Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:04

Кызматынан четтетилген соттор өз укуктарын коргоп чыгышат. Бул тууралуу кызматтан четтетилген соттордун бири - Жогорку Соттун судьясы Низамидин Азимжанов 3-августта маалымат жыйынында билдирди. Өткөн аптада президенттин жарлыгы менен 26 сот кызматынан четтетилген болчу.

Мындай массалык түрдө соттордун кызматтан алынышы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Алардын айрымдарына кылмыш иши козголушу ыктымалдыгы да айтылууда.

Кыргызстандын Эмгек сиңирген юристи, Жогорку Соттун судьясы Низамидин Азимжанов кызмат учурунда эч кандай мыйзам бузбаганын ырастап, президент Роза Отунбаевага кат жолдоп, өзүнүн тегерегиндеги ишти текшерип, кайра кызматына коюусун суранууда. Ошондой эле бир убакта 20дан ашуун соттун кызматтан алынышы ушул тармакты аксатып коюшу ыктымал деп эсептейт. Н.Азимжановдун айтымында, кызматтан четтетилген бардык соттор иш билги, тажрыйбасы мол кызматкерлер болгон.

Эскерте кетсек, өткөн аптада Убактылуу өкмөттүн сот, прокуратура тармагын көзөмөлдөгөн мүчөсү Азимбек Бекназаров президент Роза Отунбаева бир катар судьяларды кызматтан алуу тууралуу жарлыкка кол койгондугун, бир катар соттор адилетсиз чечими менен канчалаган адамдардын тагдырына балта чапкандыгын билдирген эле. Соттордун арасында Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Жаңыл Алиева, Аскер сотунун мурдагы төрагасы Чубак Абышкаев, Серик Абдиев, Бишкек шаардык сотунун төрагасы Марат Султанов бар экени айтылган.

А.Бекназаров Н.Азимжановдун 2001-жылы Феликс Куловдун ишин карап соттоп, генералдыгын алгандыгын, кайра эле 2005-жылы март ыңкылабынан кийин Ф.Куловду актап чыкканын айыптап чыккан. Ал “өзү соттоп, өзү актоого мыйзам тыюу салат” деп билдирген.

Анктен менен Н.Азимжанов учурунда Ф.Куловдун сотуна катышпоого ниетин билдирип, бирок мыйзамда мындай тыюу жоктугунан улам катышканын айтат.

- Мен ал сотко өзүм жалгыз катышкан жерим жок да. Ага 12 соттун ичинде катышканын чын. Бирок мен жашыруун болмөдө кандай добуш бергенимди ачыктаганаг укугум жок. Балким мен Ф.Куловду акташ керек дедим, балким мен каршы болдум, аны айтканга укугум жок. Эгер мен ошол учурда кемчилик кетирдим деп эсептесек анда мени 3 жылдын ичинде кызматтан алышы керек болчу да. Бирок андан бери 5,5 жыл өтпөдүбү. Азыр чукуп чыгып атат. Дагы бир нерсе: 2007-жылы мени сот кылып шайлаганда А.Бекназаров депутат болчу. Менин эсимде, ал мага добуш берген.

Ал эми Азимбек Бекназаров учурда элдердин көбү сотторго ишенбей тургандыгын, кызматтан алынгандардын көбү Ак үйдүн тапшырмасын аткарып, кызматтан пайдаланган деп билдирген эле. Анын айтымында, бул көрүнүштү сот системасындагы башка кызматкерлер сабак катары кабылдашы керек.

- Негизинен коомчулуктун 80-90 пайызы соттордун иштерине нааразы. Биз соттук корпуска “дагы да болсо эсиңерге келгиле, мындан кийин оңолгула, акыйкат, жаңыча чечим чыгарганды үйрөнгүлө, мыйзам чегинде иштөөгө өтөлү” деген чакырык болсун деп эсептеп жатабыз.

Сотторго элдин ишеними жакшы эмес экенин тастыктаган Н.Азимжанов, бул маселе сотторду кызматтан алуу менен чечилбей турганын айтат.

- Соттордун баары эле күнөөлүү эмес. Арасында бар, тана албайбыз. Кызмат кылгандары, буйрук менен иш карагандары бар. Мен жеке өзүмдү алайын. Мен эч кимдин буйругун аткарган жокмун. Мен сот болуп М.Горбачевдун убагынан бери иштеп келе жатам, Бакиевдин убагында эле келип калган жерим жок.

Деген менен айрым серепчилер сотторду массалык түрдө кызматтан алуу мыйзамдуу болгон менен сот системасы мындан оңолбой турганын белгилеп жатышат. Маселен саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев кызматтан алынган соттордун тажрыйбасын эске албаганда деле сот системасында жоопкерчилик болмоюн абал оңолбой турганын белгиледи.

- Кеп адамдарды кызматтан алууда эмес. Ташматтын ордуна Эшмат отурушу ыктымал. Сот системасында ачыктык, жоопкерчилик болуш керек. Адамдардын ордун гана алмаштырып койгондун кереги жок. Эми алардын канчалык тажрыйбасы бар экенин да биз билбейбиз. Ошондуктан айтуу кыйын.

Учурда кызматтан четтетилген айрым сотторго иш козголушу ыктымалдыгы да айтылууда. Азырынча тиешелүү органдар бул боюнча маалыматы жоктугун айтышты. Ал эми калган соттор да өздөрүнүн укугун коргоп чыга турганы белгиленип жатат. Мыйзам боюнча сотторду Жогорку Кеңеш дайындайт. Ага ылайык кызматтан четтетилген соттордун тагдырын келе турган парламент аныктайт шекилдүү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG