Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Өзбек тектүү эки адамдын өлүмү боюнча сот болот


Өлтүрүлгөн эки адамдын жакындары.
Өлтүрүлгөн эки адамдын жакындары.

Жалал-Абад шаардык соту 3-ноябрда июнь айындагы улуттар аралык араздашуу жана массалык башаламандыктарга катышкан деп айыпталгандардын ишин кароону улантат.

2-ноябрда болгон соттук отурумда адам өлтүрүүгө тиешеси бар деп шектелген айыпталуучунун жактоочусу сотко ишеним көрсөтпөй турганын билдирип, кылмыш ишти башка соттун кароосуна өткөрүүнү өтүндү. Мындай өтүнүч сот тарабынан канааттандырылган жок.

Кечээ Жалал-Абад шаардык соту 13-июнда улуту өзбек эки адамдын өлүмү боюнча сегизинчи отурумду өткөрдү. Анда киши өлтүрүүгө, улуттар аралык араздашууга жана массалык башаламандыкка тиешеси бар деп шектелген кыргыз улутундагы эки соттолуучунун биринин жактоочусу ишти караган судьядан баш тартууну өтүндү.

Калган кыргыз улутундагы эки адам каракчылык кылган жана улуттар аралык араздашууга тиешелүү деп айыпталууда. Жактоочу соттон баш тартуунун себебин таасирлүү күбөлөрдүн сотко катышпагандыгы менен байланыштырды. Өтүнүчтү эки айыпталуучу мындайча колдоду:

- Биз авдокаттын сунушун колдойбуз. Биз чакыртып атабыз, тергөөчү келген жок, кылмышкердин эч кимиси келген жок. Келгендери да жарытылуу жооп бере алышкан жок. Бизди камаганга далил жок.

Жактоочунун сунушун негизсиз деп эсептеген мамлекеттик айыптоочу жана башка соттолуучунун жактоочусу өтүнүчкө каршы болушту:

- Мен оппонентимдин сунушун колдобойм. Анткени ал мыйзамсыз. Мыйзамга ылайык, тууганчылык жайы болсо соттон баш тартуу болот. Жабырлануучулар деле айтып жатышпайбы, сот туура мыйзамдуу болуп жатат деп. Тергөөдө болбогон күбөлөр деле келип көрсөтмө берип атышат. Эгер анын сунушун башка адвокаттар колдогондо анда башка сөз эле.

Айыпталуучулар макул эмес

Тополоң маалында Хуснидин Ташматов аттуу баласы набыт болгон жабырлануучу Насирдин Ташматов менен күбөлөр кылмыш иш мыйзамдуу каралып жаткандыгын белгилешти:

- Сот ишти кароону улантсын, сот иши туура жүрүп атат, биз маселени соттун кароосуна коебуз.

Соттолуучунун атасы Арстан Жээнбеков баласын үй-бүлөсү менен кошо окуяга чейин башка жакка көчүрүп кеткенин, кыйноолордун натыйжасында уулу айыпты мойнуна алууга аргасыз болгонун билдирди:

- 13-14-июнда менин балам Жалал-Абадда болгон эмес. Мен аны жана кошуналарымды эки машина менен башка жакка көчүрүп кеткем. Окуя июнь айында болуп аткан болсо, милиция менин баламды 17-июлда кармап, түнү менен уруп, жок айыпты мойнуна зордук менен алдырышкан. Мен бул боюнча төрт жолу прокуратурага жаздым, жыйынтык чыкпады.

Бирок Жалал-Абад шаардык прокуратура кызматкери айыпталуучунун кыйноо тартканы тууралуу маалыматты ырастаган жок. Анын билдиришинче, соттолуучу Рустам Жээнбеков күнөөнү алдын ала тергөө маалында мойнуна алган. Өткөн жолку сотто ал тууралуу атайын тасма да көрсөтүлгөн.

Судья Сулмайман Атакулов соттон баш тартуу билдирүүсү кылмыш ишти кароого киришкенге чейин берилиш керек эле деп эсептеп, жактоочунун өтүнүчүн канааттандырбаган токтом чыгарып, соттук териштирүүнү 3-ноябрда уланта турган болду.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG