Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

Динчил аялдар радикал топторго кошулуп жатабы?


"Экстремисттик уюмдар адатта аялдарды, болгондо да бала жетелеген же кош бойлуу аялдарды үгүт баракчаларын таратууда колдонушат"

"Экстремисттик уюмдар адатта аялдарды, болгондо да бала жетелеген же кош бойлуу аялдарды үгүт баракчаларын таратууда колдонушат"

Кыргызстанда соңку учурларда аялдардын диний экстермисттик уюмдарга кошулуп жаткан жаткан учурлары көбөйүп жатканы айтылууда.

Ажар Бишкекте интеллигент кыргыз үй-бүлөдө төрөлүп өскөн. Шаардык мектепте орусча окуп, жогорку билимди да мыкты окуу жайлардын биринен алган. Анын өмүрүндөгү чоң бурулушка өз агасы себепкер: ал мындан он жылдай мурун карындашын жашыруун, бирок ошол кезде жаштар арасында бир жагынан “кызыктуу”, экинчи жагына көпчүлүккө табышмактуу, башкача ой-түшүнүк жоруган жыйындарга кошо ээрчитип жүрүп Хизб-ут-Тахрир уюмуна киргизген. Андан соң Ажар көп өтпөй эле ушул уюмдун жергиликтүү активисттеринин бири менен баш кошкон. Азыр бир уул, бир кыздын апасы:

Көп аялдар азыр өздөрүн аял-эне катары сезбей калган

“Мен бул ушул жолго түшкөнүмө Аллахга миң мертебе ыраазымын. Мурда туура эмес жолдо жүрүптүрмүн. Айрыкча кыргыз кыздары, аялдары туура жолду таба албай жүргөнүнө өкүнөм. Биздин уюмду көптөр түшүнбөйт, ал тургай бийлик элге террорист кылып көрсөткүсү келет. Бирок таптакыр андай эмес. Биз Кыргызстанда бейпил, баарыга тең жашоо орнотуу аракетинде жүрөбүз. Кудайым кааласа ал бактылуу күн деле алыс эмес. Мен балдарымдын чыныгы Ислам жолунда тарбияланып, динсиздердин, четтен келген тарбиянынын таасиринен алыс болуусун Аллахтан тилейм. Азыр, эми карасаңар, батыштын демократиясы бизге - аялдарга эмне берди? Кыргыздын кыз-келиндери өз денесин сатканга чейин жетип, калганы болсо оокат деп чет жерлерде тентип жүрөт. Ал эми үйдө отурган, үй- бүлөсү барлары мамлекеттен дагы, күйөөсүнөн дагы, жакындарынан дагы көз каранды. Көп аялдар азыр өздөрүн аял-эне катары сезбей калган. Туурабы?..."

Мамлекеттик саясат секулярдык багытка бет алган, калкынын басымдүү бөлүгү мусулмандар болгон Кыргызстанда “Аялдар коомдо зор күч” деген советтик чакырык дале күчүндө тургандай сезилет. Кыргыз аялдарынын алды мухиттин ары жагына чейин жетип акча тапса, айрымдары жоолукту баса салынып, чүмбөттөнө кийинип, өз түйшүгүн өзү тарткан, кыргыз коомундагы “чоочундардын” сабына кошулууда.

Эгер кыргыз бийлиги динчил аялдардын суроо талабын угуп, жашоо тиричилигин оңдоого көңүл бурбаса – аялдардын радикалдык топторго кошулуусу андан ары өсөт

Эл аралык кризис иликтөө тобунун (International Crisis Group) 3-сентябрда жарык көргөн “Кыргызстандагы аялдар жана радикалдаштыруу” (Women and Radicalisation in Kyrgyzstan) баяндамасына ылайык, Хизб-ут-Тахрир уюму сыяктуу радикалдык диний уюмдарга кошулуп жаткан аялдар жыйырмадан кырк жаш куракка чейинки совет доорунда төрөлүп-өскөн, башкача айтканда, “жоголгон муундун” өкүлдөрү.

Ала-Тоодогу динге айрыкча берилген аялдар “Хизб-ут Тахрир” өңдүү диний топтордун ичинен мээрим, колдоо таап, өз көйгөйүн чечүү үчүн жамааттык жардам ала алат. Ал тургай алардын балдары үчүн мектептен тышкаркы программалар уюштурулуп, аялдардын жүгү кыйла жеңилдейт. Бул жагынан алып караганда “Хизб-ут Тахрир” уюму Египеттеги “Бир тууган мусулмандар”, ал тургай кайсы бир деңгээлде социалисттик тилектештикке да окшоп кетет.

Ал эми секулярдык саясат туткан кыргыз өкмөтү, айрым адистердин пикиринде, мындай динчил аялдарга көз жуумп койгон. Аялдардын диний радикалдык топторго кошулуусуна түрткү болгон себептер катары өлкөдөгү социалдык жана экономикалык абалга болгон нааразылык, коомдогу советтик, батыш жана исламдык баалуулуктардын кагылышы аталып келет. Буга бир жагынан мамлекет аялдар проблемасына көңүлкош мамиле жасаса, экинчи жагынан “Хизб-ут Тахрир” өңдүү диний топтордун ичинде аялдардын ролу жогору коюлуп, өз мүмкүнүлүгүн кеңири ача алганы менен байланыштуу деп баяндамада айтылат:

"Эгер кыргыз бийлиги динчил аялдардын суроо талабын угуп, жашоо тиричилигин оңдоого көңүл бурбаса – аялдардын радикалдык топторго кошулуусу андан ары өсөт", - дейт Эл аралык кризис иликтөө тобунун аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Пол Куинн-Джадж.

... аял болобу, эркек болобу, кары болобу, жаш болобу мыйзам алдында бирдей...

Кыргызстандагы мусулман аялдардын "Мутакалим" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы динчил аялдар үчүн борборлоштурулган диний жайлардын жоктугунан аялдар радикалдык топторго кирип кетип жатат, деген пикирде. Ал мусулман аялдар үчүн атайын өзүнчө борбор ачуу демилгесин көтөрүп жүрөт.

Бейрасмий маалымат боюнча, Кыргызстанда “Хизб-ут Тахрир” уюмунун сегиз миңге жакын мүчөсү болсо, анын ичинен сегиз жүздөн эки миңге чукулу аялдар деп эсептелет. Серепчилердин айтымында, “Хизб-ут Тахрир” уюмуна мүчө аялдар менен байланыш түзүү бир топ татаал, анткени аялдар күйөөсүнүн жана жамааттын бекем таасири астында сырткы дүйнөдөн өздөрүн обочо тутат.

Ал эми Кыргыз өкмөтү болсо “мыйзам алдында ким гана болбосун бирдей” деген универсалдуу жобого негизделген саясат жүргүзүп келет. Кыргызстандын Дин иштери боюнча комиссиянын жетекчиси Каныбек Осмоналиев, “Негизинен бардык аял болобу, эркек болобу, кары болобу, жаш болобу мыйзам алдында бирдей экендигин баса көрсөтүп айткым келет”, - деди “Азаттыкка”.

Демократия бизге эмне берип жатат? Өз принциптерин өзү бузуп жатат. Эл болсо баарын көрүп турат. Андан көрө Ислам менен жашоо керек

Соңку кезде айрым көз карандысыз серепчилер “Хизб-ут Тахрир” сыяктуу радикалдык делген уюмдар жанданып, өлкөдөгү туруктуулукка коркунуч туудуруп жатканы тууралуу маалымдашат. Бул тыянакты колдогондор үстүбүздөгү жылдын жаз-жай айларынан берки Ноокат, Араван, Өзгөндөгү окуяларды, анын ичинде исламчыл деп шектелгендер менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышууларын далил катары тартышат.

Ал эми “Кылым шамы” укук борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулова аялдардын динге берилишине чет элдик же жергиликтүү диний уюмдар эмес, жакыр жашоо, кендирди кескен жокчулук себеп дейт:

"Мамлекет тарабынан алардын эртеңки жашоосуна кепилдик жок. Алардын эч кандай келечеги жок. Анан ошондуктан кудай жолуна ооп атат дегенге мен кошулам. Ал эми экстремисттик жолго, “Хизб-ут Тахрирге” кирип кетти дегенге мен ишенбейм".

Кара-Суу шаарчасынын тургуну, өзүн “Хизб-ут Тахрир” уюмунун тарапкери туткан Аюпхан Машрапов демократия жаркын жашоо бере албайт, эркиндикти жактаган мамлекет өз динине каршы саясат жүргүзбөйт деген ишенимин жашырган жок:

" Демократия бизге эмне берип жатат? Өз принциптерин өзү бузуп жатат. Эл болсо баарын көрүп турат. Андан көрө Ислам менен жашоо керек. Ал өз принциптери менен 1400 жылдан бери жашап келатат".

Кыргызстандагы учурдагы социалдык көйгөйлөр, коррупция, авторитардык башкаруу ыкмасы жана диний экстремизм менен эпсиз күрөш дагы радикалдашууга өбөлгө болууда дешет адистер. Жогорку Кеңештин депутаты, Социал демократтар фракциясынын мүчөсү Роза Отунбаева кыргыз бийлигинин чоң күнөөсү өлкөдөгү ар кандай күчтөр, көз караштар менен баарлашууга көпүрө болуп, маданиятттуу диалог түзүүгө аракет кылбаганы эртеңки күнү чоң көйгөйлөрдү жаратууда дейт:

“Эгер бийлик бүгүн биз - секулярдык оппозиция менен сүйлөшүүнү каалабаса, эртең диний оппозиция менен иштешүү керек болоорун айтып отуруп тилибиз тешилмей болду.”

Бишкектеги көз карандысыз дин, укук жана саясат боюнча аналитикалык борбордун жетекчиси Кадыр Маликовдун пикиринде мамлекеттин азыркы саясаты радикалдаштырууга жол ачышы ыктымал:

"Ислам, динге берилгендер менен иш алып барууда мамлекет терроризм менен күрөшүү деген көз карашта, башкача айтканда, террорчулук деген призма менен карап жатат. Бул болсо, тескерисинче, (карапайым мусулмандарды) радикалдашууга алып келүүдө".

Экстремисттик уюмдардын иштеринде аялдар бир пайыздык гана иш алып барат

Антсе да Кыргызстандагы тартип коргоо органдары мындай айыптоолорду четке кагышат. Ички иштер министрлигинин тогузунчу башкармалыгынын өкүлү Эмил Жээнбеков "Азаттыкка" өлкөдө терроризм жана экстремизге каршы күрөшүү дээрлик толук көзөмөлдө экенин, тартип коргоо органдары 90-жылдардын ортосунан тарта ырааттуу иш-аракеттерди жүргүзүп жатканын билдирди:

"Жүз пайыз дебейли, сексен-токсон пайыз кырдаалды көзөмөлдөп турабыз. Хизб-ут-Тахрир болобу, же дагы башка экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн көбөйүп же азайганы боюнча байкоолорубуз бар. Бүгүнкү күндө мындай уюмдардын мүчөлөрүнүн көбөйүшү катталган жок. Тескерисинче басаңдап жатат. Ошол эле мезгилде динчил аялдардын радикалдык уюмдарга кирип жаткан учурлары да көбөйгөн жок. Экстремисттик уюмдардын иш-аракеттеринин бир аз басаңдашы бир нече себептерге байланыштуу. Биринчиден, диндин өнүгүшү. Мисалы 90-жылдардын башында, Советтер союзунун идеологиясы талканган мезгилде дин бизге жаңы келбедиби. Ал кезде адамдардын айрымдары түшүнбөстүктөн ар кандай диний экстремисттик уюмдарга кирип кеткен учурлары көп болгон. Азыркы мезгилде салттуу диндин өнүгүүсү менен кээ бир экстремисттик уюмдар өзүнүн идеологиясын элге жайылтуу аракеттери басаңдады.

Экинчиден, биздин тартип коргоо органдары, мамлекеттик структуралар да диний экстремизмге каршы иш-аракеттерин жакшыртып жатат. Ошондой эле мыйзамдарыбыз керектүү инструменттер менен толукталды. Жер-жерлерде түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлүшү, салттуу диндин нугуна түшүүсү – бул иштердин баары диний экстремизмдин басаңдашына алып келди".

Эмил Жээнбеков учурда Кыргызстанда Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөлөрү сегиз миңге чамалады деген маалыматты жокко чыгарды. Аялдар экстремисттик уюмдарга көбүрөөк мүчө болуп жатканын да төгүндөдү:

"Бул өзгөчө маселе. Эгерде дүйнөдө болуп аткан окуяларды карасак, экстремисттик-террористтик уюмдар аялдарды колдонушат. Бирок Орто Азияда, балким бул ушул чөлкөмдүн өзгөчөлүгү болуш мүмкүн, бизде аялдар көбүнчө үйдө отурушат. Албетте, бизде мындай уюмдардын аялдарды өтө активдүү пайдаланганы тууралуу фактылар кездешет, Аялдар ушундай кылмыштуу, мыйзамга төп келбеген иштердин үстүндө кармалган учурлар бар, жок эмес. Бирок массалык түрдө колдонуу жок. Экстремисттик уюмдардын иштеринде аялдар бир пайыздык гана иш алып барат деп айтса болот."

Азыр диний экстремизмге каршы күч аркылуу, адамдарды эркинен ажыратып күрөшүү туура эмес экенин мамлекет да, коом дагы түшүнгөндөй.

Антсе да соңку учурларда ХХ кылымдын экинчи жарымындагы кыргыз аялдарынын эркиндигин жана укугун камсыз кылуудагы жеңип алган баалуулуктардан кол жууп калуу коркунучу турганы, бийлик өкүлдөрүнө аял затын коомдук турмушка мындан ары да жигердүү тартууга үндөгөн чакырыктар көбүрөк айтыла баштады.

Оболу бийлик институттары менен коомдогу түрдүү көз карашты тутунган топтордун ортосунда такай байланыш болуп, өз ара түшүнүшүүгө шарт түзүлгөндө гана учурдун глобалдык көйгөйү болгон диний терроризмди жеңүүгө болоору шексиз.


  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Элеонора Бейшенбек кызы

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG