Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

Оппозиция чакырган митингге көлдүктөр да чыгат


“Ата Мекен” партиясы 27-мартта Каракол жана Балыкчы шаарларында, Түп районунда саясый акцияларды уюштурууга кам көрүүдө.

Балыкчыда Нооруз майрамында эл чогулуп митингге чыгуу жөнүндө бүтүм кылышкан. “Ата Мекен” партиясынын Балыкчыдагы координатору К.Мусаевдин маалыматы боюнча жыйын өткөрүү үчүн 500 орунду клубду сурашкан:

- Милиция начальнигине да кайрылдык, коопсуздукту сактап бергиле деп. Кандай маселени көтөрөсүңөр деп сурап атат. Бир-эки күндө алар менен дагы чогуу сүйлөшөбүз. Негизи бийлик митингибизди каалабай атат. Баардыгы ачыкка чыгып калат деп коркуп да атат.

Бул шаарда бийлик өкүлдөрү митингге даярданып жаткандарды карап отурбай, демилгени өздөрүнүн колуна алуу аракетин көрүп жатышат. Алар элди митингге чыгарбоо үчүн өздөрү эртелеп 25-мартта эле саясий партиялар менен тегерек үстөл уюштурууну көздөп атканын Балыкчы шаар башчысы Талант Өмүркулов ырастады.

Каракол шаарында митинг өткөрүүгө бийлик тараптан ачык тоскоолдуктар байкалбайт. Шаардык бийлик азыркы учурда митинг өткөрө турган жайды тактап жатат. Бул жөнүндө “Ата Мекен” партиясынын облустагы координатору Р.Намалжанов билдирди. Анын колундагы маалыматка караганда, Түп районунда митинг өткөрүү үчүн райондук маданият үйү берилгени маалым болду.

Тоң районундагы элдин ичинде митинг-пикеттерден натыйжа чыгарына ишенбей жаткан ой-пикир үстөмдүк кылгансыйт. “Эртең көтөрүлүш, чыккыла десе чыгабыз, бирок андан майнап чыкпай атпайбы. Милиция менен келип камайт же атат, Президентибиз ушундай болсо анан кимге ишенебиз”,- дейт бул райондун тургуну Нурлан аттуу жаран.

XS
SM
MD
LG