Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Китеп – билим булагы, бирок ал жетишсиз


Билимди эңсеген көздөр...
Билимди эңсеген көздөр...

Жалал-Абад облусунда аралаш тилде окуткан 64 мектеп бар. Алардын бири – Жалал-Абад шаарындагы өзбек жана орус тилдеринде окуткан Алим Усман атындагы орто мектеп. Бүтүндөй өзбек мектептериндей эле аталган мектепте да китептер жетишсиз. Кыргызстандан чыккан китептер жетишпегенинен улам балдар совет доорунда жана Өзбекстандан чыгарылган китептерди окууга аргасыз.

Жалал-Абад шаарындагы Алим Усман атындагы мектеп былтыркы окуу жылын 933 окуучу менен аяктаган. Ушу тапта шаарда тынчтык өкүм сүргөнү менен эл арасында жүргөн түрдүү чагым сөздөрдүн уусунан улам балдарын коңшу өлкөлөргө кетирип жаткан ата-энелер бар.

Мектеп директорунун орун басары Матлюба Далибаеванын ырасташынча, мектеп ачылгандан бери окууга 871 бала келди. Балдардын сабакка толук келбей жатканына өткөн айлардагы башаламандыктар менен ушу тапта эл арасында жүргөн чагым сөздөр себепкер:

- Себеби ата-энелердин орозодон кийинкиге же шайлоого байланыштуу кооптонуулары бар. Ошондон улам алар балдарын коргоо максатында Тажикстанга, Орусияга, чет жактарга алып кетип жатышат. Алар балдарын “шайлоодон кийин алып келебиз” деп тил кат беришкен. Эки күндүн ичинде ата-энелер 8-9-класстын 5 окуучусун алып кетти.

Аталган мектептин директору Мукарам Муминова ата-энелердин тынчсыздануусуна кошулбайт. Ырас, окуучулар азайганынан улам мектепте 4 класс бөлмө жабылды, анын айынан мугалимдердин да иштери азаят, бирок бул шектенүүгө негиз эмес. Анткени мектептин айланасын кыдырууга милдеттүү болгон коопсуздук кызматы бар. Алардын тынчтыкты сактаарына ишеним чоң.

Сапаттуу билим алуунун алдындагы тоскоолдуктар


Мектеп 1971-жылы курулган, анда иштеген 45 мугалимдин үчөөсүнүн жогорку билими жок. Анткен менен мектеп билим берүүгө толук кудуреттүү. Бирок өзбек жана орус тилтеринде окуткан бул мектеп да китеп менен толук камсыздалган эмес. Мукарам Муминованын айтымында, ага өзбек мектептери үчүн Кыргызстан чыгарган китептердин аз болгону себепкер. Мугалимдер совет доорунда жана коңшу мамлекеттен чыгарылган ал китептерди өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги түзгөн окуу программаларына дал келтирип окутушат. Учурда бул мектепте кыш камылгасы көрүлүүдө. Класстык 32 бөлмөнүн онуна жылытуучу жабдуулар камдалып коюлду:

- Балдарыбызды жолдо коркутуу деген бар экен. Ошон үчүн балдардын арасында мектепке барбайбыз дегендери бар. Алардын класс жетекчилери үймө-үй кыдырып, мектепке ким келет, ким келбейт, сурамжылап, себептерин билишүүдө. Корккон ата-энелер балдар менен сүйлөшсөк, алар түшүнүп, мектепке кайтып жатышат. Балдарды түгөлү менен мектепке кайтарып, окутууга аракет кылабыз. Коопсуздук кызматына азырынча мен ишенем. Алар жакшы иштесе, ата-энелер да ишенип, абал тынч болот. Китептер көбүнчө жетишпейт, алар Өзбекстандан чыгарылган, эски, жыртылып, жараксыз болуп калган. Кыргызстан чыгарган китептер жетишпейт. Маселен, кыргыз тарыхы, башталгыч класстардын окуусу, өзбек тили, математика бар. 7-класстан тартып Кыргызстандан чыккан китептер кем. Калгандардын баарын совет доорунда чыккан китептер менен окутуп жатабыз. Кыргыз тилин биз окуп-үйрөнүшүбүз керек, бирок 8-9-10-класстардагы кыргыз тил китеби окутуучулардын колдорунда бирден бар, балдарга жок, же дүкөндө жок, же бизге беришпейт. Кыргызстандан чыккан китептер болсо жакшы, анткени “бул – биздин өлкөбүз” деп аны коргоону үйрөтөт элек. Азыр эми жалаң Өзбекстандын материалдары болуп атабыз.

Көп жылдан бери география мугалими болуп иштеп келаткан Санабар Ахмедова мектептен окуучулар гана эмес, айрым мугалимдер да кетип жатканын билдирди. Анын айтымында, окуучунун колунда керектүү адабияттардын болбогону анын орто билим алуусуна кедергисин тийгизет:

- Кризиске алып келет, китеби жок балдар эмнени окуйт? Балдар билимсиз болот. Биз 40- 45 мүнөт сабакта баяндама, жолдомо беребиз. Балдар үйүнө барып жазбайт, окубайт, китеби болбосо эмнени жазат? Бизден орус жана өзбек тилдери боюнча күчтүү адабият мугалимдери кетип калды.

Танапис маалында мектептин бир бөлмөсүнө кирип, анда окуган 11-класстын окуучулары сабакка толук катышаарын Уулкан аттуу окуучу кыздан уктук.

- Китептерди бүгүн алабыз. Күзөт кызматы иштеп атат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG