Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:24

А. Бекназаров: Санжар Кадыралиев көп сыр билчү


Санжар Кадыралиевди Бишкектин С. Ибраимов жана Ж. Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кетишти.
Санжар Кадыралиевди Бишкектин С. Ибраимов жана Ж. Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кетишти.

БЭКтин штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров депутат Санжар Кадыралиевдин атылып өлтүрүлгөн окуясын "Азаттыкка" комментарийлеп, “Ак жол” партиясы өзүнүн ичиндеги көп сыр билген адамдардан “тазаланып” жатат деп билдирди. Башка адамдар бул окуя криминалдык чөйрөнүн ичиндеги чыр-чатактын натыйжасы болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат.

“Акжолчулар бири-бирин кырып атат. Себеби башынан кандуу бийлик болуп калган. ...Бул бир нерсени билет, эртең чындыкты айтып койбосун деп, бирин-бири “тазалай” бериши мүмкүн. “Ак жолдун” атаманы Садыркулов кеткенден кийин Санжарга окшогон карапайым мүчөлөрү эмне болуп калыптыр”,-деп билдирди Азимбек Бекназаров.

А. Бекназаровдун айтымында Санжар Кадыралиев 2005-жылдан бери ири мүлктөрдү басып алууга, анын ичинде Баямандын базарына байланышкан чуулгандуу окуяларды да билчү.

Башка адамдар бул окуя криминалдык чөйрөнүн ичиндеги чыр-чатактын натыйжасы болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат.

Киши колдуу болгон депутаттын Жогорку Кеңешке келгенге чейин криминалдык чөйрө менен байланышы бар болгондугун ички иштер министринин мурдагы орун басары, Эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев “Азаттыкка” билдирди:

"Депутат болгондон кийин мындай чөйрөдөн алыс болуш керек эле. Ал эми чыгаан спортчу болгонун мен биле албайм. Бир-эки ыкманы үйрөнүп алып мен кыйынмын дегендер арбын болуп кетпедиби? Бул окуя криминалдык чөйрөнүн териштирүүсү болушу мүмкүн."


Санжар Кадыралиев 1976-жылдын 16-ноябрында Ош областынын Өзгөн районундагы Куршаб айылында туулган. 2000-жылы Оштогу кыргыз-өзбек университетинин экономика факультетин, 2003-жылы ОШМУнун юриспруденция факультетин бүтүргөн.

1998-2002-жылдары Кыргызстандын “Панкратион” федерациясында инструктор, 2002-2006-жылдары бул уюмдун вице-президенти болуп иштеген.

2006-жылы Санжар Кадыралиев Өзгөн районунан Куршаб шайлоо округу боюнча депутаттыкка ат салышып, чыр-чатак, соттошуулар менен акыры депутат болгон.

25-июнь күнү добуш берүү маалында Санжар Кадыралиев менен атаандаш талапкер Мамат Орозбаевдин жактоочуларынын ортосунда кагылышуу болуп, массалык тополоң чыккан.

Милициянын кийлигишүүсүнө карабастан эки тараптын тең жактоочулары бейбаштык аракеттерди жасашып, ок атуучу куралдарды пайдаланганга чейин барышкан.

Андан кийин ал 2007-жылдын декабрындагы парламенттик шайлоодо “Ак жол” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке келген.

Тасмада: Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиевди 14-апрелде үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Кабарчыларыбыз окуя болгон жерден чакан тасма тартып келишкен. MiT, ES.

Депутат Санжар Кадыралиевди атып кетишти
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:30 0:00

XS
SM
MD
LG