Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:47

Жалал-Абад облусундагы турак-жайлары өрттөлгөн жарандар үйлөрүн калыбына келтирип берүүнү талап кылышууда. Алар берилип жаткан кайрымдуулук жардамы жетишсиз экендигин белгилешүүдө. Облустук бийликтин билдиришинче баш баанексиз калган жарандар тамак- аш жана чатыр, төшөнчү менен толук камсыздалды.

“ Өрттөлгөн жайларды калыбына келтирүүгө мамлекет аракет көрүүдө,” - деп ишендирди губернатордун өзбек улутундагы орунбасары Тайкожо Гиязов

Жалал-Абад шаарынын үй-жайынан ажыраган тургундары жашоо шарты начардыгына нааразы болушууда. Шаардын Ленин көчөсүнүн тургуну Эхтибархан Шакирова төрт адамдык чатыр төшөнчүлөрү, самын, азык-түлүк берилгени менен электр жарыгы же табигый газы жок эптеп күн көрүп жаткандыгын билдирди. Бирок анын оюнча учурда баарынан мурда элдин тынчтыгы менен ынтымагы биримдиги баалуу. Россияда иштеп жургөн төрт уул-кызы жиберген акчаларга курулган бардык шарты бар үйүнүн дубалы гана калганына ичи ачышкан аял эң оболу калкты улуттарга бөлүнбөөгө, тынчтыкты сактоого чакырууда.

Массалык тополоң маалында Жалал-Абад облусунда жарандар менен мамлекеттик мекеме-ишканалардын жети жүздөн ашык турак-жай имараттары өрттөлүп жарактан чыкты. Губернатордун орунбасары Тайкожо Гиязовдун ушундай жообуна караганда алар тарткан материалдык зыяндардын өлчөмү атайын комиссия тарабынан такталууда. Үй- жайсыз калгандар сөзсүз мамлекеттин камкордугуна алынат. Алардын баш калкасы үчүн Чукул кырдаал министрлиги жиберген 320 чатыр облустун шаар-райондорундагы жабыркаган адамдарга таркатылган. Тамак-аш, идиш- аяк, төшөнчүлөр бөлүштүрүлдү. Кызыл чырым жана БУУнун качкындар боюнча башкы комиссариаты баш баанексиз ар бир үйгө чатырларды, жашоого зарыл каражаттарды берди,- деди Тайкожо Гиязов.

Короого тигилген чатырда баш калкалаган ата-энесинен кабар алганы келген Гүлнара Юлдашева алардын буюм-тайым, документтеринен өйдө өрттөлүп, үстүндөгү кийим-кечелери менен калганын айтат. Анын баамдашынча, талкаланган үйлөрдө жадесе тамак бышырууга да шарт жок. Ленин көчөсүндөгү бардык тамак-аш түйүндөрү менен чайканалар да жараксыз болгон.

Өрттөлгөн үй- жай жана имараттарга азырынча электр жарыгы менен табигый газды берүү мүмкүн эмес. Анткени өрттүн айынан электр жана газ жабдуулар иштен чыкккан. Мындай абалда алар менен камсыздоо эл үчүн өтө коркунучтуу. Бирок аракеттер көрүлүүдө. Облустук бийликтин транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Ажимамат Исаевдин ырасташынча ушу тапта газ чарбасы тарабынан тармак менен элдин тарткан чыгымдары эсептелип жатат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG