Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Бийлик менен оппозицияны ымалага чакырган форумга расмий өкүлдөр келбеди


Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

Бишкекте бийлик менен оппозицияны ымалага чакырган форум өтүүдө. Кыргызстан демократиялык кыймылынын жыйынына президенттик аппараттан, Жогорку Кенештеги фракциялардан өкүлдөр чакырылган. Бирок алардан бир да киши келген жок. Жыйынга айрым саясий партиялардын мүчөлөрү гана катышууда. Көрүнүктүү саясий ишмерлерден Азимбек Бекназаров жыйынга катышууда.

Кыргызстан демократиялык кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундун маалымдашынча, бул жыйында Конституцияны өзгөртүү демилгесинен улам бийлик менен айрым саясатчылардын ортосундагы талаш-тартышты жайгаруу маселеси талкууланмак.

XS
SM
MD
LG