Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Табиятты сүйгөн сүрөтчү айымдар


“Кыргызстандагы сүрөтчү аялдар" бирикмесинин мүчөлөрү жыл сайын жайында табияттын кооз көрүнүштөрүн сүрөткө тартышат.

Быйыл да бул салт уланып, сүрөтчү аялдар топ-топ болуп бөлүнүшүп Ысык-Көлдө иштешүүдө. Кыл калем чеберлеринин айтуусунда сүрөтчүлөрдүн эң жакшы көргөн нерсеси бул табиятка барып эмгек жаратуу. Бирок мындай мүмкүнчүлүк сүрөтчүлөрдүн баарында эле боло бербейт, көпчүлүк кыл калем чеберлери өнөрканасында эле олтуруп, табиятты элестетип эмгек жаратышат. Эң жакшы нерсе ошол жаратылышка чыгып сүрөт тартуу деп билдирди сүрөтчү Данакан Адашканова:

- Табиятка чыгып тартууну ар бир эле сүрөтчү күтөт. Мисалы Көлгө барышса, көлдүн ажайып кереметин тартат, тоолорду тартышат. Өздөрү рахат алышат, ушунчалык жакшы нерсе да.

Сүрөтчү айымдардын алгачкы тобу өткөн жумада Ысык-Көлгө барышып, ал жакта бир жума болушуп, эмгектерди жаратышкан. Бул чыгармачылык сапар туурасында “Кыргызстандагы сүрөтчү аялдар" бирикмесинин жетекчиси Орозкан Мамбеталиева буларды билдирди:

- Ысык-Көлдөн бөлүнүп өзүнчө Кара-Көл деген бар экен. Ал жерди да тартса абдан жакшы экен. Көбүнчө ошол Көлдүн жээктерин кыдырып эле сүрөт тартабыз.


“Негизи өнөрканада иштелген эмгек менен табиятка чыгып тартылган сүрөттүн айырмасы чоң. Аны сүрөт көрөрмандар өздөрү да айтышат. Мисалы былтыркы табиятка чыгып келгенден кийин ал жактагы тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсүн уюштурганбыз. Ошол көргөзмөнү көрүүчүлөр өзгөчө кызыгуу менен кабыл алышты”-деп билдирди сүрөтчү Айнура Дабаева .

“Кыргызстандагы сүрөтчү аялдар" бирикмесинин жетекчиси Орозкан Мамбеталиева билдиргендей быйыл сүрөтчү айымдардын Ысык-Көлгө болгон чыгармачылык сапары сентябрь айына чейин созулат. Андан кийин борбордогу музейлердин биринде отчеттук көргөзмө ачылат.
XS
SM
MD
LG