Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

Коомдук телеканалдын башчысына кайра сынак жарыяланды


Улуттук телеканалды коомдук телеканалга айлантууну талап кылган акциядан, 2006-жылдын 2-февралы.
Улуттук телеканалды коомдук телеканалга айлантууну талап кылган акциядан, 2006-жылдын 2-февралы.

Байкоочу кеңеш бул жолу сынактын жоболорун өзгөртүп, талапкерлерди тестирлөө жана баарлашуу жолу менен тандамай болуп жатат.

Сынакка катышам деген талапкерлердин документтери 20-ноябрга чейин кабыл алынмай болду. Бирок азырынча сынактын кайсы күнү өтөөрү так белгилене элек.

Жоболор өзгөрдү

Байкоочу кеңеш бул жолку сынакта КТРКнын жетекчилигине талапкерлерди жаңы жоболор менен тандамай болуп жатат. Сынакта талапкерлер психологиялык портретти аныктай турган жана КТРКдагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору боюнча атайы даярдалган тесттен өтүшөт. Болочок жетекчинин психологиялык бейнесин, башкача айтканда анын эл менен тил табышып иштешүү, стресстик абалдан алып чыгып кетүү жөндөмүн аныктай турган тестти атайы адистешкен уюмдар иштеп чыгат жана тесттин жыйынтыгын да алар чыгарып беришет. Ал эми экинчи тесттин жыйынтыгын Байкоочу кеңеш өзү текшерет.

Мындан тышкары Байкоочу кеңеш эгер зарыл деп эсептесе, кошумча маалымат алуу үчүн баарлашуу турун өткөрүү жобосун да киргизгендигин кеңештин мүчөсү Жыргалбек Касаболотов билдирди.
Жыргалбек Касаболотов

- Кээде маалыматтын жетишсиздиги дагы бир жаңы нерселерге түртөт экен. Кайсы бир талапкер боюнча Байкоочу кеңеш бир ынанымга келмейинче талкууну уланта беребиз. Бардыгы болбосо да негизинен келип чыккан жыйынтыкты тааныгандай кылыш керек да. Анан бул талапкер өтпөй калса эле мен кеңештен чыгып кетем деген нерсе мында болбойт.

Жаңы сынакка мурунку өтпөй калган бардык каалоочу талапкерлер да катыша алышат. Бул жолу талапкерлерге документ тапшырууда айрым жеңилдиктер киргизилди. Мисалы, эмгек китепчесинин көчүрмөсүнө окшогон кадрларды эсептөө боюнча өздүк баракчасы деген өңдүү айрым артыкбаш документ кагаздар алынып салынган.

Жаңы сынакка да катышууну көздөп жаткан талапкер Анаш Кадырова жаңы жоболордун киргизилишин кубаттай тургандыгын жана бул жолу сынак таза өтөөрүнө үмүт артып турганын белгилейт. Ал чыр менен коштолгон алгачы сынак Байкоочу кеңешке жакшы эле сабак болду деген ойдо:

- Эң мыкты профессионал болсун дейли. Бирок ал адам катары авантюрист болуп калышы ыктымал. Коллектив менен иштей албай калышы мүмкүн. Эки жүздүү, калпычы, ушундай адамдар да жетекчи болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан мен азыркы тесттин киргизилишин туура деп ойлойм. Анан "сүткө оозун күйгүзгөн адам айранды үйлөп ичет" дейт эмеспи. Эми сак болуп, бардык тесттерди киргизгенден кийин сынакты таза өткөрүш керек.

Байкоочу кеңеш сырткы таасирлерге туруштук береби?

Ошол эле учурда мурунку талапкерлердин айрымдарын Байкоочу кеңештин сырткы бир таасирлерге карата туруктуулугу ойлондурууда. Мурунку талапкер Абдыкадыр Султанбаев азырынча экинчи сынакка катышар-катышпасын чече электигин, бирок эмитен эле Байкоочу кеңешке кайсы бир таасирлер башталганын кулагы чалып калганын белгилейт:
Абдыкадыр Султанбаев

- Эми азыр таасирлер ар кандай болушу мүмкүн. Ак үйдөн, көк үйдөн болушу мүмкүн. Тигини өткөр, муну өткөр деген маселелер болушу мүмкүн. Ушундай маселелер болуп жатканын менин кулагым чалып жатат. Деги эле Кыргызстанда бир нерсенин таза өтүшү проблемалуу нерсе да.

КТРКнын жетекчисин тандоонун биринчи аракети ишке ашпай калгандан кийин Байкоочу кеңешке карата түрдүү сындар айтылып, ал тургай аны таратуу тууралуу талаптар да коюла баштаган.

Журналист Бакыт Орунбеков Байкоочу Кеңешти кайра таратып, кайра дайындоого эч кандай негиз жоктугун белгилейт. Анын баамында, Байкоочу кеңешке эч кандай сырттан таасир болгон жери жок:
Бакыт Орунбеков

- Калыс болуш керек. Тим эле камырдан кыл сууругандай калыс болуш керек. Кыргызчылык, тууганчылык, жердешчилик, анан кийин кесиптешим эле, досум эле деген принциптер болсо, анда кайра эле таз кейпибизге түшөбүз да. Ошондуктан мен Байкоочулар кеңешине дагы бир жолу ишенич артып олтурам. Кайра-кайра эле Байкоочулар кеңешин шайлап, дайындай берген болбойт. Акыркы жолу буларга дагы бир мүмкүнчүлүк берип көрүш керек.

Азыр Байкоочу кеңеш 20-ноябрга чейин талапкерлердин документтерин алып, өздөрү айткан сынак тесттерин иштеп чыгуу менен алектенүүдө. Азырынча кеңеш сынактын кайсы күнү өткөрүлө тургандыгын тактай элек.

Өткөн айдын башында болгон алгачкы сынакка 22 талапкер катышып, 2-айлампага 4 талапкер чыккан. Анда Байкоочу кеңеш мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушуна мурдагы президент К. Бакиевдин катчылыгында иштеген Илим Карыпбеков ээ болгон. Бул ошол эле Байкоочу кеңештин ичинде жана КТРКда нааразылыктарды жаратып, Байкоочу кеңеш добуштардын жыйынтыгын жокко чыгарып, ноябрь айынан тартып кайрадан шайлоо жарыяланган болчу.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG