мындан ары андан муну талап гана кылабыз!

Алайлыктардын аракетин Аксы районунун тургундары толук кубаттай тургандыгын алардын өкүлү Жапар Кыргызбаев билдирди:

- Бир эле биз эмес, бүтүндөй Кыргызстан Исаковду сыйлай тургандыгына терең ишенем. Биз, аксылыктар, силерге учсаңар канатыңарга – кубат, консоңор куйругуңарга – кубат болуп берүүнү туура таптык. Эгерде жүрүш жасасаңар, андай демилгеңерди чын ыкластан колдоп, катарыңарга сөзсүз кошулабыз.

Ал эми Исмаил Исаковду коргоо боюнча республикалык комитеттин торагасы Топчубек Тургуналиев Бакиев режимин алмаштырмайынча, турмуш жакшырбастыгын белгиледи.

- Бакиевдерди кетирип, убактылуу өкмөт түзүп, тигилер качып кетпесин үчүн чек араны бекем жаап, алардын чет өлкө банктарындагы эсептерин таап, жеп-ичкендерин бүт кустуруп, анан бирин дагы соо калтырбай эл алдында катуу жазалашыбыз керек.

Кийинки бийликке ушинтип сабак кылбасак, Кыргызстан качанга дейре таланып-тонолот
? - деди Топчубек Тургуналиев.

Кепти улаган Алай районунун дагы бир жашоочусу Курманжан Сапарбаева республикалык аскер сотун калыстыкка чакырды:

- Мындан ары сот жараяны улам жылдырылып, калктын талабы менен бийлик эсептешпесе, анда биз дагы башкача жоруктарды жасайбыз. Башыбызды канжыгага байлап, акциялардын ар түрүн уюштуруп, режимдин шаштысын кетиребиз.

Баш-аягы беш саатка созулган нааразычылык акциясынын катышуучулары генерал Исмаил Исаковдун, ошондой эле Петровкадагы жана Балыкчыдагы оппозиция өкүлдөрүнүн абактан токтоосуз бошотулушун, стратегиялык маанидеги ишкана-мекемелерди менчиктештирүүгө же сатууга тыюу салууну, мындан тышкары өлкөнү ар тараптуу кризиске кептеген Бакиев бийлигинин кызматтан кетүүсүн талап кылган Кайрылуу кабыл алып тарашты.

Алай районунун прокурору Таалай Абдиваитовго кайрылганыбызда, мыйзамсыз кадамдар дагы кайталанса, акциянын уюштуруучуларына чара көрүлөөрүн эскертти:

- Мыйзам бузулбаса, бизге дагы жакшы эле. Жарандарга мындан башка талабыбыз жок...

Анткени менен Алай райондук Исмаил Исаковду коргоо комитетинин жетекчиси Айтпай Жээналиев бийликтин мындай опузалоосу аларды токтото албастынын жарыялады:

- Президент Бакиев эл көтөрүлүп жатканына бир жылдан бери маани бербей, баам салбай, баа бычпай унчукпай жаткандыгы зордук-зомбулукка жол ачып атат.

Муну биз өлкө башчысынын акимчиликтерге, жергиликтүү башка мамлекеттик органдарга берген түздөн-түз тапшырмасы катары эсептейбиз.

Ошон үчүн биз жанагы митингде айтылган талаптар толук аткарылмайынча, көздөгөн максатыбыздан эч качан кайтпайбыз. А түгүл күтүүсүз жана акыркы кадамдарга да барышыбыз толук ыктымал.

Акыркы маалыматка караганда, алайлыктардын нааразычылык акциясы 12-февралда кайрадан улантылмакчы.

Бирок аны өткөрүүгө жергиликтүү бийлик туруктуу жер ажырата элек.

Тасма. Алай эли акыйкат чечим күтөт


Алай эли акыйкат чечим күтөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00



Исмаил Исаковдун жети жүздөн ашуун таламдашы 2010-жылдын 10-февралында Гүлчө кыштагындагы борбордук спорт майданында митинг өткөрүп, генералдын, Петровкадагы жана Балыкчыдагы оппозиция өкүлдөрүнүн абактан токтоосуз бошотулушун талап кылышты. AiT

XS
SM
MD
LG