Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:04

Бүгүн дүйнө коомчулугу Калкты жайгаштыруу күнүн белгилеп жатат. Анын ичинде Кыргызстан жаштары да калкты жайгаштыруу жаатында өздөрүнүн иш багыттарын аныктоо менен алек болууда. Учурдагы калктын 48 пайызын түзгөн жаштарды кандай көйгөйлөр ойлонтот? Аларды чечүү жолдору жана көрүлүп жаткан аракеттер туурасында Кыргызстандын жаштар министри Алиасбек Алымкулов “Азаттыкка” маек куруп берген.

“Азаттык”: Бүгүн Дүйнөлүк калкты жайгашыруу күнү белгиленип жатат. Бул дата Кыргызстанда кандай мааниге ээ?

Алиасбек Алымкулов: Бул маселе Кыргызстандын алкагында өтө актуалдуу мааниге ээ. Бизде азыр чогулуш болуп жатат. Жаштар калкты кантип жайгаштырыш керек, иштетиш керек, окутуш керек деген маселенин айланасында талашып-тартышып жатышат. Учурда Кыргызстандын жаштары калктын 48 пайызын түзөт. Ал 14 жаштан 35 жашка чейинки жаштар. Алар коомдо ордун табуу маселесин козгоп жатышат

“Азаттык”: Азыр кыргыз жаштарын кайсы негизги көйгөйлөр ойлондурат?

Алиасбек Алымкулов: Биринчиси, жумуш орду менен камсыз болуу. Ушунчалык көп жаштар жумушсуз жүрүп жатышат. Алардын ичинде эң талантуу, шыктуу балдар-кыздар бар. Экинчи маселе окуунун сапаты жокко чыгып жатат. Анан кедей-кембагалдар, жесирлердин балдары окубай калып, колунда барларды балдары гана окуп калып жатат. Үчүнчүдөн идеология жок болуп жатат. Жаштардын көкүрөгү бош. Аны толтуруш үчүн туура келечектүү жакшы нерселерди ойлоп табуу керек.

“Азаттык”: Быйыл Кыргызстандын биринчи жаштар министрлиги түзүлдү. Сиздер өзүнүздөрдүн иш багыттарыңыздарды аныктадыңыздарбы? Эмнеден баштайлы деп жатасыздар?

Алиасбек Алымкулов: Багыттар абдан көп болуп жатат, аны жашырганда эмне. Бир эле багыт менен кетүү мүмкүн болбой жатат. Мисалы, жаштарды жумуш менен камсыз кылуу программасын түзүү керек болуп жатат. Анын биринчи этабын өткөрүп бердим. Ош, Жалал-Абад шаарларын кайра куруу боюнча долбоор жазып бүттүк. Мындан тышкары, жаштар коомго керек экенин сезгидей шарттарды түзүү керек. Алгачкы кадам катары биз расмий министрлик болсок жакшы болот эле. Дагы эле юридикалык жактан каттала элекпиз, мөөрүбүз жок дагы эле.

“Азаттык”: Түштүктөгү окуяларды айта турган болсок. Ошол жактагы эки улуттун жаштарынын ортосундагы ынтымакты жандандыруу боюнча аракеттерди көрүп жатасыздарбы?

Алиасбек Алымкулов: Албетте, аракеттер болуп жатат. Гуманитардык жардам бөлүштүрүүдө жаштар иштеп жатты. Куралданып, Ошко барабыз деген жаштарды токтоттук. 7-апрель, түштүк окуяларында жаштар көп болду деп айтып жатышат. Демек, жаштарга көңүл бурулуш керек эле да. Министрлик түзүп коюу менен эле жаштар маселеси чечилбейт да. Бул жаштар маселесинин биринчи эле кадамы. Миң кадам бир кадамдан башталат да.

“Азаттык”: Элет жаштарын тартуу боюнча аракеттер барбы?

Алиасбек Алымкулов: Биздин негизги багыт ошол региондордо болуп жатат. Бирок аларга чыкканда эмне менен барыш керек. Аларга эмне деп айтабыз. Азыр ошого карата иштеп жатабыз. Азыр региондордо жаштардын баары жумушсуз.

“Азаттык”:
Жаштар жаштардын проблемаларын чече алабы? Биздин жаштар ошого бышып жетилдиби?

Алиасбек Алымкулов: Жок азырынча алсыз болуп турабыз. Буга убакыт керек. Жумуш кылыш керек, иштеш керек. Муну убакыт көрсөтөт.

“Азаттык”: Азыр жаштардын аң сезими кандай, алар кайда ооп баратышат?

Алиасбек Алымкулов: Менин эн корккон нерсем - бул келе жаткан шайлоо. Азыр партиялардын баары шайлоого карата жаштарды пайдаланып, тартып кетип жатат. Шайлоо бүткөндө алар кайра эле көчөдө калат. Ошондо алар коомдо ордун таппай, өздөрүн эч кимге кереги жок сезишип, тишин кайрап калган бир ачуулуу, ыңгайсыз күчтөргө айланат.

“Азаттык”: Мындай абалдан кантип чыгуу керек?

Алиасбек Алымкулов: Мен массалык маалымат каражаттары аркылуу айтып эле жатам. “Өзүңөрдү бирөөнүн колундагы куралга айлантканга мүмкүнчүлүк бербегиле.Силерди пайдаланып таштап кетет. Андан көрө биригип, мамлекеттин , донорлордун, гранттардын жардамы менен алгылыктуу иш кылалы” деп жатам. Бирок партияларда акча көп экен. Жаштар эриген кардай болуп кетип жатат. Бул чындык. Кыргызстандын азыркы жаштарынын үмүт тилеги көп, бирок алар өзүнүн керектигин сезе албаган, коомдо өз ордун таба албаган агымга айланып баратат. Суу булактан башталат деген. Булактын көзү ачылды го, эми булак акырындап сууга айланат го. Эми буйурса иштеш гана керек.

"Азаттыктын" архивинен.



Элдик ыңкылаптын баатыры Алияс Алымкулов

7-апрелдеги Элдик ыңкылап маалында Алияс Алымкуловдун башына ок тийип, аман калган. Азыркынын баатыры, куралсыз топтун лидери Алияс мырза ошол тарыхый күндү эскерип, "Азаттыкка" маек курду. KJ. 24.4.2010.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG