Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:30

Ош менен Жалал-Абаддагы кандуу кагылыштарда курман болгондордун саны жүз токсонго чукулдады. Бирок бул кагылыштан ажал тапкандардын саны мындай расмий маалыматтан алдаганча арбын болушу мүмкүн экендиги да айтылууда.

Учурда канабайрамдын себеп-жөнү иликтенип, алтымышка жакын кылмыш иштери ачылып, отузга жакын шектүү адамдар кармалган. Узакка созулчу түйшүгү татаал укуктук иш-аракеттер башталды.


Сыртта тургандар кимдер?

Кыргызстандын мамлекет катары мындан аркы тагдырына таасир тийгизчү катаал сыноолор Ош менен Жалал-Абаддагы кандуу кагылыштар болду. Азырынча анын чыгыш себеби, өлкөнү бүлгүнгө учураткан күчтөр кимдер экени так аныктала элек. Убактылуу өкмөт башчы орунбасарынын милдетин аткаруучу А.Бекназаровдун ырасташынча, 6-7-апрелден башталган кагылыш-тирештердин маал-маалы менен кайталанып келаткан тизмесинен калабанын артында кимдер турганын боологолосо болот.

- Он биринде таң атпай биз Ошко бардык. Ошондо биз өз көзүбүз менен көрдүк. Жакшы даярдалган акция экен. Атүгүл биздин телефондор алардын колунда болот. Улам телефон чалат. Ой буякта адамдарды кырып койду, бул жакка келбейсиңерби? БТР менен ал жакка барсаң кайра анын каршысынан мына бул жерде адамдарды союп атат, келе калгыла. Аякка барсаң кайта каршысын айтат. Түшкө чейин биз билдик. Сулайман тоосунун чокусуна олтуруп башкарып аткан адамдарды. БТР каякка кетип атат, машинелер каякка кетип атат? Атайын ушундай нерселерди башкарып отурду.

А.Бекназаров адам өлүмү, материалдык зыяндардын өлчөмүн аныктап чыгууга бери дегенде жарым жыл убакыт сарп кылынарын, алдыда чиешкен татаал маселелер турганын белгиледи. Бул милдет атайын кызмат өкүлдөрүнөн, криминалдык адистерден турган ведомстуктар ортолук топко жүктөлөт. Аны каржылоо милдетин Убактылуу өкмөт өзүнө алган.

Баа берүү зарылдыгы

Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбек Акун Ош менен Жалал-Абаддагы кагылыштардын чыгыш себеби терең иликтенип, ага саясий-укуктук баа берилиши керек, деп эсептейт. Анын айтуусунда, 1990-жылкы Ош окуясына да саясий баа берилген эмес. Бул ирет болсо жаңжалды басууга жөнөтүлгөн атайын аскерлер жетиштүү курал-жарак менен да жакшы камсыз кылынган эмес.

- Ошолор айтат. Биз автоматты көтөрүп жүрөбүз дейт. Бирок магазиндери бош дейт кээ бирөөсүнүкү. Аскерлердин өзү айтат, автоматтарын, магазиндерин көрсөтөт. Арабызда эки-үчөөбүздүкү бош, бар экен деп айтып атабыз дейт. Кадим автоматтын ичинде бардай сүр көрсөтүп атабыз дейт. Ал эми тиги тарап дейт, канча күндөн бери атып атат дейт. Алардыкы эмне үчүн түгөнбөйт? Же түгөнбөгөн октору барбы дейт.

“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын ырасташынча, кагылыштан жүрөкзаада болгон адамдардын бийликке ишеними азаюуда.

- Өкмөткө ишенем деген адамдар дегеле жок болуп жатат. Бүгүнкү күнү мобилизацияны көрүп алып, жалаң кыргыздардан армия болуп алганын көрүп алар ого бетер коркушуп, жанагы жабылып турган махаллялардын ичинде ар кандай провокациялык иштер да болуп жатат.

Белгилүү коомдук ишмер Курманбек Осмонов учурда жаатташкан тараптар ыкка келип, кагылышты токтотуп, мунасага келе башташканын белгиледи.

- Бар-жогу тынчып калды, баарысы жайгарылып калды, деп айтууга али эрте. Себеби айрыкча улуттар аралык мамилени бетке кармап, анан ушундай массалык башаламандыкты, арты жамандык менен бүткөн массалык окуяларды уюштурууда албетте, кандайдыр бир күчтөрдүн түрткүсү себеп болот.

Кыргызстан башынан кечирип жаткан калабанын себеп-жөнүн кылдат иликтеп ага саясий баа берүү, кандуу калабаны эларалык уюмдардын көмөгүнө таянып изилдөө зарылдыгы айтылууда. Убактылуу өкмөттүн токтому менен апрелдеги Талас, Бишкектеги окуялар, андан кийинки Жалал-Абаддагы жаңжалды иликтеп, ага саясий баа берүүчү мамлекеттик комиссия түзүлгөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG