Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

Кыргызстанда алтын кендердин тегерегиндеги чатак кайрадан козголууда. Таласта “Жерүй” кенин иштетүү боюнча өкмөттөн берилген уруксат мөөнөтү аяктап, кайрадан тендер жарыяланганы турат.

Таластын тургуну Сыргабек Молдобаев өкмөт кендерди иштетүүдө эл аралык мыйзамдардын негизинде ачык болушу керек деп эсептейт.

- “Жерүй” алтын кенин иштетүү тууралуу өкмөткө, кен иштетүүчү компания башчыларына талап коюп жатасыңар. Мына ушул тууралуу сөз баштасаңыз.

- Мурда элдин көпчүлүгү түшүнбөстөн “иштесин-иштебесин” деп, анын тегерегинде ар кандай чыр-чатактар болгон, бул баарына маалым. Азыр эл түшүнүү менен кабыл ала баштады. Бирок “Жерүй” алтын компаниясы иштегенине беш жылдан ашса да алгылыктуу иш жасаган эмес. Булар алып сатуу менен эле алек болушкан. Ошонун негизинде 48 милион долларга сатылган деген айрым фактылар бар.

“Жерүй” долбооруна акча көп жумшалгандыктан, тендер менен адам укугун тебелебеген, экологиялык коопсуздукка маани берген компания келип, алардын иши ачык болсо эл буга каршы эмес. Эгер мурдагыдай эле жең ичинен сатылып, ар кимдин өз кызыкчылыгына ойной турган болсо анда бул кендин ачылышы дагы көп чыр-чатактарга алып барат.

- Демек кенди иштетүүдө өйдөдөн эмес, ылдый жагынан, элден уруксат алып иштетиш керек деген талап турбайбы?

- Мына, “биз фондго мынча акча беребиз, буларды куруп беребиз” деп, ушулардын баарын эл менен бирге иш алып барып, эл менен келишим түзгөн соң анан мамлекет ал же башка компанияга иш алып барууга уруксат берсе бул Талас облусунун экономикасын оңдогонго түзүк болот деп ойлойбуз.

Азыр бир топ компаниялар “Жерүй” кенин иштеткенге аракет кылып жүрүшөт. Орусиянын эки-үч компаниясы, анын ичинде “Полюс золота”, кытайлар жүрөт, ошол эле “Визор групп” кайра катышабыз деп жатат. Эми ошолорго тендер жарыялап, аны ачык өткөрүп, элди катыштырып, журналисттерди чакырса, ошондо Кыргызстанда алгачкы ачык пилоттук кен болот. Азыр “Жерүй” кенин 1962-жылдан бери иштете албай жатып, “Андаш”, “Талды-Булакты” ачабыз деген бул түшкө кирбеген нерсе.

Экономикага салым

- “Жерүй” кенин иштеткенге канча компания келди? Булар эмне үчүн кенди ача албай жатат?

- Мисалы, лицензияны алат, 300 сомго сатып алат, анан алар ошол долбоорду иштеп чыгып эле Лондондогу биржага ойнотуп, кайра эле миллион-милион деген долларга башка компанияларга сатып биздеги казыла элек алтындын негизинде алар байып жатпайбы. Аны менен бирге “биз мынча чыгым кылганбыз” деп кыргыздардын мойнуна ошол илип коюп жатпайбы. Ошого кайыл болуп, “Кумтөргө” окшогондор мамлекетибизге көп пайда бере албай жатышат, мындан ары гана пайда бербесе.

- Ошол эле учурда ал компаниялар тарабынан жергиликтүү тургундар жакшы жардам алганын угабыз.

- “Оксус” компаниясы, “Талас Голд Майнинг Компани” Талас райондук оорукананы толугу менен ремонттон өткөрүп, облустук акимчиликтин артындагы сейил бакты тегерете темир дарбазалар менен курчап беришкен. Андан соң “Глобал Голд” деген компания келип, майда-барат жардам көрсөттү. Бекмолдо айылындагы мектептин полун оңдоп, өздөрү тарабынан түзүлгөн футболдук командага каражат бөлүштү, балдар ойной турган аянчаларга жардам көрсөтүштү. Эми мунун баарын эсептеп келсек Франс Шлоссердин бир алган айылыгына жетсе жетет, жетпесе жок. Бирок ошонун баарын иш кагаздарында асмандын башы кылып көрсөтүп жатышпайбы. Булар, мисалы, 30-40 милион доллар короттук дейт, чындыгында болгону 10 милион короду болушу керек.

- “Талас Голд Майнинг” компаниясына алар тарабынан зыян калдыктар сактоочу жайды кайрадан реконструкциялап бергиле деген талаптарды көтөрүп чыккан элеңер.

- Бул Революциялык комитет тарабынан биринчи көтөрүлгөн маселе болчу. Аны жергиликтүү депутаттар колдоп, “Оксус” компаниясынын башкы директорун чакырып, Таластагы алардын мекемесинде жолугушуу өткөргөн соң алар “долбоор жазып жатабыз, долбоор бүтсө эле ишти баштайбыз” деген. Азыр долбоор бүтүп, Кулун эмбес жайлоосундагы алгачкы зыян сактоочу бассейинди суу чыгып кеткенине байланыштуу кайрадан калыбына келтирип жатышат. Мен жакында текшерип келгенде, жумуштун 50 пайыздан ашыгы аткарылып калды.

- Көп жылдан бери кендердин тегерегинде иш алып барып жататсыз, сизге компаниялар тарабынан кысым же башка кызыкчылыктарга тартуу аракети болгон жокпу?

- Аны болгон жок деп айтууга болбойт. ТГМКда иштеген бир кезде ал компанияга боор тартып жатат деген сөздөр болгон. Бирок ошол жакта иштеп жатканда да элдин жогоруда айткан талаптарын көтөрүп чыгып, Атамбаевди таш менен урду деп бир апта камакка алынып, соттолгон учурларды силер да билесиңер. Азыр анча-мынча компаниялар да чыгып жатат, “биз иштейт элек” деп, мен “иштесеңер тендерге катышкыла” деп жатам. Аны мамлекет чечет, “тендерден жеңесиңер, мамлекетке пайда келтиресиңер, иштейсиңер, келтирбесеңер жок” деп ачык эле айтып жүрөм бардык жерде.

- Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG