Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

“Ата-Журт” партиясы эгемен мамлекеттин ички ишине сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө каршы экенин аталган партиянын теңтөрагасы К. Ташиев чечмелейт.


- Камчыбек мырза, айрым маалыматтарда аз күн мурда “Ата-Журттун” лидерлеринин бири Мыктыбек Абдылдаев Феликс Кулов, Өмүрбек Бабанов менен Москвага чогуу барып, Орусиянын саясий күчтөрү менен сүйлөшүшкөндүгү айтылууда. Мунун канчалык чындыгы бар?

- Башка партиялар жөнүндө айта албаймын. Бирок биздин уюмдун ичинде чечиле турган маселелер эч кандай тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсү жок эле өлкөнүн аймагында жайгарылат. Мен муну чоң жоопкерчилик менен белгилеп коюуга тийишмин.

- Партиялашыңыздын ал жакка сапары саясий кеңеш мүчөлөрү менен макулдашылды беле?

- Жок!

- Мыктыбек Абдылдаев Кыргызстанга кайтканда жолугуштуңуздарбы? Москвада жалпы жонунан кандай маселелер талкууланыптыр? Ага Орусия бийлиги тарабынан кимдер катышкандыгы жана кандай позицияны карманып жатышкандыгы белгилүүдүр?

- Биринчиден, биз Мыктыбек Абдылдаев менен жолуга элекпиз. Экинчиден, ал кишинин өзүнүн айтканына караганда, сапары жеке мүнөздө болгон. Эң башкысы, биздин партиянын тапшырмасы менен барган жок.

- Камчыбек мырза, Бишкек пресс клубуна курган маегиңизде “Башка мамлекеттерге каттап, өздөрүнүн аракеттерин ошолор менен макулдашкандарды колдобоймун!” деген ойду айтыпсыз? Эмне үчүн?

- Мен дагы кайталаймын, элибиздин жана мамлекетибиздин тагдырын оңчулу болобу, солчулу болобу, Кыргызстандын саясий элитасы өзүбүз масилеттешип, өлкө ичинде гана чечүүгө тийишпиз. Эгерде тагдырыбызды ишенип бирөөлөргө тапшырсак, мунун акыры жакшылыкка алып барбайт. Арийне, кимдир бирөөлөр менен сүйлөшсө эле, эгемендүүлүктөн ажырап калбайбыз деңизчи. Бирок биз өзүбүзчө саясат жүргүзгөндү, калкыбыздын маселелерин өзүбүзчө жайгаруу маданиятын үйрөнүшүбүз зарыл.

Анан элдин беш-он добушун алып сүйүнүп, көрүнгөн жакка чуркап барып, көрүнгөн менен сүйлөшүп соодалашыштын кажети жок. Мындай саясий, каржылык жана экономикалык чайкоочулук кандай кесепетттерге дуушарлантаарын, мына көрүп жатабыз го. Ошондуктан, мен айтаар элем, кимдир бирөөгө биз керек болсок, алар келип кудум Кыргызстанда биз менен сүйлөшсүн! Бирок биз ал жакка жүгүрүп барып жалдыраганыбыз туура эмес.

- Канеткен күндө да, жакынкы күндөрдө коалициялык Өкмөт куралат да. “Ата-Журт” кайсыл партиялар менен өнөктөш болууну эп көрүүдө?

- Шайлоодон өткөн партиялардын кимиси менен болсун да өнөктөшүп, коалиция түзгөнгө даярбыз. Себеби, ушул тапта мамлекетибизге тынччылык абадай зарыл болуп турат. Бугай улай элибиздин ынтымакчылыгын дагы бекемдемдөө милдети көңүлдү өйүгөн чак. Саясат деп эле, мансап деп эле элди эки-үчкө бөлүп-жарып, өзүнчө ызы-чуу болуп атабыз. Муну чукул арада токтоткон оң.

Бизге бүгүнкү күнү мансаптын же байлыктын анчалык мааниси жок. Баарынан дагы маанилүүсү – мамлекетебиздин бейпилдиги, калкыбыздын ынтымак-ырашкерлиги. Ушундай маанай өкүм сүргөндө гана өлкөбүз оңолот. Анан кайсыдыр бир “алтын баштуу” аткаминерди жогорку даражалуу орунга олтургузсак эле баары ойдогудай болуп кетпейт. Ким менен болсун, кайсыл партия менен болсун, кайсыл партиянын лидери менен болсун калкыбыздын жаркын болочогу үчүн биз, “атажуртчулар”, иштешүүгө даярбыз.

- “Кайсыл партия менен болсун иштешүүгө даярбыз” деп жатпайсыздарбы. Мисал үчүн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына караганда азыраак добуш топтогон бийликчил партиялар менен ымала түзүүгө ниетиңиздер барбы?

- Дагы кайталасам, ашыкчалык кылбас. Биз бардыгы менен бир үстөлгө олтуруп сүйлөшүүгө даябыз. Мен жеке Өмүрбек Текебаев менен кеңешип-таңашууга беленмин. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев, Феликс Кулов жана Өмүрбек Бабанов менен мамилелешүүгө макулмун. Бизге эч кимисинин айырмасы жок. Булар биздин каршылаштарыбыз же душмандарыбыз эмес. Эң башкысы – булар биздин өнөктөштөрүбүз. Ошондуктан, бирөөсүн дагы өөн көрүүнүн кажети жок. Аларды бөлөктөгөн сайын биз өзүбүзгө көп душман ашырабыз. Албетте, анда туура болбой калат. Анткени, жеңип чыккан беш партиянын жолбашчысы тең эл ишенип тапшырган жүктү ойдогудай аркалачу азаматтар.

- Өмүрбек Бабанов борбордогу маалымат жыйынында экс-президент Курманбек Бакиевди жана анын жакындарын Кыргызстанга кайтарууну ниет кылган саясий күчтөргө кошулбай тургандыгын жарыя кылды. Бул жерде сиздер жөнүндө кеп болуп жаткан жокпу?

- Эгерде кайсыдыр бир саясий жетекчи кыска ойлосо, жеке амбициясына жетеленсе, ушундай кайрылууларды жасашы ыктымал. А чындыгында, “атажуртчулар” эч качан "Курманбек Бакиевди бийликке алып келебиз” деп айткан эмеспиз. Эгерде апрелде кулатылган президентти жана анын жакындарын өлкөгө алып келе турган болсок, аларды жоопко тартуу максатында гана ошентебиз. Мындан башкача болууга мүмкүн эмес. Биз ушул демилгени кайталаштан эч тажабайбыз. Элибиздин 10-октябрда бизге байлаган үмүтүн, берген добуштарын мамлекетти канга бөлөгөн адамдарга эч качан алмаштырбайбыз.

- Сөзүңүзгө аралжы, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын беш пайыздык тосмодон улам парламентке илинбей калышына кандайча карап атасыздар?

- Бардыгы мыйзам чегинде болушу кажет. “Бүтүн Кыргызстанды” “атажуртчулар”, анын ичинде мен жеке өзүм колдоймун. Бирок партиянын ар бир аракети акылга сыйып турушу керек. Анан жанагындай тартипсиздик жана жаңжал коштогон акцияларды токтотуу абзел. Мындай талаш-тартышты сот аркылуу, же БШК аркылуу добуштарды кайра эсептетүү жолу менен чечкен оң. Эгерде ушундай мыйзамдуу ыкмалардын негизинде жеңип чыгышса, мен “Бүтүн Кыргызстанды” дале кубаттаймын.

- Коомчулуктун бир катар катмары чочулагандай, көпчүлүктү түзгөн партиялар бара-бара парламенттик системадан кайтып, өлкөгө президенттик башкарууну кийирүүнү жактап чыкпайсыздарбы?

- Бугүн-эртең бир нерсе жасайлы деген оюбуз жок. Коалиция түзгөндөн кийин гана ушундай маселелердин баары каралмакчы. Мындан башка дагы тагдыр чеччү көйгөйлөр толтура. Ошолордун ар бирин сүйлөшүүлөр аркылуу элдин кызыкчылыгына карап жайгарганга аракет кылабыз. Кайсыл бир партиянын же кайсыдыр бир партиялык төбөлдүн же бир ууч саясий топтун каалоосу менен мындан ары бир дагы маселени чечкенге жол бербейбиз.

- Камчыбек мырза, айрым оппозициячыл лидерлер убада кылып жүргөндөй, жаңы Жогорку Кеңеште өлкөнү кризиске кептеп, карызга батыргандыгы үчүн кулатылган президенттер Аскар Акаевдин жана Курманбек Бакиевдин ишине саясий баа бычылып, аларды жазага тартуу маселеси каралашы мүмкүнбү?

- Мүмкүн. Сөзсүз түрдө. Мына, апрель окуясынан бери жети ай өттү. Сексен жети чырактай балабыздан ажырадык. Ошол жигиттер эмнеге окко учту? Мунун негизги себептеринин тамыры каякта? Аны үчүн кимдерди жоопко тартабыз? Бул суроолор дале табышмак бойдон турат, жандырыла элек. Кыскасы, ошол фактыга саясий жактан баа берилүүгө тийиш. Эл дагы мына ушуну талап кылууда.

Анан бул териштирүүлөрдүн жыйынтыгын биз кайсыдыр бир партиянын же бир ууч саясий топтун кызыкчылыгы үчүн чыгарбастан, эл-журт чындыкты билсин үчүн баарын ачык-айкын жарыялашыбыз кажет. А түгүл кандуу окуяга катыштыгы бар кишилердин жана саясий ишмерлердин кадамдары дагы толук айгинеленгени оң. Себеби, кимдир бирөө атты, кимдир бирөөлөр элди топтоду. Бирок башына мүшкүл түшкөндө аларды айталаага таштап кетишти. Ушунун бардыгы кылдат иликтенүүгө тийиш. Ошого улай июнь коогалаңын дагы кайрадан териштирүү абзел. Анткени, ага тийиштүү ар түрдүү документтер колубузга тийди. Биз бул маселелерди парламентте сөзсүз тынбай көтөрөбүз.

- Ал кандай документтер экен?

- Муну азырынча ачыкташ кыйын. Бирок документтерди бүт бардык партиялардын катышуусунда Жогорку Кеңеште көрсөтөбүз. Андагы маалыматтардын чын-бышыгын аныктоочу парламенттик комиссия түзүп, ар бир фактыны терең талдап, караштырабыз. Анткени, кимдир бирөөлөрдү айыптоодон мурда анын күнөөсүн далилдешибиз керек.

- Демек, Сиз белгилегендей, парламенттин жакынкы сессиясында 7-апрелден кийин орнотулган Убактылуу өкмөттүн дагы элдин жана мамлекеттин тагдыры үчүн жоопкерчилиги көтөрүлүшү ыктымалбы?

- Эгерде парламенттик комиссиянын тыянагына ылайык Убактылуу Өкмөттө иштегендердин жоопкерчилигине түздөн-түз тиешелүү маселелер болсо, анда алардын маселелери дагы каралат. Себеби, ар бир адам кылган ишине жараша жооп берүусү кажет. Айрыкча мамлекеттик деңгээлде.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG