Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Кыргызстан мусулмандары авиакырсыктан набыт болгондорду эскеришти


Бүгүн Кыргызстанда жума намаз окулган мечиттердин баарында учак апаатында мерт кеткен журтташтарга атап куран түшүрүлдү. Эскерүүнү өлкөнүн бүт аймагында өткөрүү буйругун муфтий Максатбек ажы Токтомушев чыгарган.

Шаар-кыштактарда жума намаз окула турган 1221 мечит бар. Алардын баарына жардам кутучулары орнотулду.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгындагы кызматкерлер бир күндүк эмгек акысын жабыркагандарга жардам берүү максатында которуу чечимин кабыл алышкан.

Жумгалдагы мечитке орнотулган жардам кутусу.
Жумгалдагы мечитке орнотулган жардам кутусу.

16-январда "Манас" аба майданынын жанындагы Дача айылына «Боинг 747-400» кулап, расмий маалыматтар боюнча 38 адам көз жумду. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандар айыл тургундары.

Түркиянын АСТ Airlines авиакомпаниясына таандык учак Гонконгдон келатып кулаган. (SE)

XS
SM
MD
LG