Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

К. Кадыров кол тийбестик укугунан ажырады


К. Кадыров 23-июлдагы Балыкчыдагы окуялар маалында. ( оң жакта ортодо)
К. Кадыров 23-июлдагы Балыкчыдагы окуялар маалында. ( оң жакта ортодо)

Жогорку Кеңеш СДПК фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровду кол тийбестиктен ажыратып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө Башкы прокуратуранын сунушуна макулдук берди.

Жогорку Кеңеш Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровду кол тийбестиктен ажыратып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө Башкы прокуратуранын сунушуна макулдук берди.

Парламенттеги СДПК фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровду депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу маселесин караган депутаттык комиссия Башкы прокуратуранын сунушун изилдеп чыгып, аны канааттандыруу керек деп кабыл алган чечимин парламенттин бүгүнкү жыйында талкууга койду. Комиссиянын чечими көпчүлүк добуш менен колдоого алынды.

“Акжолчу” депутаттар Балыкчыдагы камалып жаткандардын ишине эртелеп чекит коюу үчүн комиссиянын чечимин колдоого чакырышты.

Мен К. Кадыровду түздөн түз күнөөлөгөндөн алысмын. Анын күнөөсүн сот далилдеш керек, тергөө такташ керек. Комиссия өзүнүн ишин бүтүрдү, ошон үчүн комиссиянын чечимин колдоп берүүгө чакырам”,-деди парламентте үстөмдүк кылган “Ак Жол” фракциясынын лидери У. Ормонов.

Коммунисттер фракциясынын мүчөсү Акунов Бейшебек, СДПК фракциясынын мүчөсү Роза Отунбаева комиссияга бир ай убакыт берилсе да ал аябай шашып жатканын сынга алышып, депутатты кол тийбестиктен ажыратуу маселесин абыдан дыкаттык жана этияттык менен кароого үндөштү.

Роза Отунбаева Башкы прокуратура тарабынан берилген маалыматтарга ишенүүгө болбостугун белгилеп, башкы көзөмөл органы тарабынан берилген маалыматтар Балыкчы окуясына байланыштуу камакка алынган кишилердин айрымдарын уруп-сабоо жолу менен алынганын айтып кетти.

СДПК фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровго Башкы прокуратура тарабынан 23-июлда Балыкчыдагы баш-аламандыкты уюштуруучу катары айып тагылып, кылмыш иши козголгон.

Бириккен элдик кыймыл өз кезегинде Балыкчыда баш-аламандыктардын чыгышына добуш берүү учурундагы мыйзамсыздыктарга жол берген жергиликтүү бийликти күнөөлөп, депутат Кубанычбек Кадыровдун айыпталышын саясий куугунтук катары баалап келатат.

Бийлик адамдардын баарын кыңк эттирбей баш ийдирүү, коркутуп-үркүтүү саясатын, дегеле кыргыз элинин үнүн чыгарбай, кыңк эттирбей бир үй-бүлөгө баш ийдире турган саясатын аягына чейин жеткирүү максатында ушул ишти жасап атат”,- деп билдирген БЭКтин штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров “Азаттыкка”.

XS
SM
MD
LG