Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

А. Куваяма: Кыргыздардын “кудай буйруса” дегени жагып калды


Жапониядан келген волонтер Ацуши Куваяма "Азаттыктын" студиясында, 23-ноябрь.
Жапониядан келген волонтер Ацуши Куваяма "Азаттыктын" студиясында, 23-ноябрь.

Ушул апта Бишкекте жапон жумалыгы өтүп, жапондуктар салттуу жана заманбап маданияты менен шаар тургундарын тааныштырууда.

Биз болсо Жапониядан келип, кыргызча түш жооруп калган Ацуши Куваяманы сөзгө тарттык. Кыргызча Адилет деген ысым алган жапон жигити эки элдин окшоштуктары, айырмасы жана Кыргызстандан алган таасирлери тууралуу кеп салып берди.

"Азаттык":
Сиз өзүңүздү Адилет деп тааныштырдыңыз. Эмне үчүн Адилет деген атты тандап алдыңыз?

Адилет: Менин Нарында чогуу жашаган үй-бүлөм мага ушул атты беришти, Адилет депчи.

"Азаттык": Бул ат эмнени түшүндүрөт болду экен деп кызыгып көрдүңүзбү?

Адилет: Алар менимче мени адилеттүү болсун десе керек. Анан менин чогуу жашаган иним Адылбек. Ошон үчүн уйкаш кылып койгон.

"Азаттык":
Кыргызстанга кандайча келип калдыңыз, Нарын жактыбы?

Адилет: Нарында жашаганды жакшы көрөм. Аябай сонун. Мен болсо, ЖАЙКА жапон эл аралык кызматташуу агенттигинин жардамы менен тандалып, волонтер болуп келгем. Жаштар менен чогуу иштейли деп келдик. Келгениме үч ай болду. Тилди бир жылда үйрөндүм. Тез эле үйрөндүм. Анткени биздин тилдердин грамматикасы абдан окшош.

Анан мен "Азаттыкты" Жапонияда жүргөндө интернеттен таап угаар элем кызыгып. Бүгүн бул радиодон өзүм чыгып жатканыма сүйүнүп жатам. Ойлогон эмесмин такыр. Бирок Бишкекке келгенде кыргызча кайрылсаң, сага орусча жооп беришет экен. Нарында болсо башкача. Эл өтө жөнөкөй.

"Азаттык":
Биз Жапония дегенде эле сакура, саке, чай ичишмей, гүл жасалгалоо же икебананы элестетебиз. Сиз Жапонияга барганда тааныштарыңызга биз жөнүндө эмнелерди айтып берет элеңиз?

Адилет: Мен эң биринчи бешбармак жөнүндө айтам го. Тойдун аягында дайыма келип, колду жууп, ар кандай каалоо айтып, чогуу отуруп бешбармак жейбиз, албетте арак менен. Ошону жакшы көрөм.

"Азаттык": Арак ичип, бешбармак жеген жакшы бекен?

Адилет: Ии.

"Азаттык": Жапонияда эт анча көп желбейт. Көбүнчө күрүч жешет деп айтып калышат. Сизге эт жегенди нарындыктар үйрөттүбү? Устукан жедиңизби, сөөк мүлжүп дегендей?

Адилет: Ооба, алар мага үйрөтүп беришти. Аягына чейин жей алган жокмун. Бирок акырындап ашказан да көнүп калды.

"Азаттык":
Чын эле арак көп ичилет бекен?

Адилет: Бирок негизи мен жашаган үй-бүлө арак ичпейт экен. Ошон үчүн мен анда-санда көчөдөн ичип үйгө келип жаттым.

"Азаттык": Мас болдуңузбу?

Адилет: Ии, анда-санда.

"Азаттык": Кыргызстанда эмне сизге жаккан жок?

Адилет: Башында кыргыздардын пландаштырбай жүргөндөрүн жакшы көргөн жокмун. Бирок азыр ошону жакшы көрүп калдым. Себеби кокустукка баш ийип, кудай буйруса деп койгонду аябай жакшы көрөм. Мурда жолугабыз деп коюп, жолукпай койгондору жаккан эмес. Эми кудай буйруса деп дайыма айтып, ошентип ар кандай нерсе болот го деген жакты.

"Азаттык": Анда сиз дагы кээде кудай буйруса деп коюп эле кечиккенди үйрөнүп алдыңызбы?

Адилет: Ооба. Көп кечиктим... Эсепсиз.

"Азаттык": Кыргыздар менен жапондор анда ошентип эле окшошуп калат турбайбы. Негизи кыргыз, жапондордун сырткы келбети окшош. Ички мүнөзүндө да окшоштук бар бекен?

Адилет: Аа, мүнөзү башкача го. Бирок мен биз бир тууганбыз деп ишенем. Тилинин булагы да бир - алтай деген. Ошон үчүн биз аябай байланыштуубуз деп ойлойм.

"Азаттык": Нарында жапон жигит келиптир деп кыздар тийиштиби, таанышалы деп?

Адилет: Аа, мен ошону каалайм да. Ооба тааныштым, досторум бар.

"Азаттык": Ким деген кыз менен тааныштыңыз сыр болбосо?

Адилет: Жок, бул сыр. Сырды ачпаңыз.

"Азаттык":
Качан кайра кетесиз? Кыргызстанда калгыңыз келеби же элиңизди сагындыңызбы?

Адилет: Жок, сагынбайм деле. Анда-санда үй-бүлөм менен интернет аркылуу байланышып турам. Кетем деген оюм жок.


  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG