Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Жалал-Абаддагы кагылышта эки адам ажал тапты


Жалал-Абаддагы тополоң, 19-май.
Жалал-Абаддагы тополоң, 19-май.

Жалал-Абад шаарында шаршемби күнү кечинде кырдаал тынчып, чогулгандар таркап кетишти. Мындагы "Элдердин достугу" университетинин кеңсесине кол салуу аракетин жасагандарга күндүз ок атылып, натыйжада экөө мерт болуп, дагы жетимиш чакты адам жаракат алганы кабардалган.

Жалал-Абад шаарында 19-майда кечинде кырдаал тынчыды

Жалал-Абат облустук акимчиликтин алдына чогулган эл кечки саат тогуздарда тарап кетти. Анын алдында элдин астына чыккан ички иштер министринин милдетин аткаруучу, Жалал-Абад шаары менен Сузак районуна комендант болуп дайындалган Бакыт Алымбеков чогулгандарды тарап кетүүгө чакырган.

Бирок оболу чогулгандар улуттар арасына от жагуу аракетин жасады деп Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун президенти Кадыржан Батыровду айыпташып, аны кармап, жазага тартуу жана 14-майдагы тополоңдо да ок аткандарды табуу талабын коюшту. Бакыт Алымбеков болсо бул талаптарды аткарууга убакыт керектигин айтты. Андан көп өтпөй чогулгандар үйлөрүнө тынч тарап кетишти.

Окуянын башталышы жана өнүгүшү

Бүгүн (19-майда) эртең менен Жалал-Абаддагы “Телтору” ат майданында чогулган 5 миңден ашуун эл облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асановду кызматтан кетирүүнү, Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун президенти Кадыржан Батыровду улут арасына от жагууга аракеттенип жатат деп айыпташып, аны камоону талап кылышкан.

Андан кийин митингге чыккан миңдеген адамдар жөө жүрүш жасап, шаардын борбордук бөлүгүн көздой жөнөшкөн.

Аты-жөнүн айтпаган жергиликтүү тургундун “Азаттыкка” билдиришинче, чогулган адамдар “Элдердин Достугу” университетине барышып, имаратты таш бараңга алышканда, окуу жайдын ичиндеги күзөтчүлөр тараптан ок атылган.

ИИМдин басма сөз кызматы болсо Жалал-Абаддагы ок атышууларды четке кагып, тополоңчуларга милиция кызматкерлери эскертүү огун асманга атканын билдирди.

Убактылуу өкмөт чукул чара көрдү

Бул арада Убактылуу өкмөттүн Түштүк аймагы боюнча өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков менен ички иштер министринин милдетин аткаруучу Бактыбек Алымбеков Жалал-Абадга шашылыш жөнөп кетишти.

Мунун алдында Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Азимбек Бекназаров өлкөдөгү абалды туруксуздаштыргысы келген күчтөр бүлүк салуунун үчүнчү жолку толкунун жасоого аракеттенип жатканын айткан.

Убактылуу өкмөт билдирүү таратып, Жалал- Абаддда жана өлкөдөгү кырдаалды бузуп-жарууну максат кылган күчтөр уюштурган массалык тополоң болгонун белгиледи. Убактылуу өкмөт укук коргоо органдарынын маалыматына таянып, 12-майда Бишкекте, 13-14-майда Жалал-Абадда болгон окуялардай эле бул жолку тополоңду дагы бакиевчилер уюштурду деп эсептейт.

Кулатылган президент Бакиевдин жактоочулары Таласта, Бишкекте жана Жалал-Абадда бир нече жолу бейкүнөө адамдардын канын төгүп, Кыргызстандын элин коркута алышкан жок. Эми алар бийликти кайтарып алуу үчүн эң коркунучтуу чектен чыгып кетишти. Бул жексур адамдар өздөрүнүн кандуу оюндары аркылуу улут аралык мамилени бузуп-жарып, этникалык кагылышууларды чыгарып жатышат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Убактылуу өкмөт ошондой эле күч структуралары учурда Жалал-Абаддагы кырдаалды жеринде иликтеп коменданттык саат киргизүү зарылдыгы бары-жогун карап жатышканын билдирип, бир эле учурда бул окуяларды чагылдырууда массалык маалымат каражаттарын жоопкерчиликтүү болууга, кесиптик чеберчилигин жогору коюуга чакырды.

Убактылуу өкмөт ар кандай чагым салып, тополоң уюштурган күчтөргө катуу чара көрүлөрүн, Кыргызстанда демократиялык эркин коом куруу кадамынан артка кайтышпастыгын баса белгиледи.

Чукул кырдаал

Бул күнү кечке жуук Жалал-Абад шаары менен Сузак районуна өзгөчө абал киргизилди.

Жалал-Абадда эл арасында кагылышуулар токтобой жатканынан улам жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана кырдаалды тез арада калыбына келтирүү максатында Убактылуу өкмөт Жалал-Абад шаары менен Сузак районуна 2010-жылдын 1-июнуна чейин өзгөчө абал киргизүү тууралуу Декрет кабыл алды.

Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык аталган аймактарда кечки саат сегизден таңкы алтыга дейре коменданттык саат киргизилди. Ошондой эле ички иштер министринин милдетин аткаруучу Б. Алымбеков Жалал-Абад шаары менен Сузак районуна комендант болуп дайындалды. Бул декрет кол коюлган учурдан тарта күчүнө кирди.

Учурда шаардагы кырдаал тынч

Кабарчыбыздын маалымдашынча, саат кечки саат ондордо "Элдердин достугу" университетинин алдына чогулган К. Батыровдун тарапкерлери жана коопсуздукту камсыздоо үчүн топтолгон ыктыярдуу кошуундардын өкүлдөрү да үйлөрүнө тарап кетти.

Түн бир оокумга чейин шаардын көчөлөрүн комендатурага тиешелүү автоунаалар аралап, элди тынчтыкка үндөгөн чакырыктар айтылды.




XS
SM
MD
LG