Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Жалал-Абад: Коменданттык саат бүттү, абал кандай болот?


Аскерлер жана милиция кызматкерлери өзгөчө абалдын алынышына арналган жыйында, Жалал-Абад, 1-июнь
Аскерлер жана милиция кызматкерлери өзгөчө абалдын алынышына арналган жыйында, Жалал-Абад, 1-июнь

1-июнда Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда өзгөчө абал алынганы менен жарандар бул аймактар тынч болооруна көп ишенбей турушат. Алар аймакта эл тынчтыгын бузууга кызыкдар ар кандай күчтөр кайра баш көтөрүшү ыктымалдыгына кооптонот.

Убактылуу өкмөттүн үч облустагы өкүлү Исмаил Исаков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда өзгөчө абал жоюлганы менен элдин коопсуздугун облустагы тартип сакчылар көзөмөлдөөрүн билдирди.

Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков облуста кооптонбой жашоого негиз бар болгонун, тынчтыкты сактоого бийлик колдон келген аракетин жумшай турганын, ошол эле учурда облуста жашаган ар бир адам да коопсуздукту сактоого аракет кылышы керектигин айтты:

- Бүгүнкү кырдаалда 100 пайыз бардыгын сактайбыз деп айтуу кыйын. Себеби мурунку системаны каалагандар, кайра келебиз дегендер, аларга акча тараткандар арабызда бар. Элдин кооптонгону туура. Бирок ошого карабай элдин коопсуздугун сактап бергенге бүгүн биз колдон келген аракеттерди жасайбыз.

Жалал-Абад шаар тургуну Кубаныч аскерлер көчөлөрдү кыдырып, тынчтыкка абай салып турса элдин көңүлү ток болмоктугун айтып, өкмөттүк куралдуу күчтөрдүн облус борборунан кеткенин туура көргөн жок:

- Коменданттык саат маалда элдин көңүлү ток болчу. Рефрендумга чейин улайт экен деген сөз да жүргөн. Ушундай болсо жөнөкөй элге ишеничтүү болот экен, аскерлер жүрөт, демек биздин сакчылар бар экен деп коркунуч жок. Ичи ачышып калгандан чыгабы деген кооптоону адамдарда бар.

Кубанычтын пикирин облус тургуну Сабыр да кубаттады:

- Коменданттык сааттын мөөнөтү бүттү. Бирок карапайым элдин арасында мурдагыдай көзөмөл болбогондон кийин чыр-чатак, же коопсуз окуялар болуп кетиши мүмкүн деген кооптонуулар бар.

Акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова коменданттык сааттын токтотулганына кубанганы менен элди тынчсызданткан жагдайларды да ортого салды. Анын баамында, облус калкты өз кызыкчылыгына пайдалануучу адамдар менен кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүнөн арылган жок:

- Эмнегедир мен кооптонуп турам. Себеби бүгүнкү күндө кылмышкерлер өтө активдешкен. 14-май, 19-майда болгон окуялар элдин арасында бири-бирине билинбесе да карама-карышылыкты туудуруп койгон. Ошон үчүн үчүнчү, бешинчи күчтөр деген, Жалал-Абад облусунун элин өзүнүн максатында пайдалангысы келген саясатчылар, инсандар да аябай көбөйүп кетти. Элдердин бийликке анчалык ишеничи жок. Тынч уктап жактанга мүмкүн эмес.

Өзгөчө абал киргизилгенден бери облустагы укук коргоочу “Адилеттик” уюмуна бир нече адам өз укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Уюмдун маалымат катчысы Абдымалик Шариповдун ырасташынча коменданттык саатты кур дегенде бир айга узарта турса болмок. Анткени Сузак районундагы Кызыл-Байрак айылынын тургундары менен Ноокен районундагы Бүргөндү кыштагынын жашоочуларынан ал аймактарда болуп жаткан мыйзамсыздыктар, зордук-зомбулуктар тууралуу кайрылуу түшкөн.

Коменданттык саат мезгилинде өкмөттүк күчтөрдүн жол тоскон өкүлдөрү кош бойлуу аялын төрөт үйүнө жеткирген адамдан да акча алышкан. Чыр-чатак чыгаар жайларды изилдеп, жаңжалга шыкак болгон адамдарды жазага тартпаса тынч жашоо мүмкүн эмес, дейт укук коргоочу Абдымалик Шарипов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG