Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Ишенбай Кадырбеков абактан чыгарылды


Ишенбай Кадырбеков "Азаттыктын" студиясында, 2008-жылдын марты.
Ишенбай Кадырбеков "Азаттыктын" студиясында, 2008-жылдын марты.

Бишкектин Ленин райондук соту бүгүн И.Кадырбековду абактан чыгарып, үй камагына алуу чечимин чыгарды. Каржы полициясы Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы башчысына каршы кылмыш ишин козгоп, былтыр 25-апрелде камакка алган эле. И. Кадырбеков буга чейин Бишкектеги убактылуу тергөө абагында кармалып турган.

Былтыр 25-апрелде Кыргызстандын Каржы полициясы Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси, парламенттин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбековду камакка алган болчу. И.Кадырбеков ушул эле күнкү «Азаттык» үналгысындагы эртең мененки маегинде ага карата бийлик тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын белгилеп, бул иштин артында саясий коркутуп-үркүтүү жатканын билдирген. Каржы полициясы И. Кадырбековду камакка алууга эч кандай саясий негиз болбогонун, ага кызматынан кыянат пайдаланганы, табигый кырсыктан жабыркаган аймактардагы мектеп курулулушуна делген бюджеттик акчаларды ысырап пайдалангандыгы үчүн айып тагылып жатканын билдирип келген эле.

Бул иш боюнча тергөө аяктап, өткөн жылдын соңунан бери сот иштери жүрүп келатат. Андан бери Ишенбай Кадырбековго коюлган айып боюнча бир нече экспертизалар жүргүзүлдү. Анда курулуш уюмдарына мамлекеттин карыз экендиги аныкталып чыкты. Бирок азыркы мезгилде экспертиза кайрадан жүргүзүлө баштаган.

Ленин райондук соту мындан эки ай мурдараак экспертиза жыйынтыктары бүткөнгө чейин сот жараянын токтото туруу чечимине келген. Белгилүү болгондой, прокуратура курулуш иштеринде Ишенбай Кадырбеков мамлекетке 18 миллион сомдук зыян алып келген деп айыптап келген.

Ишенбай Кадырбеков мындан төрт жыл мурдагы март ыңкылабынан кийин бир канча саат өлкө башчысынын милдетин аткарып калган эле.

2005-жылдын 24-мартындагы окуядан соң Жогорку Кеңеште да баш аламандык өкүм сүрүп, жаңы шайланган парламент өзүнчө, ага чейинки парламенттин кош палаталары өз-өзүнчө топтоло баштаган. Бирок кечинде Жогорку Сот парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып, эки палаталуу мурдагы парламент кайрадан ишке киришкен эле.

Андагы мыйзам чыгаруунун жыйынында төрага Абдыганы Эркебаев өз каалоосу менен кызматтан кетип, ордуна Ишенбай Кадырбеков шайланган. Ошол учурдагы баш мыйзамга ылайык, президент жок болсо анын милдетин өкмөт башчы аткарыш керек эле. Бирок бул экөө тең өлкөдөн чыгып кеткендиктен президенттин милдетин ошентип жаңы шайланган төрага Ишенбай Кадырбеков аткарып калган.

Ошентип бир күнгө жетпеген убакыт өлкө башчысын милдетин аткрып калган Ишенбай Кадырбеков көп өтпөй биринчи вице-премьер менен унаа жана байланыш министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2005-жылдын октябрынан 2008-жылдын январына чейин архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктти жетектеген.

Былтыр 25-апрелде болсо каржы полицциясы ага кызматынан кыянат пайдаланган деген айып менен кылмыш ишин козгоп, тергөө абагына камаган. Бул ишти карап баштаган Ленин райондук соту аны улам-улам артка жылдырып келет. Ишенбай Кадырбеков болсо өзүнө тагылган мындай айыпты саясий себептер менен байланыштыраарын буга чейин бир канча жолу билдирген.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG