Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

К.Кадыров боюнча комиссия түзүлдү


Балыкчы окуясында оң жакта ортодо депутат К. Кадыров.
Балыкчы окуясында оң жакта ортодо депутат К. Кадыров.

ЖКнын үч фракциясы депутат Кубанычбек Кадыровду кол тийбестик макамынан ажыратуу маселеси боюнча убактылуу комиссия түздү.

Парламенттин «Ак жол» фракциясы депутат Кубанычбек Кадыровдун кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча убактылуу комиссия түзүү маселесин карады. 2-сентябрда Башкы прокурор аталган депутатты кол тийбестик макамынан ажыратууга жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча төраганын атына сунуш жолдогон.

Этика жана регламент боюнча комитеттин төрагасы Алишер Сабиров буга чейин бул маселе Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинде дагы каралып, Кубанычбек Кадыровду депутаттык мандаттан ажыратып, жоопко тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокуратуранын сунуштаган документинде көрсөтүлгөн фактылар боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү чечимине келишкенин белгиледи.

“Ак жол” фракциясынын төрагасы Улугбек Ормонов бул маселе боюнча убактылуу комиссия карап чыккандан кийин толук талкууга алынып, тиешелүү суроо-жоопторго орун берилерин айтты. Жыйынтыгында К.Кадыровго байланыштуу маселени карап чыгууга 7 депутаттан турган убактылуу комиссия түзүлдү.

Алар: “Ак жол” фракциясынан Рашит Тагаев, Асанбек Байтиков, Алишер Сабиров жана Ирина Летова. Кыргызстан коммунисттери фракциясынан Хаджимурат Коркмазов, СДП фракциясынан Роза Отунбаева менен Ирина Карамушкина.

Башкы прокуратура парламентке сунуштаган документте Жогорку Кеңештеги СДП фракциясынан депутат Кубанычбек Кадыров коомдук-саясий кырдаалды бузуу жана 23-июлда президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатында массалык баш аламандыкты уюштуруп, участкалык шайлоо комиссиясынын ишине тооскоолдук кылып, бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаган делип көрсөтүлгөн.

“Бул маселеде эч кандай саясат жок. Депутаттык комиссия болгон окуянын негизинде чечимин чыгарат”,-дейт Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитеттин төрагасы, “Ак жол” фракциясынан депутат Зайнидин Курманов:

-Окуя болуптур. Ал жазылды. Күбөлөр бар. Эки жүз адам келген. 20 адам кармалган,-деп бардык протоколдордо жазылып турбайбы. Эгерде андай жок болсо, башка кеп эле. Шайлоо участогуна, мэрияга штурм болгон. Ошого байланыштуу чечим чыгарыш керек да. Бирөөнүн оюу эмес, фактынын негизинде чечим чыгарыш керек. Ошо фактылар ошондой болуп жатат.

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутат Роза Отунбаева партиялашы Кубанычбек Кадыровдун укугун коргоо боюнча убактылуу депутаттык комиссияга кошуларын билдирди.

-Бул иликтөөгө биз сөзсүз катышабыз. Өзүбүздүн таламыбызды талашабыз. Биз депутатты коргойбуз. Балыкчыдагы бүрсүгүнү боло турган сотко катышабыз. Фракция болгон мүмкүнчүлүгүн, күчүн ысыккөлдүктөрдү жактоого жумшайт.

Саясий куугунтукту токтотуу комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиев депутат Кубанычбек Кадыровго байланыштуу ишти саясий куугунтук катары эсептейт.

-Биздин комитет июль айынын соңунда жарыяладык го. Саясий куугунтук эмес, саясий репрессия болуп кетти деп тыянак чыгарганбыз. Анан авторитардык бийлик тоталитардык бийликке айланып баратабыз деп.

Топчубек Тургуналиев белгилегендей, Кубанычбек Кадыров менен кошо 23-июлда президенттик шайлоонун жүрүшүндө мыйзамсыздыкка нааразы болушуп, укугун коргоону өтүнүп жергиликтүү бийликке барышкан Балыкчыдагы 14 адамдын камалышы дагы саясий репрессия.

Айрым талдоочулар бул маселе боюнча убактылуу депутаттык комиссия депутат Кубанычбек Кадыровду мыйзамсыз иш аракеттерге барган деген жыйынтык чыгарса, ал депутаттык кол тийбестик укугунан ажырап камакка алынарын айтышууда.

СДП фракциясынан депутат Роза Отунбаева “2005-жылы азыркы бийликке келгендер жер-жерлерде мамлекеттик бийликтерди басып алып, Жалал-Абаддагы Ички иштер башкармалыгынын имаратын өрттөгөнүн эстеринен чыгарбашы керектигин” эскертти

-Мына азыр ак үйдүн, көк үйдүн, губернаторлордун кеңселеринде отурган кишилердин бардыганан мен сурайт элем? Алар 2005-жылы февраль-март айында кайсы жерде болду эле? Кандай ролду ойндоду эле? Кантип катышты эле? Эмне себептен Жалал-Абадга жарашат экен дагы, Балыкчыга жарашпайт экен. Балыкчыда болсо өткөн шайлоого такыр окшошпосун, 2005-жылдай болбосун. А. Акаевдин шайлоосу токтотулсун деп эл өз таламдарын талышып чыкса, азыр булардын барын камап туруп, кылмышкер катары сүрөттөп жатат. А эмнеге анда, Бакиевдин үй-бүлөсүнүн бары так ушундай беренелер менен кетиши керек эле. Өзү баш болуп. Мына муну биз эмнеге айтпайбыз бүгүн. Ошондой эле Жалал-Абадда милициянын имараты күйүп, Конгантиев ошондо милициянын башчысы болчу. Ошонун барын көргөн жалаң эле Кыргызстан эмес, эл аралык CNN, BBC, Евроньюстан, Орусиянын каналдарынан бүт көргөздү. Буга жер жүзүндө миллион деген күбөлөр бар. Ошондуктан азыркы бийлик сын бергенде, өздөрүнөн баштасын. Өздөрүн карап туруп, анан башкаларга сын бергенде туура болот эле.

Маалыматка караганда, депутат Кубанычбек Кадыров ага карата козголгон кылмыш иштин мыйзамдуулугун текшерүүнү өтүнүп сотко кайрылган. Ага Башкы прокуратура тарабынан 23-июлда Балыкчыдагы баш-аламандыкты уюштуруучу катары айып тагылууда.

XS
SM
MD
LG