Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Эл үнү: "...саясат кан жыттанып баратат"


Киши колдуу болгон депутат Санжар Кадыралиевдин сөөгү өзүнүн туулган жери Өзгөн районундагы Кызыл-Сеңир айылына коюлду.
Киши колдуу болгон депутат Санжар Кадыралиевдин сөөгү өзүнүн туулган жери Өзгөн районундагы Кызыл-Сеңир айылына коюлду.

"Азаттыкка" кайрылгандар кыргыз коомундагы соңку үрөйдү учурган окуялардан кеп козгоп, өлкө кан жыттанып баратат деп кооптонушат. Айрымдар болсо президент К. Бакиевдин буга чейинки кылган ишин сынга алып өтүшкөн.

“Өлкө кан жыттанып кетти”

Алиман (Байтик айылы):

- Жакында эле депутатты атып кеткен маалымат коомчулукту бир топ кооптонууга кириптер кылды. Бул эмне деген шумдук! Баарысы аралашып эле калды. Бул аралыкта кыргыздын сонун-сонун эр азаматтарын жайлап салышты. Мүмкүн алар азыр жаш болгону менен эртең мамлекет үчүн чоң күч болуп бермек. Ички иштер органдары ушул кылмыштын бирин дагы ачып, элди канааттандыраарлык абалга алып келе албады. Баары жабык боюнча калып атат. Мүмкүн өздөрү да ушунун ичиндеби деп анан кантип күмөн санабайсың. Мунун арты жакшыга алып барбайт, өлкөнүн ичи, өзгөчө саясат кан жыттанып баратат. Канча азаматтын башы кетти?


Сапар Аргынбаев (Чүй):

- Санжар Кадыралиевди атып өлтүрүү, ага чейинки болгон окуялар көптөрдү ойго салып койду. Мүмкүн өздөрүнүн кир оюндарынын кесепети дегендер да бар арада. Бирок кандай болгон күндө да бул өлкөнүн трагедиясы. К. Бакиев жаңы бийликке келгенде, “Мен менден кийинки өлкө башчысына өлкөнүн экономикалык абалын жогорулатып туруп, жакшыртып туруп тапшырам”, - деген. Ал эми бүгүн эмне болуп атат, кийинки келген Президент ак жерден адамдарды каматып, ачык эле көчөдөн атып кетип ашынабы? Кайсыл жагынан бүгүн өлкө башчысы мактанган жатат.


Мырзабек Кадыркулов (Нарын):

- Санжар Кадыралиев жаңы өсүп бараткан саясатчылардын бири болчу. Анын өлүмүнө саясий сүртүмдөрдү кыла берүү туура эмес. Болгону кара иштерге аралашып алган окшойт. Бирок кыргыз эли ушинтип биринин башын бири жута берсе арты эмне болот? Баш көтөргөн кыргыз калабы деги? Ок жаштарга атылып атканы бул өлкөнүн келечеги жок дегендей маанай калтырып барат.


“Бакиев эртеңки шайлоодон добуш алаарына көзүм жетпейт”


Шайдилла Сабиров (Баткен):


-Президенттин кадр саясатында чоң мүчүлүштөр кетип жатат. Мисалы, жергиликтүү бийлик башчыларына Акаевдин тойбос аттай болгон жетекчилерин дайындоодо. Биздин губернаторубуз чек ара боюнча бир да иш жасаган жок. Кемчилигин айткандарды артынан түшүп, милиция КГБларын дайындап Өзбекстан, Тажикстандагыдай бийлик кылгысы келип жатат . Бул губернатору менен Бакиев эртеңки шайлоодо добуш алышына көзүм жетпейт.


Сапарали Исманов (Баткен):

-Президент Курманбек Бакиев жаштарды колдойбуз деген өңдүү убадаларды берип эле жатат, бирок баардык убадалар сөз жүзүндө калып акыркы мезгилдеги атышуулар Сталиндин репрессиясына окшоп баратат. Негизинен мен Президентке нараазы болгонум, реалдуу бир да жакшы ишин көрө албай жатам. Биздин экономикабыздын чабалдыгынан жогорку билимдүү, күчтүү жаш кадрларыбыз Орусияга барып пол жууп, идиш аяк жууп жүрүшөт. Бизге эң биринчи ирээтте жаштарды колдой турган, чек араны чече турган Президент керек. Көзгө көрүнүктүү жакшы кадрларыбыздан айрылып жатабыз.


Бакир Имаров (Баткен):

- К. Бакиев 2005-жылы бийликке келгенде эл астында, эми карыз албайбыз. Мурдакы карыздарды гана төлөйбүз деген болчу. Төрт жыл толбой жатып ошо тышкы карызыбызды эки эсеге көтөрүп койду. Аны да элдин экономикасына жумшабастан, өз бийлигин бекемдөөгө сарптап жатканы кейитет.


Мамажан Бердишев (Баткен облустук акимчилигинин маалымат катчысы):

-Адамдарда кийнки мезгилде жалаң талап коймой мүнөз пайда болду. Биз мамлекет, жергиликтүү бийлик жасабай жатат дегенден мурда мен экономиканын жогорулоосу үчүн эмне иш жасадым деп ойлонушубуз керек. Эгер сиз базардан эч нерсе сатып албай койсоңуз, мен сатып албай койсом базарда баа арзандайбы? Ошондуктан баарын өз огородубуздан өндүрүүгө аракеттенишибиз керек. Анан жатып алып эле баарын талап кыла берсе эмне биз огородун да айдап, сээп беришибиз кер

XS
SM
MD
LG