Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

Экономикалык өнүгүү министринин милдетин аткаруучу А. Жапаров президент баштаган реформалар элдин турмушун жакшыртууга өбөлгө түзөт деп үмүт артууда.

- Сизден бүгүн жарыяланган реформа боюнча өкмөттө беш жылдай иштеп калган адам катары көз карашыңызды сурайлы деп турабыз. Буга чейин ар кандай деңгээлде айтылып келген ырастоолордун бири - экономиканы башкарууда өкмөт өз алдынчылыкка ээ эмес, үй-бүлөгө, же башка бир таасирлүү адамдарга көз каранды, негизги чечимдер өкмөттүн ичинде эмес, сыртта, тар чөйрөнүн ичинде кабыл алынат, бирок жоопкерчиликке келгенде өкмөт садага чабылат деген маселе да. Эми реформанын максаттарынын бири жеке фактордун таасирин азайтуу экенин бүгүн президент айтып кетти. Кандай дейсиз, сунуш кылынган реформа ушул башкы көйгөйдү сиздин көз карашыңызда чече алабы?

- Чечер-чечпесин убакыт көрсөтөт го. Бирок шайлоодон кийин булуң-бурчтарга барып жолугуп, азыркы иштеп аткан башкаруу системасынын бир топ ийгиликтери менен чогуу кемчиликтерин көргөндөн кийин президент экинчи мөөнөттө ушундай шарттарга, анан ушундай реформага барып аткандан кийин, мен ойлоп атам, келерки 2-3 жылдын ичинде экономикадагы темптин өсүшү элдин турмушунун оңолушу менен айкалышы керек деген президенттин оюна мен толугу менен кошулат элем. Реформа реформа үчүн эмес, реформа Кыргызстанда жашап аткан атуулдардын жашоосун мындан ары жакшыртууга, жакырчылыкты азайтууга жумшалат. Ошону менен бирге чиновниктерге кетип аткан каражаттардын азайышы да күтүлүүдө дегенге мен кошулат элем.

- Ошол эми сиз айтып аткан жемишти эл качан сезе баштайт деп болжолдойсуз?

- Эми бул экономикада бир күндө эле болуп кала турган нерселер эмес. Президент 1-2 жылдын ичинде сезилет деп өзүнүн сөзүндө айтып кетти. Мен ойлоп атам, ушул убакыттын ичинде реформа туура багытта баратабы, барган жокпу билинип калат. Ал эми 3-4 жылдын ичинде экономикадагы структуралык өзгөртүүлөр дээрлик сезилип калат деген менин ой-пикирим бар.

- Сиз жетектеп келген министрликтин жаңыча аталышы эми Экономикалык жөнгө салуу министрлиги деп аталат экен. Аттын алмашуусу затына кандай таасир берет?

- Жөнгө салуу эмес, Экономикалык тескөө министрлиги болуп калды. Бул жерге фискалдык саясаттын баары, техникалык тескөө боюнча саясат, тарифтик, тарифтик эмес саясаттын баары толугу менен өткөрүлүп берилип атат. Ошону менен бирге кайра иштетүү функциялары Айыл чарба министрлигине, ал эми өндүрүш функциялары Энергетика жана өнөр жай министрлигине кошулуп берилип аткандан кийин ушул модернизацияга мындан ары катуу көңүл бурулат, бул биринчиден.

Экинчиден, биздин бизнести өнүктүрүүгө болгон тоскоолдуктарды жок кылууга жакшы шарттар түзүлүп атат го дейм. Анткени лицензиялык-уруксат берүү системасын дагы ушул министрликке берип, мындан ары дагы өкмөттүн эң бир чоң жумушунун, багытынын бири болгон ишкерлерге шарт түзүп берүү боюнча милдеттенмелер биздин министрликке жүктөлгөн экен. Буюрса эми Жарлык чыга турган болсо, анда ошонун үстүндө иштөөгө даярбыз.

- Экономиканы тейлеген жетекчилердин бири катары сизге дагы бир суроо. Президенттин бүгүнкү сөзүнөн кийин кандай таасирде калдыныз? Күч структаралары абдан күчтөнүп кетпейби, Кыргызстандын тажрыйбасы көргөзгөндөй мындан экономикага оң таасир боло бербейт го?

- Өзүңүздөр билип атасыздар, азыркы учурда терроризм фактору абдан катуу күч алып атат. Ооганстандагы болуп аткан окуяларга өзүңүздөр күбө болуп атасыздар. Ошондуктан Баткенде болгон окуя кайталанбаш үчүн ушундай реформаларга барганы туура эле го деп атам. Анткени экономика качан өнүгөт? Экономика тынчтык жана стабилдүү өлкөдө гана өнүгүшү мүмкүн. Ошондуктан кудай сактасын, террористтерди киргизбей, ошолорго алдын ала чара көрө турган болсок, анда экономикалык жүрүштөрдү илгерилетүүгө шарттардын баары түзүлөт деген менин ой-пикирим бар.

- Терроризм деген башка маселе, ички маселеде күч мекемелеринин күчтөнүүсү бизнестин ишине кандай таасир берет?

- Ички жагынан болсо, өзүңүздөр бүгүн уксаңыздар керек, президент атайын баса белгилеп кетти, күч структураларында болгон экономикалык бузууларга жол бербөөгө жана ошол жакта болгон бузууларды иликтөөгө бир гана ведомство жооп берет, бул финансылык полиция деп.

Ошондуктан мурункудай Башкы прокуратура, же болбосо ИИМ, же Коопсуздук кызматы бири-бирине оодара бере бербестен, мындан ары бир гана орган жооп берет деп атат. Ошондуктан мен ойлоп атам, 4 органдын ордуна бир орган текшерүү жагын колуна ала турган болсо, анда ошол органдын жоопкерчилиги дагы көтөрүлөт, ошонун эффективдүү, же эффективдүү эмес экени дагы билинип калат.

- Маегиңизге чоң рахмат.

Тасмада: Бийликти реформалоодон майнап чыгабы?

Президент Курманбек Бакиев башкаруу системасы кандай реформаланарын жарыялашына байланыштуу Бишкектен көчө маек уюштурдук. 20-октябрь, 2009-ж. MiT. ZMa.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG