Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:38

Бүгүн Жалал-Абад облусунда аза күтүү күнү. 14-майда контрреволюциялык күчтөр уюштурган тополоңдо эки адам окко учуп каза болуп, алтымыштай адам ар кандай жаракаттарды алган. “Азаттыктын” суроолоруна Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов жооп берди.

- Бүгүн аза күтүү кандай өтүп жатат?

Бектур Асанов: Бүгүн Жалал-Абад облусу боюнча облустук администрациянын токтому менен аза күтүү күнү деп жарыяланды. Азыр бүт райондордо, мамлекеттик мекеме уюмдарда туулар түшүрүлүп, облустук сыналгы каналдарда оюн-зоок көрсөтүүлөр токтотулду. Көпчүлүк эл чогулган жерлерде бүгүнкү күн куран окуу менен башталды.

- Башка жарадар болгондордун абалы туурасында маалыматыңыз барбы?

Бектур Асанов: Маалымат бар. Азыркы учурда ооруканада 20 киши калды, анын жетөө Сузак районунун ооруканасында, калган он үчү Жалал-Абад облустук ооруканасында жатышат. Булардын ден соолуктары азыр стабилдүү. 5-6 оор жарадар бар.

- Кагылышууда каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө жана жарадар болгондорго кандай жардамдар көрсөтүлөт?

Бектур Асанов: Сөзсүз жардам берилет. Бүгүн биз Убактылуу өкмөттүн жетекчилери менен сүйлөштүк. Жетиси күнү курман болгондордун макамы боюнча каралат, аларга берилген материалдык жардамдар, анан каза тапкан 86 эр-азаматтарыбызга кошумча бул жигиттер сексен сегизинчи болуп жазылды. Бул жагынан Убактылуу өкмөт менен сүйлөштүк, облустук бийлик тарабынан да бир топ материалдык жардамдарды берип жатабыз.

- Азыр облуста жалпы абал кандай болуп жатат?

Бектур Асанов: Саясий абал бүгүн дурус. Анча-мынча чагымчыл, ушак-айыңдарды тараткан күчтөр бар. Бирок бир жерлерде адамдардын тобу чогулуп, кандайдыр бир саясий башаламандык болгон жок.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG