Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Ошто жарандык активист укук коргоо органдарына кайрылды


Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

Активист, Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы демилгелүү топтун өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева УКМК жана милицияга кайрылып, жарандык позициясын ачык билдирип жаткандарды кысымга алууну токтотууга чакырды. Ал референдумда “жок” деп добуш берүүгө үгүттөп жүргөндөрдү бийликтин буйругу менен күч орган кызматкерлери куугунтукка алып жатканын айтып, муну адам укугун бузуу катары сыпаттайт.

Активист Ош шаарындагы Улуттук китепканада 6-декабрга белгиленген талкууну токтотуу аракети болгонун, бир топ талаш-тартыштан соң жыйынга уруксат берилгенин кошумчалады. “Фейсбуктагы” билдирүүсүндө алдыдагы күндөрү кайсыл район-шаарларда талкуу уюштуруларын жазып, күч органдарынан эгер кандайдыр суроолор болсо түз эле өзүнө кайрылууну, жакындарынын жана талкуу өтчү имарат ээлеринин тынчын албоону суранган. Укук коргоо органдары буга комментарий бере элек.

Кыргызстанда референдум 11-декабрда өтөт. Ага каршы демилгелүү топ мыйзамдуу уруксат алып, үгүт иштерин жүргүзүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG