Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:47

Курултай Жекшенкуловго боштондук талап кылды


Арашан айылында ишемби күнү болгон БЭКтин курултайында абакта жаткан Аликбек Жекшенкуловго боштондук талап кылган үндөр жаңырды. Ошол жерде бир канча жүздөгөн адам бул талапты колдоп кол коюп бергени айтылууда. Аликбек Жекшенкуловду абактан бошотуу талабы менен анын жактоочулары март айынан бери жарандардан кол топтошууда.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов киши өлтүрүү кылмышына катышы бар деген айып менен 9-мартта кармалган. ИИМ экспертизанын жыйынтыгына таянып, Жекшенкуловдун сыйлыкка алган куралынан 2007-жылы түрк ишкери Сервет Четин өлтүрүлгөн деген билдирүү жарыялаган.

Аны баш коргоо чарасын өзгөртүп камактан чыгаруу жөнүндө өтүнүчтү сот четке кагып койгон. Оппозициячыл саясий ишмер ошол убактан бери Улуттук Коопсуздук кызматынын тергөө абагында кармалууда.

"Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун жактоочулары 11-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун алдында пикет өткөрүштү.
Аликбек Жекшенкулов тышкы иштер министри кызматынан түшүп, оппозицияга ооп кеткенден кийин анын расмий бийлик менен мамилеси татаалдашып кеткен. Күч органдары анын министр кезиндеги ишмердигин казып чыгышып, министрликтин имаратында жүргүзүлгөн ремонт учурунда Кытай өндүрүшүнөн чыккан жука каалгаларды калың каалгаларга алмаштырып, казынага 690 миң сомдук зыян келтирген деген кине менен кылмыш ишин козгошкон.

Ошондой эле баласы Беккул Жекшенкуловге кафеде бейбаштык кылган деген кине менен, иниси Таалайбек Медеркуловго Балыкчы шаарынын вице-мэри болуп турган кезде тендердик комиссиянын ишин натуура жүргүзгөн деген кине менен кылмыш иштери ачылып, алар тергөө сурагында жүрүшөт.

Андан тышкары аталаш эки тууганы, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Калык Иманкулов менен мурунку президенттин иш башкармалыгынын кызматкери Малик Иманкуловдор да мурунку иштери боюнча сурак берип жатышат.

Аликбек Жекшенкулов өз кезегинде бийлик аны оппозициянын катарындагы саясий ишмердиги үчүн жазалоо максатында өзүн жана баласын, туугандарын куугунтукка алып жатканын айтып келатат.

Саясатчылар, укук коргоочулар Аликбек Жекшенкуловдун камакка алынышын саясий куугунтуктун накта көрүнүшү катары айыптаган билдирүүлөрүн таратып келатышат.

- Бул саясий куугунтуктун жеткен чеги, мындан ары болууга мүмкүн эмес. Мына ушул эле бүгүнкү бийликтин бүтөөр күнү жакындап калгандыгын, агонияга түшүп калган сыяктуу болуп, тырышып жаткандыгынын белгиси болот. Жекшенкуловдун пистолети ушул кылмыш ишине байланышкан болсо, мурун эле Саиповдун иши боюнча текшерилип атканда бул пистолетти жоготуп таштаса деле болот болчу,- деп билдирген "Азаттыкка" Бириккен Элдик кыймылдын мүчөсү Мукар Чолпонбаев.
:

XS
SM
MD
LG