Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Кылмыш иши убактылуу токтотулду


Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын видеокайрылуусу боюнча козголгон кылмыш иши убактылуу токтотулду. Ага жабырлануучунун табылбай жатышы себеп болгону айтылууда.

Кылмыш иштин токтотулушу жабырлануучунун табылбай жаткандыгына байланыштуу экенин Башкы прокуратурадан кабарлашты. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы ушул жылдын 25-сентябрында кызматынан баш тарткан.

Клара Кабилова кызматтан баш тартканын коомчулук 26-сентябрдагы оппозиция өкүлдөрүнүн маалымат жыйынынан билишкен. Борбордук шайлоо комиссия төрайымы андай кадамга барышынын себеп-жөнүн видеокайрылуусунда момундай жагдайга байланыштуу түшүндүргөн.

- Мени шаардык кеңешке депутаттыкка көрсөтүлгөн Ишенбай Кадырбековдун шайлоо укугун камсыз кылуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунан кийин президенттин уулу Максим Бакиев кысмакка алып, уят сөздөр менен тилдеди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы мамлекет башчысына кайрылып, анын өз уулунун жеке коопсуздугун жакшы камсыз кылганы менен андай камкордуктан мамлекеттик кызматкерлер менен өз эли четте калганына нааразы экенин кошумчалаган. К.Кабылова шайлоо укугу боюнча президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов менен да макул эместигин билдирген.

Кыргызстандын башкы прокурорунун орунбасары Учкун Каримов тергөө аракеттери болушунча жасалганын, К.Кабилованын видеокайрылуусунда айтылган Максим Бакиев менен Медет Садыркуловдор суралганын ырастады.

- Аныкталган жок. Алар суралды. К.Кабилова өзү болсо дагы тактайт элек. Ошондуктан ал убактылуу токтотулган. Эгер ал бизге кайрылып, же бул жакка келсе биз тергөөнү кайра улантабыз.

К.Кабилова кызматынан баш тарткан кездеги видеокайрылуусунан тышкары билдирүү тарата элек. Аны менен Москвага жолугушуга барган айрым оппозиция мүчөлөрү да БШКнын мурунку төрайымынын парламенттик, жергиликтүү кеңеш шайлоосу, азыркы бийликтин иш-аракети боюнча позициясы кандай билише элек.

“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариевдин ырасташынча, К.Кабилованын видеокайрылуусунун укуктук баа алышы кыйын.

- Ал кишинин айтуусу боюнча бир топ мыйзам бузуулар болгон. Бул жакынкы аралыктагы, анан өзгөчө былтыркы референдум, Жогорку Кеңеш шайлоосунда. Ошол боюнча да билдирүү жасайм деген сөзүн айткан. Бирок аны качан жасаарын ал киши өзү гана билет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Акылбек Сариевдин пикиринде, кийинки жылдары шайлоо түшүнүгүнүн барк-баасы биротоло түшүп, көпчүлүктүн укугу көзкөрүнөө тебеленип жатканы эч кимди таңдандырбай деле калды.

- Шайлоонун деңгээлин өзүңөр көрдүңөр, ушунчалык төмөн даражага түшүрүп коюшту. Азыркы күндө ал негизги маңызын жоготуп койду деп ойлойм. Эми шайлоо системасын оңдойм деген киши азыркы шайлоо 1994-жылы башталган экен. Ошол деңгээлден кайра башташка туура келет бүгүнкү системадан кийин.

Акылбек Сариевдин айтуусунда, системаны жалпы эл-журт, шайлоону уюштуруучулар биргелешип аракет кылбаса бирин-экин кишинин сынчыл маанайынан эч нерсе өзгөрүлбөйт. Ошондон Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрайымынын парламент менен жергиликтүү кеңештерге шайлоонун кандай өткөнү, өткөн жылкы референдумдун кебете-кешпири жөнүндөгү пикири коомдук маанайды өзгөртүп ийиши кыйын.

Акылбек Сариев Клара Кабилованын видеокайрылуусун атайын уюшулган деп эсептейт.

- Ал киши эч качан өзү жалгыз бара албайт, бара алмак да эмес. Өзү жасаган мыйзам бузууларын өз мойнуна алыш - бул ар адамдын эле колунан келе бербейт.

Клара Кабилова сентябрь айынын аягында өлкөдөн чыгып кеткен боюнча дарек-дайнын билдирбей, айрым оппозиция мүчөлөрү менен гана жолукпаса башка жерде изин суутуп жашыруун жүрөт.

XS
SM
MD
LG