Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Жанар Акаев: Жапонияда "Азаттык плюска" жогору баа берилди


"Асахи Шимбун" гезитинин кеңсеси, Жапония
"Асахи Шимбун" гезитинин кеңсеси, Жапония

"Азаттыктын" кабарчысы Жанар Акаев Азия мамлекеттеринин журналисттери үчүн уюштурулган сынакта 2-орунду багындырды. Сыйлык тапшыруу салтанаты Жапониянын борбору Токио калаасында өтүп, калыстар курамы кабарчыбыздын Бишкектин четиндеги жаңы конуштар тууралуу жазган макаласына жана берүүгө өз баасын берди.

- Жанар, бул кандай сынак, шарттары кандай болду?

- Бул сынакты Азия өнүктүрүү банкы уюштурган. Азия өлкөлөрүндөгү журналисттер үчүн жыл сайын өткөрүлөт экен. Жалпы эле биз жашаган аймактагы олуттуу көйгөйлөр, өзгөчө финансылык кризистин таасири, шаарлардагы проблемалар тууралуу мыкты аналитикалык макала жазуу керек болчу.

"Азаттык плюс" сыналгы тобу Бишкектин чет жакасындагы жаңы конуштар тууралуу программа тартып, андан сырткары мен ошол эле конуштарда жашаган өспүрүмдөр тууралуу макала жазгам. Негизги оюбуз ошол конуштарга балким каржылык көмөк көрсөтчү уюмдар чыгып калар дегенбиз.

Бул жылы сынакка 180 журналист катышып, финалга 20 киши чыккан. Көбүнчө эле Индия, Пакистан жана Филиппин өлкөлөрүнөн журналисттер келген экен.

Калыстар курамына мен интернет сайтыбызга коюлган берүүлөрдүн айрымдарын көрсөттүм. "Азаттык плюс" калктын көйгөйүн чагылдырууда, кайсы бир маселени коомчулука алып чыгууда мыкты форматты тандап алыптыр деген баа берилди.

- Жапонияга биринчи жолу бардың да. Бул өлкө сага кандай таасир калтырды?

- Ооба, биринчи жолу бардым. Жапондордун маданияттуулугу, калкынын ушунчалык жогорку адамгерчилик дейбизби, кыскасы адамга жасаган мамилеси катуу таасирлентти. Алардан эмгекчилдикти, маданияттуулукту үйрөнсөк жакшы болот эле деп ойлодум. Бирок өтө кымбат шаар экен, тамактанып, таксиге чыкканым үчүн эле бир топ акчамды короттум. Ал акчага Кыргызстанда бир ай кенен жашайсың.

- Жапониядагы кыргыздар менен жолуга алдыңбы?


- Ооба, алар мени жеңишим менен куттуктап келишти. Токионун кооз жерлерине алып барышып, көп жерлерди көрсөтүштү. Мисалы, Токиодо интернет пайдалануучулар үчүн белгилүү болуп калган абдан активдүү жигит бар, аты Сейтек Качкынбаев. Ал менен жапондор тууралуу абдан көп нерсени сүйлөштүк. Сейтек мырза элчилердин билим деңгээли өтө төмөн болуп жатканын айтты.

- Жапондордун маданияты тууралуу айтып жатасың. Ал кыздары менен таанышып жатканда билиндиби?

- Жок, кыздар менен тааныша албай калдым. Ал жакта кыздар менен таанышуу өзүнчө эле бир узак процесс экен. Мисалы, мен жапон болсом бир кызды жактырып, ага сүйүүмдү билдирүү деген бир топ убакытты алат экен. Керек болсо автобуста кетип бара жатканда, кыздарга бет маңдай турбай, артыңды салып туруу керек экен. Ашкере маданияттуулуктун зыян жактары дейт элем мен муну.

- Анын үстүнө сен жапондорго аябай окшошсуң, айырмаланбай эле калсаң керек?

- Жок-жок. Тескерисинче, жапончо билбегениме абдан таң калып жатышты. Кээде мени жапон деп кабыл алып, бир нерселерди сурап кайрылышат, билбесен таң калат. Жапондор англисче көп сүйлөшпөйт, жактыра да беришпейт экен. Бирок мен адамдарга кайрылганда аларга салыштырмалуу өтө орой сезилсем керек.

- Катуу таасирленгениң байкалып турат, кайра кеткиң келгендей туюлуп жатат мага?

- Чын эле, Токиодо 2 жылга окууга барууну максат кылып жатам. Кайсы бир абройлуу университетинде саясий журналистиканы абдан мыкты окутат экен. Ошол адистикке тапшырып, билимди тереңдеткенге абдан кызыгып калдым.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG