Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Бишкек-Ош жолундагы кыймылга чектөө киргизилди


Магистралдын тоолуу аймактарындагы борошолоп жааган кардан жана тайгалактан улам Бишкек-Ош жолуна жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жүк ташуучу унаалар Жайыл районундагы Сосновка бекетинде кармалууда.

Ал эми автоунаалардын тыгыны пайда болгон жерлерде тиешелүү техникалар иштеп жатат. Министрлик тайгак жолго кум чачылганын маалымдайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG