Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:55

Өлкөдөгү диний кырдаал жана Египетте өткөн мусулмандардын жыйыны тууралуу өкмөттүн алдындагы Дин иштери боюнча комиссиянын башчысы Каныбек Осмоналиев “Азаттык” менен ой бөлүштү.

- Өткөн аптада Египетте мусулмандар жыйыны болду, ага Кыргызстандан сиз жана муфтий барып келген экенсиздер. Азыр дүйнө чакырыктарынын бири - терроризмге жана экстремизмге каршы күрөш болуп атат. Тилекке каршы, экстремизм, терроризм үчүн көбүнчө айрым мусулман өлкөлөр, алардагы диний топтор айыпталып келатат. Кыргызстанда ушуларды алдын алуу, күрөштү күчөтүү үчүн кандай чаралар көрүлүшү керек жана көрүлүп жатат?

Каныбек Осмоналиев: Ооба, өткөн аптада биз Египеттин борбору Каирде болдук. Анда 90 өлкөдөн, алардын ичинен мусулман өлкөлөрү жана мусулмандардын жамааты бар өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты.

Анда негизинен шариаттын бүгүнкү күндөгү абалы жана чакырыктарына кандай жооп берала тургандыгы жөнүндө маселелер козголду. Себеби бул абдан актуалдуу болуп атат. Кыргызстанды ала турган болсок, бизде деле тынч, жай баракат турмуш болуп атат деп айтуудан мен алысмын, айрыкча терроризм боюнча.

Өзүңүздөр деле күбө болуп атасыздар, айрыкча “Хизб-ут Тахрир” партиясынын мүчөлөрүнүн жасаган аракеттерин кайтаруу боюнча, күч структуралары иштеринин натыйжаларын күнүгө эле берип атпайбы. Бирок күрөшүүнүн бир гана жолу бул укуктук чараларды көрүү менен элдин терроризмге болгон иммунитетин жогорулатуу маселесине көп көңүл бурат окшойбуз.

- Жакында Дубай-Бишкек сапарында “Жундала” уюмунун лидери саналган жүргүнчү Иранда кармалды. Бул уюмдун Кыргызстандагы тыюу салынган уюмдар менен кандайдыр бир байланышы бар деп айтууга болобу? Себеби айрым талдоочулар ушундай ойду да жоруп жатышат. Дегеле ушул уюм тууралуу маалымат барбы?

Каныбек Осмоналиев: “Жундала” уюму жөнүндө эч кандай маалымат жок. Өзүңүздөр уксаңыздар керек, булар сунниттердин Ирандагы лидери катары, эгерде Иранда шейиттердин басымдуу көпчүлүгү жашайт дей турган болсок, чынында эле эки агымдын ортосунда болуп аткан кырдаал жөнүндө болгондой болуп турат. Бирок Кыргызстанда “Жундалага” байланышкан бир да диний уюм жок.

- Азыр Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын санын атай аласызбы?

Каныбек Осмоналиев: Ооба, “Хизб-ут Тахрир” партиясы 2003-жылы Жогорку Соттун чечими менен тыюу салынган. Конституцияга жана негизги мыйзамдарга ылайык эгерде Жогорку Соттун чечими чыкса ар кандай диний уюмду экстремисттик-террористтик деп атай алабыз. Ошого ылайык Күрдистан бириккен уюму, Өзбекстан Ислам кыймылына окшогон бир топ уюмдар бар. Алардын саны 7-8ге жетет.

- Дегеле ушул уюмдардын ишмердүүлүгүн күчөтпөөнүн кандай механизмдери бар?

Каныбек Осмоналиев: Террористтик-экстремисттик деп Жогорку Соттун чечими чыккандан кийин булар менен күрөшүүнүн бардык мыйзамда берген ыкмалары колдонулат. Анын ичинен баракчаларды жасап, же таратып жаткан учурларда кармала турган болсо сөзсүз сот жообуна тартылат.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG