Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Камактагы оппозициячыларды колдоо митинги өтпөй калды


Кыргыз оппозициясын колдоочулардын пикети.
Кыргыз оппозициясын колдоочулардын пикети.

Жалал-Абад шаарында камактагы оппозициячыларды колдоо боюнча бүгүнкүгө белгиленген митинг белгисиз мөөнөткө жылды. Бул тууралуу Абактагыларды коргоо комитетинин мүчөсү Улукбек Маматаев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, тилектештик акцияны токтото турууну камактагы оппозициячылар суранышкан. Алардын жакындары, санаалаштары жана тарапташтары бүгүн митинг өткөрүшүп, ачык сотту талап кылышмак:

- Митингде үч маселе көтөрүлмөк. Биринчиден, сотту ачык өткөрүү талабы коюлмак, экинчиден, президентке импичмент жарыялоо тууралуу демилге колдоого алынмак. Ошондой эле Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумга каршы пикирлерди айтууну максат кылып жатканбыз. Бирок, камакта отургандар "сот аяктап калды, эми эркиндикке чыгараттыр" деген үмүттө турушат.

Оппозициячылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматовду бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен быйыл май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы кармаган. Булардын ичинен өткөн айда Дастан Сарыгулов саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылган. Калганы УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Алардын ишин Бишкектин Биринчи Май райондук соту жабык териштирүүдө. Жараян ар аптанын шаршемби, бейшемби күндөрү өтүп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG