Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Ж. Жекшеев: Ыңкылап максатына жете элек


Белгилүү саясатчы Жыпар Жекшеевдин пикиринде, 24-марттагы ыңкылап болгону факт, бирок анын алдыга койгон максаттары толук кандуу ишке аша элек, өлкөдө адам укуктарын басмырлоо кайра күч алды.

-Жыпар мырза, беш жыл мурунку ыңкылап тарыхый жактан өзүн актадыбы?

- Ыңкылап болгонун тарыхый жагынан факт катары өзүбүз моюнга алганыбыз менен, албетте, ыңкылаптын астына койгон максаттары азыр толук кандуу аткарыла элек. Ошондуктан азыр өзүн актады деп айткандан мен алысмын. Себеби мен кичине түшүндүрүп кетейин дегеним, биздин Кыргызстанда ар бир жарандын жашоосундагы күнүгө болуп аткан адилетсиздиктин, паракорлуктун абдан күч алганы.
Мына төрөт үйүнөн баштап эле баары тең акчаны ачык эле алып калды. Адам төрөлгөндөн баштап, ал окуган жана иштеген бардык тармактарга чейин ачык эле базарга айланып калышты. Ошондуктан укугу тебеленип атат биздин жарандардын.

- Оппозиция курултайында үй-бүлөлүк башкаруу кескин сынга алынды. Ага сиз да катыштыңыз эле. Бирок Ынтымак курултайында бир да делегат аны көтөргөн жок.... Буга кандай баа бересиз?

- Ынтымак курултайында, албетте, угуп турсаң баары тең жакшы маселелерди көтөрүп, жакшы ынтымакка чакырып, азыр мамлекеттин келечегин, коопсуздугун сактайлы деп, анан бүгүнкү биздин экономикалык айрым бир көрсөткүчтөрдүн өсүшүн конкреттүү цифралар менен айтып атканы, жоошута турган, көңүлүбүзгө толо тургандай эле көрүнүш.

Эгерде коомубузда адамдын укугу сакталып, корголо турган болсо, коррупциянын баарын ооздуктап, ордуна кое турган болсо, ошондо жанагы айтылып аткан сөздөрдүн баары куру декларация катары эмес, алар реалдуу ишке ашып атканын турмушубузда көрө ала турган болсок, ошондо жакшы болмок.

Экинчиден, мен башынан эле бир нече берген интервьюларымда айттым эле, Ынтымак курултайынын аталышы абдан жакшы, бирок мындай жыйында оппозиция менен бийликтин ортосундагы орчундуу маселелердин тегерегинде сөз болуш керек эле.

- Оппозиция Ынтымак курултайга катышпай көп нерседен калды деп айтылды. Сиз тажрыйбалуу саясатчы катары буга кандай баа бересиз?

- Элдик курултай коюп аткан талаптар менен Ынтымак курултайында талкуулаган маселелердин айырмасы чоң болуп атпайбы. Ошондуктан эң биринчи иретте Ынтымак курултайында кайсы маселелерди талкуулайбыз деп эки тараптын тең ортосунда келишимге келип туруп, ошол маселелерди биринчи ирет талкуулайлы дегенде оппозиция барбай койсо, анда оппозиция уттурду деп айтсак болот эле.

Ал эми алдын ала эле өкмөт аткаруудан баш тартып, кечээ өкмөт башчысы Данияр Үсөнов айткандай, "эми силер айтып атасынар, баарын угуп атабыз, бирок көп маселеге биз макул болуп аткара албайбыз" деп айтып аткандай, ошондой позицияга туруп калса, анда, албетте, бул жерде ага катышкандын деле кажети жок болот эле да.

Ошондуктан эки принципиалдуу позициянын ортосунда келишим болмоюнча, "биз барсак жакшы болот эле, барбай калдык, уттуруп койдук" деп айтканга болбойт. Алдын ала кайсы маселени талкуулайбыз деген өзөктүү келишим болбой калды өкүнүчтүүсү.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG